Макалага коюлган талаптар

Макалага коюлган негизги талаптар

“Чыгыш таануунун маселелери” журналына материал жөнөтүү үчүн авторлор Ош мамлекеттик университетинин илимий журналдарынын электрондук системасында (https://journal.oshsu.kg/index.php/orientalstudiesкаттоодон өтүшү керек. Кол жазма менен иштөө этаптарында редакциянын, автордун жана рецензенттердин ортосундагы байланыш Open Journal System системасынын ушул электрондук платформасы аркылуу, ал эми өзгөчө учурларда электрондук почта аркылуу ишке ашырылат.

Кол жазмалар .doc жана .docx форматында аларды журналдын веб-сайтына (Open Journal System) жүктөө аркылуу жөнөтүлөт.

“Чыгыш таануунун маселелери” журналында оригиналдуу илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын камтыган илимий макалалар, концептуалдык жана теориялык анализдер, басылмаларга рецензиялар, илимий баяндамалар ж.б. жарыяланат.

Журнал башка мезгилдүү басылмаларда мурда жарыяланбаган оригиналдуу макалаларды гана жарыялайт. Үч тилде – кыргызорус жана англис тилдеринде макалаларды басып чыгарат, материалдар жарыялоого акысыз кабыл алынат.

Илимий макала төмөнкүлөрдү чагылдырышы керек:

  • маселенин коюлушу, анын актуалдуулугу жана илимий жаңылыгы;
  • коюлган маселени талдоо;
  • маселени чечүү боюнча авторлордун сунуштары;
  • корутундулар, күтүлгөн эффект.

Баардык макалалар http://plagiat.oshsu.kg сайтындагы “Антиплагиат” программасы аркылуу милдеттүү түрдө текшерүүдөн өткөрүлөт. Макала текстинин талап кылынган оригиналдуулугу 70% кем эмес болушу керек. Ошондой эле авторлор Этикалык жоопкерчилик туурасында арыз менен автордук укук формасынын авторлор тарабынан кол коюлган жана сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсүн (pdf же jpeg форматында) жөнөтүшү керек.

 “Чыгыш таануунун маселелери” журналына материал жиберген баардык авторлор “Чыгыш таануунун маселелери” журналын басып чыгаруунун этикасы жөнүндөгү Жободо белгиленген баардык милдеттерди өзүнө алат жана өздөрүнүн материалдарынын редакцияланышына макул болушат деп эсептелет.

Жарыяланган материалдардын авторлору келтирилген фактылардын, цитаталардын, жеке фамилиялардын жана башка маалыматтардын тандалышы жана аныктыгы үчүн, ошондой эле ачык жарыялоого жатпай турган маалыматтардын мазмуну үчүн жооптуу болот.

Берилген материалдар ушул талаптарга ылайык даярдалышы керек. Рецензенттердин жана редакторлордун түзөтүүлөрү 30 күндүн ичинде оңдолуп, кайрадан системага жүктөлүшү керек. Эгер талаптар аткарылбаса, редакция алдын ала кароого дуушар кылбастан макаланы четтөө укугун колдоно алат.

Редакцияга келген материалдарды жарыялоонун болжолдуу мөөнөтү келип түшкөн күндөн тартып 6 айга чейин созулушу мүмкүн. Бир жолу четтелген макаланы журналга кайра жөнөтүүгө болбойт.

Автор ошондой эле илимий изилдөөсүнүн каржылоо булагын көрсөтүүгө милдеттүү.

 

Техникалык талаптар

Титулдук бет

  1. Макаланын башында Универсалдуу ондук классификациялык (УДК) номери көрсөтүлүшү абзел.
  2. Макаланын аталышы макаланын оригиналдуу тилинде болушу керек, Times New Roman шрифтинде, баш тамгалар менен, ортого иреттүү, калың жана 12-өлчөм шрифт менен жазылууга тийиш.
  3. Автор/авторлор жөнүндө маалымат оң капталга иреттүү, нормалдуу 12-өлчөм шрифт менен жазылууга тийиш. Автор/авторлор жөнүндө маалымат төмөнкү формада берилет: аты-жөнү, илимий даражасы, кызматы жана наамы, иштеген жери, Email, ORCID ID номери.
  4. Аннотацияда макаланын негизги темасы, проблемасы, изилдөөнүн максаты жана натыйжалары кыскача баяндалышы керек. Аннотация макаланын тиешелүү илим тармагындагы башка изилдөөлөргө салыштырганда кандай жаңылык камтыганын көрсөтүп турат, адабиятка шилтемелер берилбейт, кыскартуулар колдонулбайт. Аннотация 100-200 сөздөн туруп, 10-өлчөм шрифт жана 1.0 саптар аралык интервалы менен жазылууга тийиш.
  5. Ачкыч сөздөр (5-8 сөз) макаланын негизги мазмунун жана изилдөөнүн предметтик чөйрөсүн чагылдырышы керек.
  6. “Чыгыш таануунун маселелери” журналы кыргызорус жана англис тилдеринде макалаларды кабыл алат. Ошондон улам, жогоруда саналган баардык пункттар журналдын берки эки тилине которулууга тийиш. Мисалы, эгер макала кыргыз тилинде болсо, анда макаланын аталышы, автор(-лор) тууралуу маалыматтар, аннотация жана ачкыч сөздөр орус жана англис тилдерине которулушу керек болот.
  7. Титулдук бетте 1.0 саптар аралык интервалы колдонулушу керек. (Мукаба үлгүсү)

 

Текст

  1. Макаланын көлөмү (анын аталышын, авторлору жөнүндө маалыматтарды, аннотацияларды, ачкыч сөздөрдү, адабияттар тизмесин кошпогондо) 3.000 сөздөн кем эмес жана 9.000 сөздөн ашпоого тийиш.
  2. Барактын боштук талаалары: сол четинен 3 см, оң четинен 1,5 см, үстүнкү жана астыңкы четинен 2 см.
  3. Макаланын тексти Times New Roman шрифтинде, 12-өлчөмдө, 1.15 саптар аралык интервал менен, абзацтар ортосундагы интервал 0 пт чейин жана 12 пт кийин жазылууга тийиш.
  4. Абзацтын биринчи сабы 1 см ичкериден башталышы керек.
  5. Текст ичинде кандайдыр бир сөздү бөлүп көрсөтүү керек болсо, ал жоон же асты сызылган эмес, курсив менен берилиши керек.
  6. Эскертүү жана кошумчалар бет-асты түшүндүрмө менен берилүүсү керек. Бет-асты түшүндүрмө (ар бир барактын төмөн жагында жайгаштырылган текстке эскертүү же түшүндүрмө) Times New Roman шрифти менен, 10-өлчөмдө жана 1.0 саптар аралык интервалы менен жазылууга тийиш.

 

Бөлүм аталыштарынын тартиби

  1. Изилдөө макалалары төмөнкү бөлүмдөрдө түзүлүшү керек: Киришүү, Метод, Анализ, Жыйынтык, Корутунду, Талкуу жана Сунуштар.
  2. Концептуалдык жана теориялык талдоолордо, рецензия же башка ушул сымал макалаларда бөлүмдөр мазмунга ылайык жайгаштырылышы мүмкүн.
  3. Бөлүм аталыштары калың Times New Roman шрифти менен, 12-өлчөмдө, 1.15 саптар аралык интервалы менен жана сол капталга иреттүү жазылышы керек.
  4. Бөлүм аталыштары үчүн үч баскычтуу система иштейт. Биринчи даражадагы бөлүмдөр калың шрифт менен жазылып, сол капталга иреттелиши керек. Экинчи даражадагы бөлүмдөр калың курсив менен жазылып, сол капталга иреттелиши керек. Үчүнчү даражадагы бөлүмдөр курсив менен жазылып, сол капталга иреттелиши керек. Мисалы:

Биринчи даража: Географический очерк Мавераннахра

Экинчи даража: Средняя Азия до XII века

Үчүнчү даража: Туркестан под владычеством монголов

 

Таблицалар жана сүрөттөр

  1. Таблица менен сүрөттөр текстте эскерилген бетте берилип номерлениши керек.
  2. Таблицанын аталышы (төмөндөгү мисалдагыдай) таблицанын жогору жагында орун алып, сол капталга иреттүү жана 11-өлчөмдөгү шрифт менен жазылышы керек.

Таблица 1. Стресс менен күрөшүүдө өзүн-өзү сыйлоо жана динге баш калкалоо ортосундагы байланыш

  1. Таблицанын ичиндеги текст 10-өлчөмдөгү Times New Roman шрифти, 1.0 саптар аралык интервалы менен болуусу керек.
  2. Сүрөттүн аталышы (төмөндөгү мисалдагыдай) сүрөттүн ылдый жагында болуп, ортого иреттүү жана 11-өлчөмдөгү шрифт менен жазылышы керек.

Сүрөт 1. Өзүн-өзү сыйлоо жана стресс менен күрөшүүнүн катышы

 

Библиографиялык шилтемелер жана адабияттар тизмеси

  1. Библиографиялык шилтемелер, бет-асты түшүндүрмө жана адабияттар тизмеси APA цитаталоо стандарттарына ылайык форматталат. Текст ичиндеги шилтемеде, мисалда көрсөтүлгөндөй, автордун фамилиясы, чыгарманын жарык көргөн жылы жана бетинин номери көрсөтүлүшү керек:

(Алтымышева, 2018, б. 166).

  1. Интернеттен алынган маалыматтарга шилтеме жасаганда иштин аталышы, негизги маалымат булагынын URL дареги жана кашаанын ичинде кайрылган датасы көрсөтүлөт. Интернеттен алынган маалыматтар бет-асты түшүндүрмөдө берилет. Мисалы:

Иштин аталышы, URL: http://www.oshsu.kg/ (Кайрылган датасы: 19.05.2019).

  1. Ар бир макаланын аягында адабияттар тизмеси болушу керек.
  2. Адабияттар тизмеси 12-өлчөмдөгү Times New Roman шрифтинде, 1.0 саптар аралык интервалында, абзацтар ортосундагы интервал 0 пт чейин, 12 пт кийин жазылууга тийиш.
  3. Тизмедеги ар бир адабияттын экинчи жана андан кийинки саптары 1 см ичкериден башталышы керек.

 

Текст ичинде шилтеме берүүгө мисалдар

Библиографиялык шилтемеде автордун фамилиясы, чыгарманын жарык көргөн жылы жана беттин номери көрсөтүлүшү керек. Макаланын автору тарабынан жазылбаган, б.а. башка адамдардын ойлору жана идеялары колдонулган ар бир абзац же сүйлөм үчүн шилтеме берилиши керек.

  1. Жалгыз автор:

(Алтымышева, 2013, б. 245)

Алтымышеванын (2013, б. 245) айтымында...

  1. Эки автор:

(Алтымышева ж-а Осмонов, 2004, б. 87)

Алтымышева жана Осмонов (2004, б. 87) айткандай...

  1. Үч жана андан көп автор:

(Алтымышева ж.б., 2019, б. 305)

Алтымышева ж.б.лар (2019, б. 305) айткандай...

  1. Бир автордун бир жылда жарык көргөн бир нече эмгегине шилтеме жасалган учурда шилтемелер алфавиттик номерлөө менен бөлүнүшү керек:

(Осмонов, 2009а)... (Осмонов, 2009б)

  1. Бир кашаанын ичинде берилген бир нече шилтеме авторлордун фамилияларына ылайык алфавиттик тартипте жана чекиттүү үтүр менен ажыратылышы керек:

(Алтымышева, 2013, б. 245; Осмонов ж-а Мелисбеков, 2012, б. 49; Турсунов, 2000, б. 109)

  1. Ссылки на разные учреждения, приводятся с полным названием при первом упоминании, и аббревиатурой в следующих упоминаниях:
  2. Мекемеге шилтемелер алгачкы эскерилүүдө толук аты менен, кийинкилеринде кыскартуу менен берилет:

(Билим берүү жана илим министрлиги [БИМ], 2008)... (БИМ, 2008)...

(Улуттук аттестациялык комиссия [УАК], 2021)... (УАК, 2021)...

  1. Нормативдик укуктук актылар:

(Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 1993)

(Адам укуктарынын жалпы декларациясы, 1948)

 

Адабияттар тизмесинде APA колдонуунун мисалдары

Библиография “Колдонулган адабияттар” деп аталып, алфавиттик тартипте жайгаштырылат. Адегенде орус жана кыргыз (кириллица) тилдериндеги булактар берилип, андан кийин чет тилдердеги (латынча) булактар жайгаштырылат. Латын эмес алфавиттеги булактар (мисалы, кытай жана араб тилдери) өзүнүн оригиналында берилип, андан соң милдеттүү түрдө журналдын жумушчу тилдеринин бирине (орус, кыргыз же англис) которулуусу керек. Мисалы:

孙吉胜. 中国国际话权的塑造提升路经:以党的十八大以来的中国外交实践为列. 世界经济与政治, 2019年第3期, 第19-43页

Jisheng, S. (2019). China’s Approach to Shape and Improve Its International Discursive Power: Diplomatic Practice Since the 18th Party Congress as an Example. World Economics and Politics, №3, pp. 19-43. (In Chin.)

Бир авторлуу монография:

Блахинцев, Д.И. (1993). Труды по методологическим проблемам физики. Москва: Издательство МГУ.

Bauman, Z. (2005). Globalization: The human consequences. Cambridge: Polity Press.

Эки авторлуу монография:

Урстанбеков, Б.У., Чороев, Т.К. (1990). Кыргыз прозасы. Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясы.

Үч жана андан көп авторлуу монография:

Клюня, В.Л., Черновалов, А.В., Черновалова, Ж.В., Шмарловская, Г.А. (2006). История экономический учений. Минск: Новое знание.

Jenkins, H., Purushotma, R., Weigel, M., Clinton, K., Robinson, A. J. (2009). Confronting the challenges of participatory culture: Media education for the 21st century. Cambridge: The MIT Press.

Башка тилдерден которулган китеп:

Бор, Н. (1961). Атомная физика и человеческое познание (Котор.: В.А. Фок, А.В. Лермонтова). Москва: Издательство иностранной литературы.

Эмгектер жыйнагы (редакция):

Дынкин А.А., Иванова Н.И. (Ред.) (2014). Глобальная перестройка. Москва: Весь Мир.

Hopf, T., Bentley, A. (Eds.) (2016). Making identity count: Building a national identity database. Oxford: Oxford University Press.

Жыйнактагы макала же бөлүм:

Загорский, А.В. (2013). “Военная безопасность в Арктике”. И.С. Иванов (Ред.), Арктический регион: проблемы международного сотрудничества (сс. 256-269). Москва: Аспект-Пресс.

Kim, S. (2006). “Chinese Foreign Policy Faces Globalization Challenges”. In A.I. Johnston & R.S. Ross (Eds.), New Directions in the Study of China’s Foreign Policy (pp. 276-308). California: Stanford University Press.

Китепке рецензия:

Dent-Read, C., & Zukow-Goldring, P. (2001). Is modeling knowing? [Review of the book, Models of cognitive development, by K. Richardson]. American Journal of Psychology, №114, pp. 126-133.

Эгер макаланын DOI номери болсо, ал шилтемеге сөзсүз киргизилиши керек. DOI номери жок болуп, бирок макала онлайн жеткиликтүү болсо, мезгилдүү басылманын башкы бетинин URL дареги көрсөтүлүшү керек.

Бир авторлуу макала:

Эндрюшко, А.А. (2017). Теоретические подходы к изучению адаптации мигрантов в принимающем обществе: зарубежный опыт. Вестник Института социологии, №23, бб. 45-70.

Jisheng, S. (2019). China’s approach to shape and improve its international discursive power: Diplomatic practice since the 18th Party Congress as an example. World Economics and Politics, №3, pp. 19-43.

2-7 авторлуу макала:

Яковлев, П.П., Яковлева, Н.М. (2020). Протестный потенциал Латинской Америки: региональный срез глобального феномена. Мировая экономика и международные отношения, т. 64, №7, бб. 89-99, https://doi.org/10.20542/0131-2227-2020-64-7-89-99.

Van Dijck, J., Nieborg, D. (2009). Wikinomics and its discontents: A critical analysis of Web 2.0 business manifestos. New Media & Society, Vol. 11, №5, pp. 855-874. Available at: https://doi:10.1177/1461444809105356.

8 жана андан көп авторлуу макала:

Wolchik, S. A., West, S. G., Sandler, I. N., Tein, J. Y., Coatsworth, D., Lengua, L., ... Griffin, W. A. (2000). An experimental evaluation of theory-based mother and mother-child programs for children of divorce. Journal of Consulting and Clinical Psychology, №68, pp. 843-856.

Конференциянын материалдары:

Тамкович, А.М. (2012). Миграция между Россией и Европейским союзом. Материалы Всероссийской научной конференции молодых специалистов “Россия в системах международных связей: экономика, политика, безопасность” (бб. 65-72). Москва: ИМЭМО РАН.

Диссертация, автореферат:

Evans, T. J. (1996). Elementary teachers’ and principals’ perceptions of principals leadership style and school social organization (Doctoral Dissertation). Western Michigan University, Kalamazoo, Michigan.

Zhaparaliev, Sh. (2020). Uluslararası haberlerde siyasal yanlılık: CNN, Russia Today ve TRT World örnekleri (Doktora Tezi). Anadolu Üniversitesi, Eskişehir.

Энциклопедия, сөздүк:

Юдахин, К.К. (1965). Киргизско-русский словарь. Москва: Советская энциклопедия.

Советский энциклопедический словарь (1983). Москва: Наука.

Отчеттор ж.б. корпоративдик тексттер:

YÖK, (1998). Eğitim fakültesi öğretmen yetiştirme lisans programları. Ankara: YÖK. Erişim adresi: http://www.yok.gov.tr/egitim/ogretmen/ogretmen_yetistirme_lisans_programlari.htm.

MEB, (2009). Milli Eğitim Bakanlığı 2010-2014 stratejik planı. Ankara: MEB Yayını.

Мыйзам, Жарлык жана Токтом сыяктуу юридикалык тексттер:

Milli Eğitim Temel Kanunu (1973). Resmi Gazete. Yayım Tarihi: 24.06.1973. Sayısı: 14574. Numarası: 1739.