Жарыялоо этикасы

«Чыгыш таануунун маселелери» илимий журналынын редакциялык кеңеши эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алынган, атап айтканда, Басылма этикасы боюнча комитеттин Committee on Publication Ethics (COPE) сунуштарында чагылдырылган басылма этикасынын принциптерин карманат.

Басма ишинде абийирсиз иш-аракеттерди (плагиат, жалган маалыматтарды берүү ж.б.) болтурбоо максатында, илимий басылмалардын жогорку сапатын камсыз кылуу, автор тарабынан алынган илимий натыйжалардын коомчулук тарабынан таанылышы үчүн редакциялык кеңештин ар бир мүчөсү, автор, рецензент, басып чыгаруучу, ошондой эле басып чыгаруу процессине катышкан мекемелер этикалык нормаларды, эрежелерди жана ченемдерди сактоого жана аларды бузууга жол бербөө үчүн бардык акылга сыярлык чараларды көрүүгө милдеттүү. Бул процесстин бардык катышуучулары тарабынан илимий басылмалардын этикасынын эрежелеринин сакталышы авторлордун интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарын камсыз кылууга, басылмалардын сапатын жогорулатууга жана жеке адамдардын кызыкчылыгында автордук укук менен корголгон материалдарды кыянаттык менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга жардам берет.

Илимий этиканын принциптерин, стандарттарын жана нормаларын бузуунун далилдүү фактысы табылган макаланын авторуна(-лоруна), илимий этиканын принциптерин, стандарттарын жана нормаларын бузуу фактысы(-лары) аныкталган күндөн тартып алдыңкы 3 календардык жыл бою «Чыгыш таануунун маселелери» журналына жана Ош мамлекеттик университетинин башка илимий журналдарына макала берүүгө тыюу салынат.

 

  1. Автордун басма этикасынын принциптери

Автор (же авторлор жамааты) «Чыгыш таануунун маселелери» илимий журналына материал жөнөтүп жатып, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларынын жаңылыгы жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тарта турганын билет, бул болсо төмөндөгү принциптердин сакталышын туюндурат:

1.1. Макаланын авторлору изилдөөнүн ишенимдүү жыйынтыктарын бериши керек. Атайылап ката же бурмаланган маалыматтар болбошу керек.

1.2. Авторлор кол жазмада берилген изилдөөнүн натыйжалары толугу менен оригиналдуу экендигине кепилдик берет. Башка булактардан алынган үзүндүлөр же билдирүүлөргө милдеттүү түрдө шилтеме берилүүсү шарт. Шилтемелерге ашыкча орун берүү, ошондой эле ар кандай формадагы плагиат, анын ичинде шилтемесиз цитаталар, башка адамдардын изилдөөлөрүнүн натыйжаларын ыйгарып алуу этикага туура келбейт жана кабыл алынбайт. Редакциялык кеңеш шилтемесиз цитаталарды плагиат катары карайт.

1.3. Авторлор кол жазмада анык фактыларды жана маалыматтарды гана келтириши керек; ачык жазуу жүзүндөгү уруксатысыз жеке алынган маалыматты колдонбоо жана маалыматтарды жасалмалоого жана бурмалоого жол бербөө керек. Шектүү булактардан алынган маалыматтар кол жазманы даярдоодо колдонулбашы керек.

1.4. Басылмалардын кайталануусуна жол бербөө (автор коштомо катында чыгарманын биринчи жолу басылып жатканын көрсөтүшү керек). Эгерде кол жазманын айрым элементтери мурда жарыяланган болсо, анда автор мурунку чыгармага шилтеме жасап, жаңы чыгарма менен мурунку чыгарманын ортосундагы айырмачылыктарды көрсөтүшү керек.

1.5. Авторлор башка журналга жөнөтүлгөн жана каралып жаткан кол жазманы, ошондой эле мурун башка журналда жарыяланган макаланы тапшырбашы керек.

1.6. Изилдөөнүн жүрүшүнө тигил же бул жол менен таасир эткен бардык адамдардын салымын таануу зарыл, атап айтканда, макалада изилдөөнү жүргүзүүдө маанилүү болгон эмгектерге шилтеме берилиши керек.

1.7. Авторлор үчүнчү тараптын изилдөөлөрүн сынга алууда же комментарий берүүдө этикалык нормаларды сакташы керек.

1.8. Макаланын авторлоштору катары изилдөөгө олуттуу салым кошкон баардык адамдар көрсөтүлүшү керек. Авторлоштордун арасында изилдөөгө катышпаган адамдарды көрсөтүүгө жол берилбейт.

1.9. Авторлор редколлегия менен рецензенттердин эмгегин сыйлап, алар көрсөткөн кемчиликтерди түзөтүүлөрү же жүйөөлүү түшүндүрмө келтириши керек.

1.10. Авторлор кол жазманы журналда кабыл алынган эрежелерге ылайык даярдоосу жана тапшырышы керек.

1.11. Эгер автор макаланы кароо стадиясында же жарыялангандан кийин олуттуу каталарды же так эместиктерди тапса, бул тууралуу журналдын редакциясына дароо билдирүүгө милдеттүү.

 

  1. Рецензенттин ишмердүүлүгүндөгү этикалык принциптер

Рецензент автордук материалдарга илимий экспертиза жүргүзөт, ошондуктан анын иш-аракеттери төмөнкү принциптерди ишке ашыруу аркылуу калыс болууга тийиш:

2.1. Карап чыгууга келип түшкөн кол жазма конфиденциалдуу документ катары каралышы керек жана редакциянын уруксаты жок үчүнчү жактарга кароого же талкууга берилбейт.

2.2. Рецензенттер аларга жөнөтүлгөн кол жазмалар авторлордун интеллектуалдык менчиги болуп саналаарын жана купуя маалымат катары жашыруун сакталышы керек экенин билиши керек. Рецензент макалада камтылган материалдарды ишенимсиз же бурмаланган деп ырастаганда гана купуялуулукту бузууга туура келет.

2.3. Рецензент башкы редактордун көңүлүн кол жазманын башка чыгармалар менен олуттуу же жарым-жартылай окшоштугуна, ошондой эле ушул же башка авторлордун эмгектеринде мурда жарыяланган корутундуларга же аргументтерге шилтеме берилбегендигине бурууга тийиш.

2.4. Рецензент макалада шилтеме берилбей кеткен тиешелүү эмгектерди белгилеши керек.

2.5. Рецензент каралып жаткан кол жазманын изилдөө натыйжаларына таасир эте турган, бирок автор(лор) тарабынан колдонулбаган илимий эмгектерди көрсөтүүсү керек.

2.6. Эгер рецензенттин кол жазмада плагиат, шилтемесиз булактар, жалган жана жасалма материалдар же изилдөөлөрдүн натыйжалары бар деп айтууга жүйөлүү негиздер болсо, анда ал кол жазманы басып чыгарууга жол бербөөгө жана илимий этикалык принциптердин бузулуп жаткандыгы жөнүндө журналдын редакторуна билдирүүгө тийиш.

2.7. Рецензент кол жазмага объективдүү жана жүйөлүү баа берүүгө милдеттүү. Автордун өздүгүнө карата сынга жол берилбейт.

2.8. Рецензенттин сын-пикирлери жана каалоолору кол жазманын илимий деңгээлин жогорулатууга багытталып, объективдүү жана принципиалдуу болууга тийиш.

2.9. Рецензент конкреттүү фактылардын негизинде чечим кабыл алышы керек жана өз чечимине далилдерди келтириши керек.

2.10. Рецензенттерге жеке максаттары үчүн кол жазманын көчүрмөсүн чыгарууга уруксат берилбейт.

2.11. Рецензенттер макала жарыяланганга чейин анын мазмунундагы маалыматтарды пайдаланууга укугу жок.

2.12. Өзүнүн пикири боюнча, кол жазманы баалоо үчүн жетиштүү квалификациясы жок же автор же уюмга карата кызыкчылыктардын кагылышуусунан улам объективдүү боло албаган рецензент, бул тууралуу редакцияга билдирип, макаланы кароодон баш тартуу өтүнүчү менен кайрылуусу керек.

2.13. Макаланы баалоо – купуялуу процесс болуп эсептелет. Рецензенттин толук аты-жөнү журналдын жооптуу катчысына жана башкы редакторуна гана белгилүү. Бул маалымат ачыкталбайт.

 

Кызыкчылыктардын кагылышы

Басылма этикасы боюнча комитеттин (COPE) берген аныктамасы боюнча, кызыкчылыктардын кагылышы – бул авторлордун, рецензенттердин же редакциялык кеңештин мүчөлөрүнүн жарыялана турган материалга карата алардын пикирине таасир эте турган кызыкчылыктары бар конфликттик кырдаал. Кызыкчылыктардын кагылышы рецензенттин жана редколлегия мүчөлөрүнүн илимий пикирине, анын натыйжасында кол жазманы басып чыгарууга карата редакциялык кеңештин чечимине таасир этиши мүмкүн болгон финансылык, жеке же кесиптик шарттардан келип чыгышы мүмкүн.

Журналдын жооптуу редактору кол жазманы басып чыгаруу процессинин баардык катышуучуларынан кызыкчылыктардын кагылышын ачыкка чыгарууну талап кылышы керек.

Илимий редактор, редакциялык кеңештин мүчөсү жана рецензенттер редакциялык кеңештин чечимине кандайдыр бир таасир этиши мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө билдирүүгө тийиш. Редколлегиянын мүчөлөрү кол жазманын авторунун(-лорунун) изилдөөлөрүнүн натыйжалары менен байланышкан кандайдыр бир атаандаштык мамиледе болсо, же башка кызыкчылыктардын кагылышы болсо, кол жазманы кароодон баш тартууга тийиш.

Журналга кол жазмасын жөнөткөн автор(-лор) макалада жүргүзүлгөн изилдөөнүн баардык каржы булактарын көрсөтөт. Ошондой эле кол жазмага карата кызыкчылыктардын кагылышын жаратышы мүмкүн болгон ар кандай коммерциялык, финансылык, жеке же кесиптик факторлор бар экенин көрсөтөт. Автор(-лор) коштомо катында, кызыкчылыктардын кагылышынан улам кол жазмага объективдүү баа бере албашы мүмкүн болгон окумуштууларды атаса болот.

Рецензент авторлордун бири менен атаандаштык, кызматташуу же башка мамилелерден келип чыккан кызыкчылыктардын кагылышына алып келиши мүмкүн болгон кол жазмаларды карабашы керек.

Кол жазманын мазмуну менен кызыкчылыктардын кагылышы болгон учурда жооптуу редактор бул тууралуу илимий редакторго билдирүүгө милдеттүү, андан кийин илимий редактор кол жазманы карап чыгууну башка редакторго/рецензентке тапшырат.

Карап чыгуу жана рецензиялоо процессинин катышуучуларынын ортосунда кызыкчылыктардын кагылышынын болушу кол жазма четке кагылат дегенди билдирбейт.

Баардык кызыкдар тараптар, кол жазманы жарыялоонун бардык этаптарында ар кандай түрдөгү кызыкчылыктардын кагылышынан мүмкүн болушунча качышы керек. Кызыкчылыктардын кагылышы пайда болгон учурда бул абалды байкаган адам дароо редакцияга билдирүүгө милдеттүү. Бул нерсе илимий этиканын принциптерин, стандарттарын жана нормаларын бузган ар кандай башка учурларга да тиешелүү.