КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН НЕГИЗГИ ЭТАПТАРЫ ЖАНА ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ДООРУ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948653_2026_1_24Ачкыч сөздөр:
кыргыздар, мамлекеттүүлүк, этаптар, кайра жаралуу, совет доору, эгемендүүлүк, көз карандысыздык, Кыргыз РеспубликасыАннотация
Белгилүү болгондой, кыргыздар Борбордук Азия аймагынын гана эмес, бүткүл дүйнөнүн эң байыркы элдеринин бири болуп саналат. Анткени миңдеген жылдар бою татаал тарыхый-саясий процесстерди башынан өткөрүп, өзүнүн этникалык аталышын, өзгөчөлүгүн жана маданий салтын сактап калган кыргыздар сыяктуу элдер өтө сейрек кездешет. Биздин эл чындап эле байыркы эл болуп, аймактык маанидеги тарыхый процесстерге, аскерий-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий окуяларга активдүү катышып келген.
Кыргыздар жөн гана байыркы этнос эмес, алар эң алгачкы доорлордон тартып өзүнүн мамлекеттүүлүгүнө ээ болгон эл. Бул мамлекеттүүлүк байыркы «Кыргыздардын ээлиги», «Гяньгунь мамлекети», «Хягас мамлекети», «Кыргыз го» – Кыргыздардын падышалыгы, орто кылымдардагы «Енисей кыргыз каганаты» жана «Кыргыздардын улуу державасы» сыяктуу мамлекеттик түзүлүштөр аркылуу көрүнгөн.
XX кылымдагы көп баскычтуу кайра жаралуу мезгилинде кыргыз мамлекеттүүлүгү алгач Түркстан АССРи (1918-ж.), Түркстан АССРинин курамындагы Кыргыз тоолуу автономиялуу облусун түзүү боюнча ийгиликсиз аракет (1922-ж.), андан кийин РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу (1924-ж.), Кыргыз АССРи (1927-ж.) жана 1936-жылы Кыргыз ССРи катары кайра жанданды.
Эгемендүүлүктүн жана көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында мамлекет Республика Кыргызстан деп аталып, 1993-жылы жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин расмий түрдө Кыргыз Республикасы деп атала баштаган.
Макала дал ушул этаптардын бардыгын изилдөөгө арналган..
Библиографиялык шилтемелер
Абытов Б.К. «Государственность кыргызов: проблемы, признаки и этапы» (III в. до н.э. – Х в.). Авторский курс лекций. – Ош, 2003. – С. 7–17.
Абытов Б.К. Государственность кыргызов… – С. 14–15.
Асанканов А., Осмонов О. История Кыргызстана (с древнейших времен до наших дней). Учебник для высших учебных заведений. – Бишкек, 2002. – С. 97–98.
Барс-бег каган кыргызов. – Бишкек, 2003. – С. 33–34.
Бартольд В.В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. – Бишкек, 1996. – С. 200.
Бичурин Н.Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. – М.–Л., 1950. – Т. 1. – С. 350–355.
Большая советская энциклопедия. – М., 1976. – Т. 29. – С. 182.
Восточные авторы о кыргызах. – Бишкек, 1994. – С. 5–7, 24.
Декларация о государственной независимости Республики Кыргызстан. – Бишкек, 31 августа 1991 года № 578-XII // https://cbd.minjust.gov.kg/913/edition/283835/ru/
Закон Республики Кыргызстан от 15 декабря 1990 года № 273-XII. Декларация о государственном суверенитете Республики Кыргызстан // https://cbd.minjust.gov.kg/4-4960/edition/714644/ru
Кыргызская государственность в ХХ веке. – Бишкек, 2003. – С. 452–453.
Кыргызы. Источники. История. Этнография. – Бишкек, 1996. – С. 10–15.
Материалы по истории сюнну. – М., 1969. – С. 41–43.
Сыма Цянь. Избранные. – М., 1970; Исторические записки. – М., 1972, 1975. – Т. 1–2.
Худяков Ю. Кыргызы на просторах Азии. – Бишкек, 1995. – С. 60.
Кроль Ю. Сыма Цянь – историк. – М., 1970.