АНГЛИЯЛЫК САЯКАТЧЫ РОБЕРТ ШОУ, КАШКАРГА БИРИНЧИ ЖОЛУ БАРГАН ЖАНА АНЫН ЧЫГЫШ ТҮРКСТАНДАГЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948653_2026_1_15Ачкыч сөздөр:
Роберт Баркли Шоу, Якуббек Бадаулет, Йеттишахар мамлекети, Британ империясы, Россия империясы, Улуу оюн, Форсайт миссиясы, англо-кашкар келишимиАннотация
Бул макалада Кашкарга барган алгачкы англиялык саякатчылардын бири Роберт Баркли Шоунун Чыгыш Түркстандагы ишмердүүлүгү жана Йеттишахар мамлекетинин тышкы саясатындагы ролу талданат. Изилдөө XIX кылымдын экинчи жарымында Борбордук Азияда калыптанган «Улуу оюн» геосаясий кырдаалынын алкагында жүргүзүлгөн.
Шоунун саякаты учурунда топтогон саясий, экономикалык жана географиялык маалыматтарынын Чыгыш Түркстанга карата Британ Индиясынын өкмөтүнүн саясий чечимдерин кабыл алуусуна тийгизген таасири ачып көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, салыштырма талдоонун негизинде Якуб бек Бадаулеттин Улуу Британия менен байланыш түзүүсү Йеттишахар мамлекетинин эл аралык абалын бекемдөөгө, Россия тарабынан болгон кысым шартында тең салмактуулукту сактоого, ошондой эле аскердик-техникалык ресурстарды алуу жолдорун издөөгө багытталгандыгы көрсөтүлөт.
1872-жылдагы орус-кашкар келишими менен 1874-жылдагы англия-кашкар келишиминин мазмундук айырмачылыктары алардын дипломатиялык макамы жана саясий жыйынтыктарынын негизинде каралат.
Жыйынтыгында Роберт Баркли Шоунун Йеттишахар мамлекетинин тышкы байланыштарын кеңейтүүдө жана британ-кашкар мамилелерин калыптандырууда маанилүү ортомчу болгондугу негизделет.
Библиографиялык шилтемелер
Исиев, Д. А. (1981). Уйгурское государство Йэттишар (1864–1877). Москва: Наука.
Ураков, Д. Ж. (2021). Туркистон генерал-губернаторлигининг қўшни давлатлар билан сиёсий ва иқтисодий алоқалари. Тошкент: Lesson Press.
Boulger, D. C. (1878). The life of Yakoob-Beg: Athalik Ghazi and Badaulet, Ameer of Kashgar. London: W.H. Allen & Co.
Hopkirk, P. (1990). The Great Game: On secret service in High Asia. London: John Murray.
Kim, H. (2004). Holy war in China: The Muslim rebellion and state in Chinese Central Asia, 1864–1877. Stanford, CA: Stanford University Press.
Rawlinson, H. C. (1875). England and Russia in the East: A series of papers on the political and geographical condition of Central Asia. London: John Murray.
Shaw, R. B. (1871). Visits to High Tartary, Yarkand, and Kashgar (formerly Chinese Tartary), and return journey over the Karakoram pass. London: John Murray.
Sobirov, S. A. (2025). The relations between the British Empire and the state of Yettishar. Ilmiy xabarnoma. Seriya: Gumanitar tadqiqotlar – Scientific Bulletin. Series: Humanitarian Studies, 5(89), 36–43.