АСАНАКУН РЫСМЕНДЕЕВ – УЛУУ ЖЕҢИШКЕ ӨЗ САЛЫМЫН КОШКОН БААТЫР
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948653_2025_1_22Ачкыч сөздөр:
тарыхнаама, Кыргызстандын тарыхы, социалдык, маданий, Жети-Өгүз, аймак таанууАннотация
Быйыл, 2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет. Бул чоң тарыхый маараке – биздин ата-бабаларыбыздын эрдигин, кайраттуулугун жана мекенге болгон сүйүүсүн эскерүү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул улуу Жеңишке Совет эли, анын ичинде кыргызстандык жоокерлер да эбегейсиз салым кошкон. Жүздөгөн миңдеген кыргызстандык аскерлер фронтко аттанып, алардын көпчүлүгү согуш талаасында курман болушкан. Биз бул жеңишти аталарыбыздын төгүлгөн каны, элдин сабырдуулугу жана кайраттуулугу менен жеттик. Согушка, Кыргызстан бир катар баатырларын берген, алардын катарында легендарлуу Панфилов дивизиясынын жоокерлери, ал дивизиянын түптөөчүлөрүнүн бири Асанакун Рысмендеев да бар эле. Асанакун Рысмендеев – кыргыз элинин белгилүү уулу, Улуу Ата Мекендик согуштун каарманы, саясий жана аскердик ишмер. Ал мекени үчүн өмүрүн арнаган, согушта эрдик көрсөткөн чыгаан инсандардын бири. Анын өмүр жолу патриотизмдин, кайраттуулуктун жана мекенге берилгендиктин үлгүсү болуп кала берет.
Библиографиялык шилтемелер
Элеманова, Р. Т. Великий шелковый путь: краткий исторический обзор // Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана №1-2, 2007. 141-б.
Осмонов, Ө. Ж. Кыргызстандын тархы. – Бишеке, 2017. – 404
Осмонов, Ө. Ж. Кыргызстандын айылынын социалдык турмушу (1966–1985-жж.): Окуу куралы / Ө. Ж. Осмонов. – Фрунзе, 1993. – 210
Бактыгулов, Дж. С. Советтик Кыргызстандын калкынын социалдык составынын өзгөрүшү / Дж. С. Бактыгулов. – Фрунзе, 1980. – 139
Асанканов, А. Социально-культурное развитие современного киргизского сельского населения / А. Асанканов. – Фрунзе, 1989. – 150
Калык Мамбетакунов — сын старшего брата Асанакуна Рысмендеева, сын Мамбетакуна, из его интервью для рубрики «История и судьба» на радио «Азаттык» [Электрондук ресурс]. Режим доступа: https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan--wwii--asanakun-rysmendeev/30592551.html - Загл. с экрана. (дата обращения: 16.02.2025).