Ч.АЙТМАТОВДУН СОГУШ ТЕМАСЫНДАГЫ ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ АВТОБИОГРАФИЗМДИН ЭЛЕМЕНТТЕРИ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948653_2025_1_4Ачкыч сөздөр:
автобиографизм, согуш темасы, идеология, трансформация, сюжет, эс тутум, образ, факты, актуалдуулук, элементАннотация
Макалада Ч.Айтматовдун чыгармачылыгындагы автобиографизм маселеси “Эрте келген турналар” повестинин мисалында талданды. Согуш темасындагы чыгармаларынын жаңычылдыгы советтик мезгилдин идеологиялык фонунда каралды. Биографиялык жеке материалдардын көркөм трансформациясы тексттик талдоо-салыштыруулар менен бекемделип, анализ жасалды.Автордун биографиялык материалы повестте каармандардын аң-сезиминин чагылдырылышы катары берилген. Эгер көркөм чыгарманы бүтүндүк катары карасак, эс тутум сюжетти өнүктүрүүнүн, образды толук кандуу жаратуунун куралы катары кызмат кылат. Ошондой эле турмуштук реалдуу фактыларды субьективдүү аңдоодон башка да чыгарманын маани-мазмунун тереңден түшүнүүгө шарт түзөт.Ошондой эле согуш темасындагы чыгармаларды жаратуунун, окутуунун актуалдуулугу да мисалдар менен тастыкталды.Иликтөөнүн негизинде Ч.Айтматовдун чыгармачылыгындагы автобиографизмдин элементтери, анын чыгарманын контекстиндеги орду, кызматы тууралуу илимий корутунду чыгарылды.
Библиографиялык шилтемелер
Айтматов Ч. Чыгармалар жыйнагынын 8-томдук жыйнагы.3-том. – Б.: 2014.
Айтматов Ч. Чыгармалар жыйнагынын 8-томдук жыйнагы.4-том. – Б.: 2014.
Айтматов Ч. В соавторстве с землею и водою. – Ф., 1978.
Акматалиев Абдылдажан. Кыргыз адабияты:тарых жана мезгил – Б., «YRASYA JAYINCILIK», 2010.
Артыкбаев К.Мезгил элестери. –Ф.:1979.
Асаналиев К. Көркөм нарк. –Ф., 1988.
Медарич М. Автобиография – автобиографизм. – Санкт.-Петербург, 1998.
Согуш темасы маданиятта кандай чагылдырылууда? https://www.azattyk.org/a/Kyrgyzstan_ulture/2035317.html
Чекиров К. Улуу ата мекендик согуштун бүтпөгөн суроолору, чечилбеген талашы. https://www.bbc.com/kyrgyz/world-48197921
Осекова, А. К. Согуш темасынын Чынгыз Айтматовдун чыгармаларында берилиши / А. К. Осекова // Вестник Ошского государственного университета. – 2021. – Vol. 2, No. 4. – P. 1071-1076. – DOI 10.52754/16947452_2021_2_4_1071. – EDN JDDNXD.