КЫТАЙ ТОЙ САЛТТАРЫНЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ ЖАНА КАЛЫПТАНУУСУ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948653_2024_1_10Ачкыч сөздөр:
маданият, каада-салт, тарых, үрп-адат, үйлөнүү-үлпөт тою, нике, ырым-жырымАннотация
Бул илимий макала Кытай өлкөсүнүн той салттарынын келип чыгуу тарыхы жана калыптануусу жөнүндө болмокчу. Кытай цивилизациясынын узак тарыхы бар, аны менен катар үйлөнүүгө байланыштуу каада-салттар да өнүгүп, бүгүнкү күнгө чейин өнүгүп келе жатат. Үйлөнүү үлпөтү салттуу кытай маданиятынын бир бөлүгү. Бирок анын көптөгөн майда-чүйдөлөрү, ошондой эле нике кыюунун социалдык-маданий функциялары уланып жаткан изилдөөлөрдүн алкагынан тышкары бойдон калууда. Кытайдын байыркы салттуу үйлөнүү ырым-жырымдарынын жана үрп-адаттарынын келип чыгышын, ошондой эле алардын маданий коннотацияларын изилдөө үйлөнүү үлпөтүнүн улуттук түшүнүгүнүн өзгөчөлүгүн түшүнүү, үй-бүлөдөгү жана коомдогу эркек менен аялдын ролунун өзгөрүшүн аныктоо үчүн зарыл деп эсептелинет. Мындан тышкары, жаштарды ата-бабаларынын үйлөнүү каада-салттары менен тааныштыруу жаштар арасында нике баалуулуктары системасын жайылтууга жана аял-эркек ортосундагы мамилени туура түшүнүүгө жардам берери баса белгиленген. Кытай мамлекетинде каада-салт өзгөчө той салттары чоң мааниге ээ.
Библиографиялык шилтемелер
https://ekd.me/2017/06/kitajskaya-svadba-tradicii-obryady/
История Китая, Ред. А.В. Меликсетов. Москва. 1998. С. 34
Хуа Мэй Одежда и украшения Бишкек 2015г с.23
Ван Сюевэнь Китайские праздники Москва 2010г с. 50
Людмила Мартьянова Народные традиции Китая 2017г с. 200
Фэн, Ц. Свадебная обрядность китайцев: от древности до наших дней / Ц. Фэн // Вестник Ошского государственного университета. – 2020. – Т. 2, № 1-4. – С. 246-250. – EDN: QDIIVK.