Журнал жөнүндө

“Чыгыш таануунун маселелери” илимий журналы университеттин илимий журналдарынын импакт-факторун жогорулатуу жана келечекте эл аралык илимий базаларга киргизүү саясатын ишке ашыруу максатында ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2020-жылдын 3-февралында түзулүп, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Каттоо номуру 10214, 3-февраль 2020-жыл.

Журнал кыргыз, орус, англис, араб, түрк, перс, япон, корей жана кытай тилдеринде макалаларды жарыялайт. Материалдар акысыз негизде кабыл алынат. Журнал макалаларды жөнөтүү, аларды кароо жана жарыялоо үчүн акы албайт. Авторлорго сый акы төлөнбөйт.

Журнал жылына 2 жолу чыгат (кошумча атайын чыгарылыштар болушу мүмкүн).

“Чыгыш таануунун маселелери” журналы өзүнүн расмий сайтына ачык кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Бул дүйнөлүк илимий коомчулукка журналга кеңири маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Журнал BOAI Будапешт демилгесинде иштелип чыккан ачык жеткиликтүүлүк саясатын карманат жана өзүнүн контентине ачык кирүү мүмкүнчүлүгүн берип, дүйнөлүк деңгээлде билим алмашууга жана изилдөө натыйжаларын жайылтууга жардам берет. Журнал жарыяланган материалдардын максималдуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу саясатын жүргүзөт. Журналдын баардык контенти интернетте окуу, жүктөп алуу, көчүрүү, жайылтуу, басып чыгаруу үчүн ачык. Ар бир колдонуучу сайт ичинде издөө жасап, макалалардын толук текстине шилтеме жасай алат же аларды, эч кандай каржылык, юридикалык же техникалык тоскоолдуктар болбосо, башка мыйзамдуу максаттарда колдоно алат.

Окурмандар жана авторлор журналдын веб-сайтынан журналдын учурдагы санынын электрондук версиясын жана мурунку басылмалардын архивдерин эркин көрүп жана жүктөп ала алышат. Creative Commons Attribution License (CC BY-NC 4.0) лицензиясынын шарттарына ылайык, журналдын баардык басылмалары электрондук түрдө бекер жана чектөөсүз таратылат.

“Чыгыш таануунун маселелери” журналындагы макалалардын авторлору эмгектери менен бирге журналга басып чыгаруу укугун өткөрүп беришет, аны Creative Commons Attribution License (CC BY-NC 4.0) лицензиясы менен лицензиялаган болушат. Жарыяланган эмгектин автордук укук ээси болуп басып чыгаруучу Ош мамлекеттик университети эсептелет.

Журналдын материалдарынын электрондук версиялары https://journal.oshsu.kg/index.php/orientalstudies сайтында коомдук доменде жайгаштырылган.

CrossRef менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык  журналга 10.52754 номурлуу DOI префикси ыйгарылган. Ушул келишимдин негизинде “Чыгыш таануунун маселелери” журналына чыккан ар бир макалага DOI номуру берилет.

Негиздөөчүсү

Ош мамлекеттик университети.