КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ АРАБИЗМДЕР: ТАРЫХЫ, КОЛДОНУЛУШУ ЖАНА ОРДУ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948653_2025_2_35Ачкыч сөздөр:
кыргыз тили, арабизмдер, маданияттын исламдашуусу, кыргыз коому, ислам диниАннотация
Бул изилдөөдө авторлор араб тилинин кыргыз тилине тийгизген таасиринин кеңдигин изилдешкен. Кыргыз тилине араб тилинен кирген сөздөрдүн тарыхы, колдонулушу жана орду терең маданий жана тарыхый байланышты чагылдырат. Араб тили кыргыз тилине негизинен ислам дини аркылуу кирген. Араб тилинин азыркы Кыргызстандын жашоо образына, билим берүү системасына жана исламдык каржы системасына тийгизген таасири аныкталган. Изилдөөчүлөр ар кандай изилдөө ыкмаларын, анын ичинде лексиографиялык анализ жана этимологиялык анализ ыкмасын колдонушкан. Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Кыргызстанда адамдын калыптанышына, коомдо өз ордун табууга туура багыт берген ислам дини кайра жанданып, салттуу ислам өсүп келе жаткан муундун арасында кеңири жайылууда. Коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөр эң оболу тилге чоң таасирин тийгизери жалпыга маалым. Азыркы коомдун адеп-ахлактык-руханий, коомдук-саясий, илимий-агартуу турмушунун арабдашуусу кыргыз тилинин арабдашуусуна алып келүүдө. Арабизмдер туруктуу жана үстөмдүк кылуучу позицияны ээлеп, кыргыздар арабизмдерди көбүрөөк колдоно башташты. Айрыкча, арабизмдердин морфологиялык жана фонетикалык өзгөрүүсүз, араб тилиндеги түп нускасында колдонулушу басымдуулук кылууда.
Библиографиялык шилтемелер
Абдиев, Т., (2020). К.К. Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндөгү» арабизмдер. Бишкек. https://new.bizdin.kg/kniga/arabizmy-v-kyrgyzsko-russkom-slovare-k-k-yudakhina
Абдурахманова, Х.Т., Атакулова, М.А., Шерматова, Ф.С. (2022). Арабские лексемы в репрезентации концепта «билим» (знание) в кыргызской языковой картине мира // Международный журнал экспериментального образования. № 2. С. 15-20; URL: https://expeducation.ru/ru/article/view?id=12075 (дата обращения: 14.03.2025). DOI: https://doi.org/10.17513/mjeo.12075
Аксой, М. (2015). Араб жана түрк тилдеринин кыскача тарыхы жана дүйнө тилдеринин арасында ээлеген орду. 60-63-б. БГУнун жарчысы.
Акылбекова, З. (1966). Арабизмдер // Борбордук Азия жана Түштүк Сибирь түрк тилдеринин калыптануу булактары. Фрунзе. 230-277.
БУУнун Араб тилин расмий тил деп кабыл алган Токтому (1973-жыл, 18-декабрь). https://docs.un.org/en/a/res/3190(xxviii)
Дыйканов, К. (1980). Кыргыз тилинин тарыхынан. Фрунзе.
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын отчету, http://religion.gov.kg/en
Маанаев, Э. (2012). Кыргызстандагы идеологиялык абал жана анын келечеги. Бишкек.
Сапарбаев, А. (1997). Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразелогиясы. Бишкек.
Юдахин, К.К. (1965). Киргизско-русский словарь. Москва: Советская энциклопедия.
Юнусалиев, Б.М.,(1959). Киргизская лексикология. Часть 1. Фрунзе.
Astari, R., Betty, B., Haji, S., Firdaus, W., & Choirul, M. 2020. Understanding Quran Word of Khiftum. Humanities and Social Sciences reviews. 8(3): 1177-1188.
Mahfud,Ch., Astari, R., Kasdi, A., Mu'ammar, M.A., Muyasaroh,M., and Wajdi, F.(2021). Islamic cultural and Arabic linguistic influence on the languages of Nusantara; From lexical borrowing to localized Islamic lifestyles. 224-248. https://doi.org/10.17510/wacana.v22i1.914
Sapir, E. (1921). Language. An Introduction to the Study of Speech. New York: Harcourt, Brace.
Usubaliev, E. (2017). “Muslim Identity” and the Poltical Process in Kyrgyzstan. https://usubaliev-institute.org/2017/05/15/muslim-identity-and-the-political-process-in-kyrgyzstan/ (дата обращения: 14.03.2025).