Эки контурлуу күн суу жылытуу коллекторлорунун элементтериндеги жылуулук жоготууларын эсептөө методологиясын иштеп чыгуу

Авторлор

  • Султанов Сайит STEM инновациялык колледжи, ОшМУ
  • Кенжаев Идирисбек ОшМУнун математика, физика, инженердик жана маалыматтык технологиялар институту
  • Турсунбаев Жанболот Ош технологиялык университети
  • Рыскулов Ильяс Институт инновационных технологий и энергетики

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948645_2025_4(1)_70

Ачкыч сөздөр:

күн радиациясы; жылуулук берүү коэффициенти; жылуулук алмашуу; жылуулук балансы; жылуулук кабыл алуучу бети; конвекция; радиация

Аннотация

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын, атап айтканда, күн коллекторлорун пайдаланууга кызыгуунун жогорулашынын шартында алардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу милдети өзгөчө мааниге ээ болууда. Мындай орнотмолордун жалпы иштешине таасир этүүчү негизги факторлордун бири конструкциялык элементтер аркылуу жылуулукту жоготуу болуп саналат. Бирок иш жүзүндө ар кандай типтеги коллекторлор үчүн бул жоготууларга так баа берүүгө мүмкүндүк берген универсалдуу методдор жетишсиз. Бул ар кандай конструкциядагы орнотууларга колдонулуучу ийкемдүү ыкманы иштеп чыгууну талап кылат, бул изилдөөнүн актуалдуулугун аныктайт. Изилдөөнүн максаты күн суу жылытуу коллекторлорунун элементтериндеги жылуулук жоготууларын эсептөө методологиясын иштеп чыгуу жана анын эффективдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна түздөн-түз таасир этүүчү факторлорду аныктоо болгон. изилдөөлөр эсептөө жана аналитикалык изилдөө ыкмаларын жана термодинамикалык талдоо ыкмаларын колдонгон; алардын негизинде коллектордук элементтердеги жылуулук жоготуулары боюнча толук маалымат алынган. Изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча, жылуулук жоготууларынын маанилерине жана кош контурлуу суу жылытуу коллекторлорунун эффективдүүлүгүнө таасир этүүчү негизги факторлор күн радиациясынын тыгыздыгы, айлана-чөйрөнүн температурасы жана жумушчу суунун экендиги аныкталган. Алынган натыйжалар коллектордун структуралык элементтери аркылуу жылуулук жоготууларынын маанилерин аныктоого мүмкүндүк берет. Жылуулуктун эң чоң жоготуулары коллектордун бет капталынан байкалаары аныкталган. Жылуулук балансынын теңдемеси түзүлүп, сууну жылытуу үчүн күн коллекторлорунун жылуулук диаграммасы келтирилген. Айлана-чөйрөнүн температурасына жана шамалдын ылдамдыгына жараша жылуулук берүү коэффициентинин өзгөрүүсү теориялык жактан изилденген. Изилдеенун журушунде алынган натыйжалар сууну жылытуучу кун коллекторлорунун конструкцияларын мындан ары иштеп чыгуу жана еркундетуу учун илимий мааниге ээ. Атап айтканда, жылуулук жоготууларынын коллектордун бетинин структуралык өзгөчөлүктөрүнөн көз карандылыгы конвективдик жоготууларды азайтуу үчүн аны оптималдаштырууга көңүл бурууга мүмкүндүк берет. Бул мындай установкаларды долбоорлоодо кыйла натыйжалуу инженердик чечимдерди иштеп чыгуу үчүн негиз түзөт жана күн коллекторлорунун жаңы конструкцияларын моделдөө, эсептөөлөр жана сыноолордо колдонулушу мүмкүн

Библиографиялык шилтемелер

Al-Mamun MR, Roy H, Islam MS, Ali MR, Hossain MI, Aly MAS et al. State-of-the-art in solar water heating (SWH) systems for sustainable solar energy utilization: A comprehensive review. Sol Energy. 2023;264:111998. DOI: 10.1016/j.solener.2023.111998

Bouhdjar A, Semai H, Amari A. New technique to evaluate the overall heat loss coefficient for a flat plate solar collector. J Energy Technol. 2023;14(1):11–25. DOI: 10.18690/jet.14.1.11-25.2021

Khayriddinov BE, Ergashev SH, Ganiyev SYu. Mathematical modeling of the heat accumulation system in a hot water collector using solar energy. Int J Adv Res Sci Eng Technol. 2023;10(8):20918–23.

Roy R, Kundu B. Appropriate transient thermal analysis of an absorber plate in flat-plate solar collectors from beginning to end operational conditions. J Mod Thermodyn Mech Syst. 2022;1–33. DOI: 10.48550/arXiv.2110.00837

Kalair AR, Seyedmahmoudian M, Saleem MS, Abas N, Rauf S, Stojcevski A. A comparative thermal performance assessment of various solar collectors for domestic water heating. Int J Photoenergy. 2022;(1):9536772. DOI: 10.1155/2022/9536772

Temirbaeva N, Sadykov M, Osmonov Zh, Osmonov Y, Karasartov, U. Renewable energy sources in Kyrgyzstan and energy supply to rural consumers. Mach Energy. 2024;15(3):22–32. DOI: 10.31548/machinery/3.2024.22

Beringer J. Solar thermal systems for space heating in cold climates: A validated case study from Kyrgyzstan [Bachelor thesis]. Ingolstadt: Technische Hochschule Ingolstadt; 2022.

Duffy JA, Beckman WA. Thermal processes using solar energy. Moscow: Mir; 1997. 420 P.

Avezov RR. Solar heating and hot water supply systems. Tashkent: Fan; 2008. 288 P.

Ismanzhanov AI, Sultanov SK. Study of the technical and economic characteristics of solar water-heating installations made from alternative materials. Appl Sol Energy. 1999.

Ismanzhanov AI, Sultanov SK. Comparative operating characteristics of solar water-heating collectors. Appl Sol Energy. 2001.

Patent KR No. 1706. Solar water heating installation ISR-1. Bishkek, Kyrgyzstan; 2014. 6 P.

Patent No. 5284. Solar water heater. Republic of Uzbekistan; 1998. 4 P.

Patent No. 5930. Solar water-heating collector. Republic of Uzbekistan; 1999. 4 P.

Patent KR No. 1605. Solar water heating installation. Bishkek, Kyrgyzstan; 2012. 4 P.

Klychev ShI, Kenzhaev IG, Bagyshev AS, Bakhramov SA, Kadyrgulov DE. Thermal losses of a three-layer underground cylindrical heat accumulator of solar installations. Appl Sol Energy. 2020;57(6):523–7. DOI: 10.3103/S0003701X21060116

Dyikanov E. Renewable energy and energy efficiency in the Kyrgyz Republic [Internet]. Astana: Energy Charter Secretariat; 2013 Oct 7 [cited 2025 March 7]. Available from: https://www.energycharter.org/fileadmin/DocumentsMedia/Events/20131007-9RECA_S2_EDyikanov_ru.pdf

Beckman WS, Klein J, Duffy J. Calculation of solar heating systems. Moscow: Energoizdat; 1982. 280 P.

Rakhimov DM. (2024). Optimisation of parameters of solar water heating installation with intensive water heating. Res Focus Int Sci J. 2023;2(12):22–6.

Omorov TT, Rakhimov DM. Development and research of low-inertia solar water heating plant. Int Sci J. 2023;2(4).

Tursunbaev JJ, Matisakov TK, Ergashov MO. Mathematical model for solar heat supply system with siphon effect. Proc Univ Kyrgyzstan. 2023;(5).

Eze F, Egbo M, Anuta UJ, Ntiriwaa OB, Ogola J, Mwabora J. A review on solar water heating technology: impacts of parameters and techno-economic studies. Bull Natl Res Cent. 2024;48:29. DOI: 10.1186/s42269-024-01187-1

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2026-03-05

Кандай шилтеме берүү керек

Сайит , С., Идирисбек , К., Жанболот , Т., & Ильяс , Р. (2026). Эки контурлуу күн суу жылытуу коллекторлорунун элементтериндеги жылуулук жоготууларын эсептөө методологиясын иштеп чыгуу. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Математика. Физика. Техника, (1(6), 70–80. https://doi.org/10.52754/16948645_2025_4(1)_70