Журнал жөнүндө
“Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Математика. Физика. Техника” илимий журналы университеттин илимий журналдарынын импакт-факторун жогорулатуу жана келечекте эл аралык илимий базаларга киргизүү саясатын ишке ашыруу максатында ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2022-жылдын 20-апрелиндеги 7-протоколунун негизинде түзүлгөн.
“Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Математика. Физика. Техника” илимий журналы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Каттоо номуру 10296, 15-июнь 2022-жыл.
Журнал үч тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде макалаларды жарыялайт. Материалдар акысыз негизде кабыл алынат. Журнал макалаларды жөнөтүү, аларды кароо жана жарыялоо үчүн акы албайт. Автордук сый акы төлөнбөйт.
Журнал жылына 2 жолу чыгат (кошумча атайын чыгарылыштар болушу мүмкүн).