ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ЖЫЛДАРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН «ЛЕГЕНДАРЛУУ» ПАРЛАМЕНТИНИН – ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН КАЛЫПТАНЫШЫ ЖАНА АНЫН МАМЛЕКЕТТИК-УКУКТУК РОЛУ

Авторлор

  • Замирбек Кадыров Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/1694867X_2023_1(2)_3

Ачкыч сөздөр:

Кыргызстан, парламент, мыйзам, “легендарлуу парламент”, Жогорку Кеңеш, депутат, демократия, саясат, партия, шайлоо

Аннотация

Маанилүүлүк. 1990-жылдын апрель айынан тарта 1994-жылдын сентябрь айына чейин иштеген он экинчи чакырылган Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү – «легендарлуу» парламент деп аталып калган. Азыркы учурда Кыргызстандын андан аркы оптималдуу өнүгүү жолун издөөдө, өткөн жолдун жана азыркы мезгилдеги өлкөнүн мамлекеттик  курулушунун тажрыйбасын талдоо аркылуу анын баалулугун билүү чоң саясий мааниге ээ болууда. Басып өткөн жолго көз чаптыруу - биздин ата-бабаларыбыздын кылган ишине жалаң эле таазим этпестен, өзүбүзгө пайдалуу сабактарды алып чыгуу. Бул шарт  биздин мамлекетибиздин мындан ары өнүгүүгө багытталган келечектеги маселелерди аныктоо үчүн сөзсүз керектүү. Адамзаттын тарыхы көрсөтүп жаткандай, ар бир өлкө демократияга өз жолу менен барат. Бул жолдо ар бир өлкөнүн өз өзгөчөлүктөрү болот, бул шарт Кыргызстанга да тиешелүү. Буга далил катары 1990-жылдын апрель айынан 1994-жылдын сентябрь айына чейин өз ишин жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын XII чакырылышындагы Жогорку Кеңештин  ишмердүүлүгүн келтирсек.

Библиографиялык шилтемелер

Адылов, Б. Роль «легендарного» Парламента в становлении суверенной Кыргызской Республики [Электронный ресурс]. – Режим доступа: http://easttime.ru/analytics/kyrgyzstan/rol-legendarnogo-parlamenta-v-stanovlenii-suverennoi-kyrgyzskoi-respubliki-chas. – Загл. с экрана.

Арабаев, А. А. Конституционно-правовые основы парламентаризма в Кыргызстане [Текст] / А. А. Арабаев // Материалы научно-практической конференции. – Иссык-Куль, 2009.

Баекова, Ч. Т. Роль «легендарного» парламента в становлении суверенного Кыргызстана [Текст] / Ч. Т. Баекова // Материалы научно-практической конференции. – Иссык-Куль, 2009.

Декларация о государственном суверенитете Республики Кыргызстан [Текст]: Закон Республики Кыргызстан от 15 декабря 1990 года № 273-XII // Норматив. акты Респ. Кырг. – 1990.

Мукамбаев, У. М. О деятельности Законодательного собрания Жогорку Кеңеша Кыргызской Республики первого созыва [Текст] / У. М. Мукамбаев. - Бишкек, 2000.

Боротов, А., & Каримова, Г. (2023). Конституция и законодательный акт. Вестник Ошского государственного университета. Право, 1(2), 1-5. https://doi.org/10.52754/16948661_2023_1(2)_1

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2023-06-22

Кандай шилтеме берүү керек

Кадыров , З. (2023). ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ЖЫЛДАРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН «ЛЕГЕНДАРЛУУ» ПАРЛАМЕНТИНИН – ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН КАЛЫПТАНЫШЫ ЖАНА АНЫН МАМЛЕКЕТТИК-УКУКТУК РОЛУ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Тарых, (1(2), 17–27. https://doi.org/10.52754/1694867X_2023_1(2)_3