«СОЦИАЛДЫК ПАТОЛОГИЯ» ТҮШҮНҮГҮНҮН ЖАНА ФОРМАЛАРЫНЫН ИЗИЛДЕНИШИ

Авторлор

  • Шекербубу Дыйканова Ош мамлекеттик университети
  • Баяман Нурбай уулу Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/1694867X_2023_1(2)_2

Ачкыч сөздөр:

жүрүм-турум нормалары, социалдык патология, аномалия, нормадан четтеген жүрүм-турум, девианттык жүрүм-турум, адеп-ахлактын бузулушу

Аннотация

Маанилүүлүк. Бул макалада социалдык патология түшүнүгүнө берген окумуштуулардын аныктамалары, социалдык патологиянын пайда болушу жана формалары, агрессивдүү жүрүм-турумдун социалдык патология катары эсептелүүсүнүн факторлору, психотроптук заттардын инсандын саламаттыгына жана психикасына тийгизген таасири жөнүндө маалымат камтылды. Демек, «социалдык патология» түшүнүгүнүн мазмуну «социалдык» жана «патология» түшүнүктөрүнүн мазмуну менен байланышкан. «Социалдык патология» деген терминдин өзү эле күмөндүү, анткени, ал кабыл алынган социалдык нормалардан же мыйзам чыгаруу жыйындары ойлоп тапкан мыйзамдардан четтөөлөр менен байланышкан. Ошентип, коомдук мыйзамдардагы чаташуу, алардагы объективдүү  жана субъективдүү чаташтыруу, адегенде «патология» терминин, андан кийин «норма» терминин таанууга алып келет. Ар бир адам өзүнүн жашоосунда тигил же бул ооруну башынан өткөргөн. Булар адамдын оорулары. Демек, адам биологиялык да, социалдык да ооруларды баштан кечирет, антпесе адам өзүнүн коомдук табиятынан ажырап калышы мүмкүн.

Библиографиялык шилтемелер

Большой толковый социологический словарь. - М.: АСТ, Вече. Дэвид Джери, Джулия Джери. 1999.

Пирогов, К. С. Социальная философия / К. С. Пирогов. - СПб., 2006.

Социология: теория, история, методология: учебник / под ред. Д. В. Иванова. - СПб.: Изд-во С.-Петерб. ун-та, 2019. - 480 с.

Тульчинский, Г. Л. Постчеловеческая персонология / Г. Л Тульчинский. - СПб., 2002.

Акматалиев, А., Камбарова, Н., & Карабаева, С. (2022). Социальный кризис – необходимое условие для формирования новых элементов. Вестник Ошского государственного университета, (2), 108-118. https://doi.org/10.52754/16947452_2022_2_108. EDN: WXHKWL.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2023-06-22

Кандай шилтеме берүү керек

Дыйканова , Ш., & Нурбай уулу , Б. (2023). «СОЦИАЛДЫК ПАТОЛОГИЯ» ТҮШҮНҮГҮНҮН ЖАНА ФОРМАЛАРЫНЫН ИЗИЛДЕНИШИ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Тарых, (1(2), 11–16. https://doi.org/10.52754/1694867X_2023_1(2)_2