КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ОРУС ЧИРКӨӨСҮНҮН ТАРЫХЫ ЖАНА БҮГҮНКҮ КҮНДӨГҮ АБАЛЫ (АКСЫ РАЙОНУНУН ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛЫНЫН МИСАЛЫНДА)
DOI:
https://doi.org/10.52754/1694867X_2023_1(2)_1Ачкыч сөздөр:
орус чиркөөсү, Аксы аймагы, Жерге-Тал (Успеновка) айылы, монастырь, поптордун үйү, орус дарагы, басмачылык кыймылАннотация
Маанилүүлүк. Биздин изилдөөбүз Аксы районунун Жерге-Тал айылында жайгашкан 1888-1905-жылдарга таандык орус элинин провославдык чиркөөсүнүн тарыхы тууралуу болмокчу. Анткени, өткөн кылымдын тарыхый бай мурасы азыркы учурда авариялык абалда. 2023-жылдын июль айында эл арасынан оозеки тарых жыйналып, колдогу болгон илимий адабияттарга жана интернет булактарындагы материалдарга салыштырмалуу изилденди. Успеновкадагы 3 имарат (чиркөө, монастырь - динге кызмат кылуучулардын жашаган үйү (кечил жана поп)) архитектуралык комплекс гана болбостон граждандык согуш мезгилинде басмачылардан жергиликтүү жашоочуларды сактап калгандыгы тууралуу маалымдалат. Ал эми орус жана украин калкынын Жерге-Талга келип калышынын себеби 1886-жылы Падышачылык Россиянын көчүрмө кылуу саясатынын негизинде азыркы аймактарга келип отурукташкандыгы боюнча дагы кызыктуу оозеки тарых баяндалат. Мужуктардын айылы, орус дарагы, кайналы ж.б. бак-дарактар боюнча өтө кызыктуу айтымдар тууралуу дагы сөз болот.
Библиографиялык шилтемелер
Пайдаланылган адабияттар
Мадишов, А. Жерге-Талдын тарыхы жана ырлары / А. Мадишов //. Бишкек. 2019.
Муктаров, Т. Жерге-Тал айылы. Энциклопедия / Т. Муктаров // Бишкек.:Турар, 2012.
Орозов, А. Чаткал районунун энциклопедиясы / А. Орозов // Бишкек, 2015.
Интернет булактары
Нурумбетов Жаналы. Линский тууралуу баян. https://www.facebook.com/groups/kyrgyzuluttuk/posts/2021728338066695/.
Мадишов, А. Жерге-Тал айылы/Биздин айыл КТРК// http://youtu.be/KAOEcKLpHyA.
Успение Богородицы, https://ru.wikipedia.org/wiki/; https://ruvera.ru/uspenie_bogorodicy.
Мадишов А., https://www.youtube.com/watch?v=bg0RiGAk-Nw.
Автордун талаа материалдары (информаторлор)
Азимходжаев Шамиль. Аксы району, Жерге-Тал айылы. 2023-ж.
Баленкова (Литовченко) Валентина. Россия Федерациясы, Ростов областы, Сальский район, с.Екатериновка. 2023-ж.
Бибик Валерий. Россия Федерациясы, Воронеж, 2023-ж.
Мадишов Анарбек. Аксы району, Жерге-Тал айылы, 2023-ж.
Нарымбетов Талантбек. Аксы району, Жерге-Тал айылы, 2023-ж.
Нарымбетов Канат. Аксы району, Жерге-Тал айылы, 2023-ж.
Стамкулов Канатбек. Аксы району, Жерге-Тал айылы, 2023-ж.