АЛАЙКУУЛУК АЙТЫЛУУ АЙТМЕРЕК КОРБАШЧЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/1694867X_2025_1(6)_8Ачкыч сөздөр:
Айтмерек корбашы, “басмачылар кыймылы”, ляшкар башы, мужахид, Кеңеш бийлиги, Фергана, Алайкуу, Чыгыш ТүркстанАннотация
Маанилүүлүк. Фергана өрөөнүндө бийлике келген большевиктерге каршы “басмачылар кыймылы”, советтик тарыхнаамада марксттык таптык күрөш теориясынын алкагында антисоветтик реакциялык кыймыл катары бир тараптуу бурмаланып келген. Эгемендиктин алгачкы жылдарында өзгөчө Өзбекстандын тарыхчы окумуштуулары тарабынан бул кыймыл оруссия оторчулугуна, Кеңеш бийлигине каршы жергиликтүү калктын азаттык жана элдик-боштондук кыймылы катары баа бериле баштады. Дал ушул жаңы өңүттөгү концепциянын алкагындагы изилдөөлөрдө, Түркстандагы жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү басмачылардын катарына ыктыярдуу кошулгандыгы да азыр ачыкка чыкты. Бирок, “басмачылар кыймылын” колдоп кубаттап турган жергиликтүү калк, Кеңеш бийлигинин акырындап чыңдалышы менен кыймылды колдоодон баш тартты. Граждандык согуштан чарчап-чаалыккан жергиликтүү калк Кеңеш бийлигинин партиялык, социалдык, экономикалык-чарбалык реформаларына жапырт тартыла баштады. Бирок, бул тынчтык өкүмү узака созулган жок. 1926-жылдан тарта Кыргыз автономиясынын түштүк аймагында кайрадан басмачылар кыймылынын оту тутанды. Өрөөндөгү басмачылардын согуш майданы, Кыргызстандын түштүк аймагынын Кытай, Ооган өлкөлөрү менен чектешкен тоолу райондоруна өттү. Изилдөөбүздүн максаты тарыхый булактардын жана архив маалыматтардын алкагында, Алайкуу аймагынан чыккан теги баргы Айтмерек корбашы Токтоманжыевдин согуштук аракеттерине жана сырдуу өлүмүнүн таржымалын ачып берүү.
Библиографиялык шилтемелер
Жаркынбаев Т.Ж. Краткая история басмаческого движения в Ферганской долине (1918-1924 гг.) Архивные документы, материалы, фотографии и комментарий. –Ош, 2024. 47-48 бб. (макаланын автору)
Музипов Г.Схватка. //Чекисты огненных лет. Сборник очерков и воспоминаний. –Фрунзе. 1976, 133-136 бб.
Разак уулу Дастанбек Туркестандан Туркияга (Turkistan dan Turkiye ye) - Istanbul, 2021. 40-41 бб.
Разак уулу Дастанбек Туркестандан Туркияга.... 65-68 бб.
Макаревич В. Расплата. //Чекисты огненных лет. Сборник очерков и воспоминаний. –Фрунзе. 1976, 79 б.
О.Ибраимов.Басмачылар баяны: Айтмерек, Абдыш... https://www.Azattyk.org/a/kyrgyzstan_history_militants/24658850.html 27.07. 2012
