XVIII К. ОРТОСУНДА АЖЫБИЙДИН КОКОН ХАНДЫГЫ ЖАНА ЦИН ДИНАСТИЯСЫ МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕСИ – ИРДАНАНЫН ОШТУ БАСЫП АЛУУСУНУН МИСАЛЫНДА
DOI:
https://doi.org/10.52754/1694867X_2025_1(6)_1Ачкыч сөздөр:
Адыгине уруу биримдиги, Цин империясы, Кокон, ОшАннотация
18-кылымдын орто ченинде Цин империясы Жунгар хандыгын жана Чыгыш Түркистанды өзүнө каратып жаткан учурда, Чыгыш Түркистандын батышындагы Фергана өрөөнү жана Алай тоо кыркаларында аралаш жайгашкан Ирдана бек башында турган Кокон менен Ажыбий башында турган Адыгине кыргыздарынын ээликтери бул аймактагы эки чоң күчтүү бийлик болгон. Бул эки ээлик экономикалык жана саясий жактан бири-биринен көз каранды болуп, бири-бирин толуктап, бул аймактын саясий жана экономикалык тең салмактуулугун сактап турган. Керек учурда биргелешип тышкы душманга каршы күч бириктирип, жакшы мамиледе болуп турушкан. Тышкы коркунуч жок болгон учурда, экөө тең үчүнчү тарап күчтөрдү бири-бирине каршы колдонуп, Фергана өрөөнүндөгү үстөмдүк үчүн күрөшүүгө аракет кылышкан. Тагыраак айтканда, эки тарап тең керек учурда өз ара кызматташып, сырткы тараптан келген коркунуч жок болгон учурда ич ара атаандаштык мамиледе болгон. Цин бийлиги Жунгар хандыгын жана Чыгыш Түркстанды багындыргандан кийин, Кокон жана Адыгине кыргыздары менен байланыш түзө баштаган, натыйжада Кокон менен Адыгине кыргыздарынын ортосундагы мамиленин нугу кескин түрдө өзгөргөн. Эки тарап тең Цин бийлигинин колдоосун алууга аракет кылышкан. Адыгине кыргыздарынын башчысы Ажыбий Цин империясынын таасирин колдонуу менен Бухарадан Кашгарга чейинки аймактарда жашаган жалпы кыргыз урууларын бирикитирүүгө умтулган. Ал эми Кокондун Ирдана беги болсо өз бийлигинин таасирин жогорулатуу максатында, Бухаранын Цин империясына “багынуусунда” ортомчулук кызмат аткарууга даяр экендигин билдирип, ошондой эле Цин бийлигинин колдоосу менен кыргыздардын күчүн алсыратып, Фергана өрөөнүндө үстөмдүк кылуу максатына жетүүгө аракет кылган. Ал учурда Цин бийлиги өз кызыкчылыгын көздөп саясат жүргүзгөн. Ирдана менен Ажыбийдин ортосундагы атаандаштыкты колдонуу менен, “варвардын колу менен варварды жок кылуу” стратегиясын колдонуп, алгач Кокондун күчү менен Адыгине кыргыздарынын бийлигин алсыратат, тактап айтканда, Ирдананын «кыргыздарды ооздуктоо» ниетин колдонуп, анын Адыгине кыргыздарына кол салуусун колдойт. Натыйжада, Ирдана кыргыздардын Ош ж.б. аймактарын басып алууга аракеттенет, Ажыбийдин Ирдананын бул баскынчылыгына каршы жүргүзгөн жалпы кыргыз урууларынын башын бириктирүү боюнча иш аракеттерине Цин бийлиги тоскоолдук кылат. Жыйынтыгында, Ажыбий башында турган Адыгине кыргыздары алсызданып, Фергана өрөөнүнүн түздүктөрүнөн анын тегерегиндеги тоо аймактарына сүрүлүшөт. Адыгине кыргыздарынын Кокондун баскынчылыгына каршы турууга күчү жетпей калганда, Цин бийлиги саясатын өзгөртүп Ирдананын күчтүү бийлик куруусуна тоскоол болуу максатында, ага каршы кыргыздарды колдонууну көздөйт. Ошондуктан, кыргыздардын тарабын колдоп, Ирдананын Чыгыш Түркистан тарапка чейин жайылып келүүсүн алдын алууга аракеттенет.
Библиографиялык шилтемелер
Бейсембиев, Т.К. (1987). “Тарих-и Шахрухи” как исторический источник. Алма-Ата, изд. Наука КазССР.
Валиханов, Ч.Ч. (1984-1985). (Маргулан, А.Х. ред.). Собрание сочинений в пяти томах. Алма-Ата: Главная редакция Казахской советской энцклопедии.
Гуревич, Б.П. (Ред.)(1989). Международные отношения в Центральной Азии XVII-XVIII вв. Документы и материалы. Кн.:2. Москва: Наука.
Кененсариев, Т. (1997). Кыргыздар жана Кокон хандыгы. Ош: ОшМУ.
Сапаралиев, Д. (1995). Взаимоотношения кыргызого народа с русским и соседними народами в XVIII в. Бишкек: Илим.
“Тарихи Бадакшан” (А.Н.Болдыреванын котормосунда). (1997). Москва: “Восточная литератрура” РАН.
Onuma Takahiro, Kawahara Yayoi, Shioya Akifumi. (2014). An Encounter between the Qing Dynasty and Khoqand in 1759–1760: Central Asia in the Mid-Eighteenth Century. Front. Hist. China. 9(3): 384–408.
Onuma Takarhiro, Noda Jin. (2010). A Collection of Documents from the Kazakh Sultans to the Qing Dynasty. Tokyo: Department of Islamic Area Studies, Center for Evolving Humanities, Graduate School of Humanities and Sociology, The University of Tokyo.
傅恒等撰:《平定准噶尔方略》, 北京:全国图书馆文献缩微复制中心1990年版。Фу Хэн. (1990). Пиндин Чжунгээр Фаньлюе. Пекин: Бүт өлкө китепканаларында сакталган жазма эстеликтерди микрокопиялоо борбору. (кыт.)
《清高宗实录》,北京:中华书局影印1985年版。Циншилу (Цин Гао-цзун шилу). (1985). Пекин: Кытай китеп басамасы. (кыт.)
赵尔巽等:《清史稿》,北京:中华书局,1977年。Чжао Эрсюй. (1977). Циншигао. Пекин: Кытай китеп басамасы. (кыт.)
中国第一历史档案馆:军机处满文录副奏折。Кытайдын биринчи тарыхый архиви [КБТА]: Цзюньцзичу манжурча баяндама каттардын көчүрмөсү [ЦМБКК]. (ман.)
中国社会科学院中国边疆史地研究中心、中国第一历史档案馆合编: 《清代新疆满文档案汇编》,南宁:广西师范大学出版社 2012 年版。Кытай коомдук илимдер академиясына караштуу Кытайдын чек аралаш аймактарындагы тарыхый жерлерди изилдөө борбору, Кытайдын биринчи тарыхый архиви. (2012). Цин доорундагы Синьцзян боюнча манжурча архивдик документтердин жыйнагы [ЦДСБМАДЖ]. Наньнин: Гуанси педагогикалык университетинин басмасы. (ман.)
中国第一历史档案馆译编:《乾隆朝满文寄信档译编》,长沙:岳麓书社2011 年版。Кытайдын биринчи тарыхый архиви. (2011). Цяньлун императордун башкаруу учурундагы манжурча цзисиньдан архивдик документтеринин котормосунун жыйнагы [ЦИБУМЦАДКЖ]. Чанша: Юелу китеп басмасы. (кыт.)
乌云毕力格主编、马子木著:《经略西北:巴达克山与乾隆中期的中亚外交》,上海,上海古籍出版社2019年。Уюнбилиг Борджигидай, Ма Зыму. (2019). Түндүк-батышты багындыруу: Бадакшан жана Цяньлун императордун башкаруу учурундагы Орто-Азия менен дипломатиялык мамилелер. Шанхай: Шанхай байыркы китептер басмасы. (кыт.)
陈柱:《清朝与布鲁特额德格讷部的最初关系》,《中国边疆史地研究》2022年第3期,第100-110页。Чжэн Чжу. (2022). Цин династиясы менен Адыгине буруттарынын алгачкы байланыштары. Кытайдын чек аралаш аймактарындагы тарыхый жерлер боюнча изилдөөлөр. №3, 100-110 бб. (кыт.)
佐口透:《18—19世纪新疆社会史研究》,凌颂纯译,乌鲁木齐,新疆人民出版社1984年。Тору Сагучи. (1984). XVIII-XIX кк. Синьцзяндын коомдук тарыхы боюнча изилдөө (Лин Сунчуньдун котормосунда). Урумчи: Синьцзян элдик басмасы. (кыт.)
