КЫРГЫЗ КООМУНДАГЫ ШАЙЛОО ТАЖРЫЙБАЛАРЫ ЖАНА АЗЫРКЫ КӨЙГӨЙЛӨРҮ (САЯСИЙ-СОЦИОЛОГИЯЛЫК ТАЛДОО)

Авторлор

  • Абдикайым Рысбаевич Жусубалиев Ош мамлекеттик университети
  • Нурканбек Маматович Патиев Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/1694867X_2024_1(4)_16

Ачкыч сөздөр:

шайлоо, шайлоо тажрыйбасы, административдик-саясий башкаруу системасы, Земское башкаруу мекемелери, болуштук шайлоолор

Аннотация

Макалада XIX кылымдын экинчи жарымында Кыргызстандын азыркы территориясы падышалык Россиянын курамына каратылгандан кийин  административдик-саясий башкаруу системасындагы өзгөрүүлөр, киргизилген жаңы башкаруу системасы менен байланышкан саясий өзгөрүүлөр, болуштук шайлоо практикасы талдоого алынган. Анда бул саясий өзгөрүүлөрдүн калктын аң-сезимине, анын жашоо образына, социалдык түзүлүшүнө тийгизген таасирлери каралган. Падышалык бийлик административдик башкаруунун ынтаа коюп иштеген жергиликтүү калктын өкүлдөрүнүн чинин көтөрүү, мураска калтыруу укугу менен пайдаланууга жерлерди берүү, ардак наамдарын ыйгаруу, орден, медалдарды тапшыруу сыяктуу кызыктыруучу практикаларды кеңири колдонгон. XIX кылымдын 2-жарымында түптөлгөн кыргыз коомунун мындай саясий түзүлүшү жана башкаруу системасы 1917-жылдан кийинки Кеңеш бийлигинин киргизилишине чейин дээрлик өзгөрбөй сакталып калган. Бул процесстер, шайлоо практикалары кыргыздар үчүн алгачкы шайлоо тажрыйбалары катары тарыхый мааниге ээ болуп, Улуу Октябрь төңкөрүшүнөн кийин да, азыркы эгемендүүлүк мезгилинде да андагы терс тажрыйбалардын таасири башкаруу системасындагы кээ бир мүчүлүштүктөрдүн башаты болуп калган сыяктуу.

Библиографиялык шилтемелер

Кыргыз Республикасынын Конституциясы. 2021-ж. редакциясына ылайык.

Кененсариев, Т. Кокон хандыгы жана кыргыздар: тарыхты сүйүүчүлөрдүн китеп текчесине. – Ош: ОшМУ басма борбору, 1997. – 64 б.

Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. - Б., 1997

Кубанычбек Уулу, Н. Болуштук жана болуштук башкаруу: XIX К. Аягы - XX К. Башы (Кыргызстандын Түштүк аймактарынын материалдарынын негизинде) / Н. Кубанычбек Уулу // Вестник Ошского государственного университета. – 2023. – No. 4. – P. 47-60. – DOI 10.52754/16948610_2023_4_6. – EDN IHKQAV.

Пален К.К. Сельское управление русское и туземное. Отчет по ревизии Туркестанского края.- СПб.1910.- Т.13.

Материалы по истории политического строя Казахстана.- Алма-Ата, 1960. Т.1.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”. Кыргыз Республикасынын мыйзамы, 16.06.2011ж.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-08-12

Кандай шилтеме берүү керек

Жусубалиев , А. Р., & Патиев , Н. М. (2024). КЫРГЫЗ КООМУНДАГЫ ШАЙЛОО ТАЖРЫЙБАЛАРЫ ЖАНА АЗЫРКЫ КӨЙГӨЙЛӨРҮ (САЯСИЙ-СОЦИОЛОГИЯЛЫК ТАЛДОО). Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Тарых, (1(4), 131–135. https://doi.org/10.52754/1694867X_2024_1(4)_16