ТАШМАНБЕТ КЕНЕНСАРИЕВ ЧЫНЫГЫ ИНТЕЛЛИГЕНТ ЖАНА ПАССИОНАРДЫК ИНСАН

Авторлор

  • Ж.Ж. Жакыпбеков Жусуп Баласагын атындагы КУУ

DOI:

https://doi.org/10.52754/1694867X_2024_1(4)_14

Ачкыч сөздөр:

Ташманбет Кененсариев, илимпоз, Кокон ханлыгы, кыргыздардын тарыхы, илимге кошкон салымы

Аннотация

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тарых илиминин өнүгүү процессинде, анын карама – каршылыктуу, татаал маселелери кайра каралып, ар – бир тарыхый окуянын салмагы, баалуулугу таразаланып, кылдат изилденүүгө багыт коюлуп, жаңыча көз караштагы илимий эмгектер тарыхчылар тарабынан жарыяланып жаткан учур. Макалада ошондой тарыхчылардын бири, тарых илимдеринин доктору, профессор Т. Кененсариевдин тарых илимине кошкон салымы жана анын илимий теориялары, көз караштары тууралуу маалымат берилет. Т.Кененсариев элибиздин Кокон хандыгынан берки тарыхы жөнүндө көптөгөн фундаменталдуу эмгектерди жазган чоң тарыхчы окумуштуу, миңдеген студенттерди тарбиялаган чыгаан педагог, илимдин ондогон кандидаттарын, бир катар докторлорун даярдаган устат. Т.Кененсариев жалаӊ эле Кокон хандыгы эмес, кыргыз элинин XVIII кылымдан – XX кылымга чейинки мезгилиндеги тарыхый окуяларынын талаш-тартыштуу маселелери боюнча да өз позициясын, аналитикалык негиздеги өз көз караштарын берген.

Библиографиялык шилтемелер

Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. – Б. 1997.

Кененсариев Т. Кыргызстан оторчулук доорунда (1855-1917) – Б. 2019.

Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. 3-том.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-08-12

Кандай шилтеме берүү керек

Жакыпбеков , Ж. (2024). ТАШМАНБЕТ КЕНЕНСАРИЕВ ЧЫНЫГЫ ИНТЕЛЛИГЕНТ ЖАНА ПАССИОНАРДЫК ИНСАН. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Тарых, (1(4), 115–122. https://doi.org/10.52754/1694867X_2024_1(4)_14