Т. КЕНЕНСАРИЕВ ЖАҢЫ ДООРДУН ТАРЫХНААМАСЫНДАГЫ ЖАРАТМАН ТАРЫХЧЫ

Авторлор

  • Эрнис Абдыманапович Авазов Жалал-Абад мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/1694867X_2024_1(4)_5

Ачкыч сөздөр:

Т.Кененсариев, жаңы доор, тарыхнаама, жаратман, тарыхчы

Аннотация

Т.Кененсариев Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхын изилдөөгө зор салым кошкон кыргыздын чыгаан окумуштуусу. Макалада кыргыз элинин жаңы мезгилдеги тарыхынын орчундуу маселелерин эмгектеринде чагылдырган чыгаан кыргыз тарыхчысынын кошкон салымы каралат. Т.Кененсариевдин мурасы анын жазган эмгектеринде, тарыхчыны илимге берилген инсан катары мүнөздөгөн кесиптештеринин, замандаштарынын эскерүүлөрүндө сакталып калган. Теманын актуалдуулугу Т.Кененсариевдин өмүрүн жана чыгармачылыгын изилдөө Кыргызстандын тарых илиминин жана тарыхый ойлордун мындан аркы өнүгүшүнө салым кошо тургандыгы менен да мүнөздөлөт. Профессордун Кыргызстанда тарых илиминин жана жогорку тарыхый билим берүүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон салымы баа жеткис. Т.Кененсариев Кокон хандыгынын жана падышалык доордун тарыхын чагылдырууда эбегейсиз жана баалуу илимий мурас калтырган. Т.Кененсариевдин изилдөөлөрү Фергана өрөөнүндөгү боштондук күрөштүн тарыхын жаңыча чагылдырат. Алардын ичинде 1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшү, 1916-жылдагы көтөрүлүш боюнча изилдөөлөрү белгилүү.

Библиографиялык шилтемелер

Б. Торогельдиева. Ташин Кененсариев как ученый внесший значительный вклад в изучении истории Кокандского ханства//Ташманбет Кененсариев тууралуу эскерүүлөр:Илимий эмгектер.Б.,: 2022.

Ж.Жакыпбеков Чабыты кенен ою терең тарыхчы // (Профессор Т. Кененсариевдин инсандык портретине сүртүмдөр)//Ташманбет Кененсариев тууралуу эскерүүлөр.:Илимий эмгектер.Б.,: 2022. 140-б.

Кененсариев Т. Кыргызстан оторчулук доорунда(1855-1917). Бишкек.: Махprint, 2019. 760б.

Кененсариев Т. Анжиян көтөрүлүшү жана колониялык саясат // Все про Ош. 1999.Вып. 2. 68-69-б.

Авазов Э. Анжиян көтөрүлүшү постсоветтик доордог изилдөөлөрдө (тарыхнаамалык сереп)// ОшМУ Жарчысы. 2014. № 4-2. 82-б.

Кененсариев Т.Авазов Э. Анжиян көтөрүлүшү жана кыргыздар.- Ош., 2002, 154 б.

Авазов Э. Чыйбыл болуш жана Анжиян көтөрүлүшү.-Жалал-Абад, 2014.

Авазов Э. Анжиян көтөрүлүшү: Фергана өрөөнүндөгү азаттык күрөштөрүнүн тарыхынан.- Ош, 2016.

Авазов Э.А. 1916-жылдагы Фергана өрөөнүндөгү көтөрүлүш.- Жалал-Абад.-2017.

Кененсариев Т. Кыргызско-Андижанскому восстанию 115 лет http://akipress. org/kghistory/news:13536

Кененсариев Т. Улуу Көтөрүлүштүн өбөлгөлөрү жана себептери //Улуттук боштондук көтөрүлүшкө жана Улуу Үркүнгө 100 жыл: Кыргызстандагы 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдык мааракесине арналган илимий-методологиялык колдонмо. - Бишкек, 2016.11-б.

Кененсариев Т. 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн тарыхый маанисин тастыктоо – учурдун актуалдуу талабы// http://oipikir.barakelde.org/unews/un_post:7020ү 24.11. 2015.

Чоротегин Т. Улуттук боштондук көтөрүлүшкө жана Улуу Үркүнгө 100 жыл: Кыргызстандагы 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдык мааракесине арналган илимий-методологиялык колдонмо. - Бишкек, 2016 .66-67-б.

Молдокасымов К. Агай тууралуу эскерүү өтө аянычтуу)//Ташманбет Кененсариев тууралуу эскерүүлөр:Илимий эмгектер. Б.,: 2022. 4546-б.

Кененсариев Т Опубликованный «доклад Керенского»не является оригиналом, и задача кыргызских историков найти его. http:// kghistory. akipress.org/ unews/un_post:7046/1 Декабрь 2015.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-08-12

Кандай шилтеме берүү керек

Авазов , Э. А. (2024). Т. КЕНЕНСАРИЕВ ЖАҢЫ ДООРДУН ТАРЫХНААМАСЫНДАГЫ ЖАРАТМАН ТАРЫХЧЫ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Тарых, (1(4), 28–37. https://doi.org/10.52754/1694867X_2024_1(4)_5