Н. ИСАНОВ – ЧЫГААН МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА КООМДУК ИШМЕР

Авторлор

  • Махпуратхон Султанова Ош мамлекеттик университети
  • Эльмира Салиева Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/1694867X_2023_2(3)_12

Ачкыч сөздөр:

инженер, курулуш, экономика, облкомсомол, коомдук ишмер, премьер-министр, академик

Аннотация

Макалада кыргыз элинин чыгаан уулу, туңгуч премьер-министр, мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик Насирдин Исановдун эмгек жолу, мамлекеттик ишмердүүлүгү, жасаган эмгектери жөнүндө сөз болот. Н. Исанов 1943-жылы 7-ноябрда Ош областынын Ноокат районундагы Көк-Бел  айылында туулган. 1960-жылы Көк-Бел айылындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган. 1965-жылы Москвадагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтунун граждандык жана өнөр жай курулушунун инженер-куруучусу адистигин бүтүргөн. 1965-жылы Кыргыз ССРинин курулуш министрлигинин “Ошшааркурулуш” трестине жумушка жиберилген. 1966-1969-жылдары мастер, прораб, участканын начальниги,  тресттин башкы  технологу,  башкы инженери болуп иштеген. 1970-жылы партиянын Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструктору, андан кийин “Нарынгидроэнергокурулуш” башкармасынын партиялык комитетинин катчысы кызматтарын аркалаган. 1974-1976-жылдары комсомолдун Ош областтык комитетинин биринчи катчылыгынан баштап Кыргыз ССРинин курулуш министрилигине чейинки кызматтарда эмгектенген. 1988-1990-жж Эл депутаттарынын Ысык-Көл областтык Советинин  аткаруу комитетинин төрагасы, 1990-жылы Кыргыз Республикасынын вице-президенти, 1991-жылы Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Примьер-министри кызматында иштеген.

Авторлордун өмүр-баяндары

Махпуратхон Султанова, Ош мамлекеттик университети

т.и.к., доцент

Эльмира Салиева, Ош мамлекеттик университети

окутуучу

Библиографиялык шилтемелер

Ош шаардык партиялык архиви.фонд №2, опис 111, дело 12, лист 5.

Ош шаардык партиялык архиви.фонд №2, опис 111, дело 12, лист 2.

Токтогонов С.А. Из истории прошлого Кыргызстана. –Ош, 1995, с.23

Бөкөлөев Болотбек Кыргыз Өкмөт башчылары.-Б.,2009,241-б.

Умаров С. Тунгуч премьер-министр. “Ош жаңырыгы” 2003-жыл,9-декабрь, 4-бет

Бөкөлөев Болотбек (2009) Кыргыз Өкмөт башчылары.-Б., ,243-244-бб.

Умаров С. Тунгуч премьер-министр. “Ош жаңырыгы” 2003-жыл,9-декабрь, 4-бет

Кыргыз Туусу, 12-15-сентябрь, 2008-жыл.

ПК ПолитКлиника газетасы №2(2) 4-апрель 2013-жыл

Орозалы Карасартов. Биринчи Премьер. “Кыргыз Туусу” 18-21-декабрь 1998-ж. № 167-168, 7-б.

Орозалы Карасартов. Биринчи Премьер. “Кыргыз Туусу” 18-21-декабрь 1998-ж. № 167-168, 7-б.

Т.Абдыразаков Эмгеги элдин эсинде – “Ош жаңырыгы”, 2023-ж.13-май.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2023-12-20

Кандай шилтеме берүү керек

Султанова, М., & Салиева, Э. (2023). Н. ИСАНОВ – ЧЫГААН МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА КООМДУК ИШМЕР. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Тарых, (2(3), 87–91. https://doi.org/10.52754/1694867X_2023_2(3)_12