ЧЫГААН МУДАРИС, ИЛИМПОЗ, ТАРБИЯЧЫ – ЖУМАЛИ АДИЛБАЕВ

Авторлор

  • Байболот Абытов Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/1694867X_2023_2(3)_1

Ачкыч сөздөр:

агай, тарыхчы, аалым, педагог, тарбиячы, автор, үлгү, тарбия

Аннотация

Макалада кырк жылдан ашуун Кыргызстандын жогорку окуу жайларында эмгектенип, байсалдуу өмүр сүрүү менен илимий, окуу-усулдук, педагогикалык, тарбиялык иш аракеттерин натыйжалуу турмушка ашырган, быйылкы жылы 75 жылдык мааракеси өтүп жаткан, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, чыгыш, чөлкөм таануучу Жумали Адилбаевич Адилбаевдин көп кырдуу бейнесин чагылдырууга аракет жасалган. Биз Жумали Адилбаевичтин ишмердүүлүгүн бир нече багытта - чыныгы педагог, таасын аалым, талыкпас  тарбиячы, бир катар окуу-усулдук эмгектердин, монографиялардын автору таризинде кароого аракет кылдык. Кадырлуу каарманыбыздын өлкөбүздүн мектептерин, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын тарыхчыларынын адис катары калыптануусуна өзгөчө салым кошкону баяндалат. Каарманыбыз өзүнүн нуска-луу сөздөрү, чабыты кенен, мааниси терең ойлору, жеке маданияты, интеллектуалдык деңгээли, паам-парасаты, үлгүлүү жүрүшү менен жаштарга таалим-тарбия бергенин, өз замандаштарына, кесиптештерине өзгөчө таасир эткенин баса белгилөөгө аракет кылдык.

Библиографиялык шилтемелер

.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2023-12-20

Кандай шилтеме берүү керек

Абытов, Б. (2023). ЧЫГААН МУДАРИС, ИЛИМПОЗ, ТАРБИЯЧЫ – ЖУМАЛИ АДИЛБАЕВ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Тарых, (2(3), 1–6. https://doi.org/10.52754/1694867X_2023_2(3)_1