Бул жарыяланган эски версиясы 2023-11-15. Окуңуз эң акыркы версиясын.

ЧЫГЫШ РЕНЕССАНСЫНЫН КӨРҮНҮКТҮҮ ИЛИМПОЗ-ЭНЦИКЛОПЕДИСТИ АБУ РАЙХАН БЕРУНИНИН ДҮЙНӨЛҮК ИЛИМГЕ КОШКОН САЛЫМЫ

Авторлор

  • Кубанычбек Исаков Ош мамлекеттик университети https://orcid.org/0009-0007-2035-0453
  • Эламан Жалалов Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948823_2023_1(1)_3

Ачкыч сөздөр:

гелиоцентризм, гуманизм, мамун академиясы, перипатетизм, ренессанс, реформация, суфизм, Чинквеченто

Аннотация

Бул илимий макалада негизинен орто кылымдардагы белгилүү аалым-илимпоз, энциклопедист Абу Райхан Берунинин 1050 жылдык маарекесине багышталып, улуу ойчулдун дүйнөлүк илим-билимге кошкон барандуу салымы жөнүндө баяндалат. Ошондой эле макалада кайра жаралуу доорун түптөгөн Чыгыш Ренессансынын тарыхый-философиялык маңызын тереңдеп аңдап, анын дүйнөлүк маданиятка тийгизген таасири такталып, концептуалдык өзгөчөлүгү дааналанган. «Европоцентризм» деп аталган көз караштын өкүлдөрү Батыштын маданиятын Чыгыш маданиятынан жогору коюшуп, кечээ күнгө чейин чыгыш элдерин ар тараптуу басмырлап, маданияты өнүкпөгөн, артта калган элдер катары карап келишти. Жада калса Ренессанс (Кайра Жаралуу) – Европага гана тиешелүү кубулуш экендигин далилдөөгө аракет кылышты. Ал эми мындай пикирлер, көз караштар эч бир чындыкка дал келбегендигин айгилеген илимий аргменттер менен айгинеленген. Албетте кайра жаралуунун жогоруда белгиленген критерийлери VII кылымдардан тартып Кытайдын, IX кылымдардан Борбордук Азия жана Ирандын коомдук түзүлүшүнөн байкала баштаган. Кайсы жагынан алып карабайлы, Ренессанс доору бүтүндөй бир региондогу элдердин экономикасын, рухий жана материалдык маданиятынын дүркүрөп өсүп-өнүгүшүн өз кучагына алат. Анын пайда болушу рухий жана диний таасирлердин, экономиканын өнүгүшүнө карата өбөлгө-шарттын, бирдиктүү саясаттын өз ара бири-бири менен болгон шартташуусуна, эң негизгиси ошол элдерден чыккан гениалдуу инсандардын жеке аракеттеринин жаралуусуна терең байланыштуу экендигинде. Чыгыш ренессансынын дүркүрөп өсүп-өнүгүшүнө анын өкүлдөрү болгон Аль-Фараби, Ибн Сина, Хорезми, Фергани, Бируни, Баласагын, Кашгари, Бухари, Самарканди ж.б. сыймык менен атап кетебиз.

Библиографиялык шилтемелер

Лазарев, Н. Проблема Возрождения в освещении ренессансных писателей и «просветителей» [Текст] / Н. Лазарев // Из истории соц.-полит. идей: сб.ст. к 75-летию акад. В.П. Волгина. - М., 1955. – С.130-140.

Эсен уулу Кылыч. Азия или кочевники Азы [Текст] / Кылыч Эсен уулу. – Бишкек: Илим, 1993. – 87 с.

Конрад, Н.И. «Средние века» в исторической науке [Текст] / Н.И. Конрад. – М.: Наука, 1955. – 417 с.

Мец, А. Мусульманский Ренессанс [Текст] / А. Мец. – 2-изд. – М.: Наука, 1973. – 473 с.

Чалоян, В.К. Армянский ренессанс [Текст] / В.К. Чалоян. – М.: Изд-во АН СССР, 1963. – 176 с.

Рутенбург, В.И. Италия и Европа накануне нового времени [Текст] / В.И. Рутенбург. – Л.: Наука, 1974. – 323 с.

Лосев, А.Ф. Эстетика Возрождения [Текст] / А.Ф.Лосев.– М.: Мысль, 1978. – 623с.

Базарбаев, Ш. Кыргыз маданиятынын өнүгүсүнүн диалектикасы [Текст] / Ш. Базарбаев. – Ош: Б-сыз, 2001. – 322 б.

Жусуп Баласагын. Куттуу билим [Текст] / Ж. Баласагын.– М.: НИК, 1993. – 493 б.

Абу Рейхан Бируни. Избр. произведения, т. III. Определение границ мест для уточнения расстояний между населенными пунктами («Геодезия»). Иссле¬дование, перевод и примечания П. Г. Булгакова, Ташкент, 1966, стр. 234.

Тажибаева, С., Шайимкулов , А., & Таирова, А. (2022). Чыгыш ойчулу Махмуд Кашгари-Барсканинин педагогикалык идеялары. Чыгыш таануунун маселелери, (1), 114-120. https://doi.org/10.52754/16948653_2020_1_21. EDN: OPPVJR.

Э.Г. Касымова. Трактат Беруни о сферической тригонометрии. Сб. «Беру¬ни. К 1000-летию со дня рождения», Ташкент, 1973, стр. 83.

Абдимиталип уулу, Н. (2023). О некоторых фольклорных элементах в словаре Махмуда Кашгари “Диван Лугат Ат-Турк”. Вестник Ошского государственного университета, (2), 101-106. https://doi.org/10.52754/16948610_2023_2_12. EDN: LKPOYE.

И. Ю. Крачковский. Арабская географическая литература. Избр. соч.,т. IV, М.- Л., 1957, стр. 245.112

П.Г. Булгаков. Глобус Беруни. «Общественные науки в

Узбекистане», 1965, № 1, стр. 39-44.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2023-11-15 — Жаңыланды 2023-11-15

Версиялар

Кандай шилтеме берүү керек

Исаков , К., & Жалалов , Э. (2023). ЧЫГЫШ РЕНЕССАНСЫНЫН КӨРҮНҮКТҮҮ ИЛИМПОЗ-ЭНЦИКЛОПЕДИСТИ АБУ РАЙХАН БЕРУНИНИН ДҮЙНӨЛҮК ИЛИМГЕ КОШКОН САЛЫМЫ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология, (1(1), 13–22. https://doi.org/10.52754/16948823_2023_1(1)_3

Бул автор(лор)дун эң көп окулган макалалары