СУФИЗМ ЭСТЕТИКАСЫНДАГЫ МУЗЫКАЛЫК ИСКУССТВОНУН РЕФЛЕКЦИЯСЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948823_2023_1(1)_1Ачкыч сөздөр:
абсолюттук бытие, гедонисттик музыка, ислам догмалары, поэзиянын табияты, музыкалык искусство, катарсис, неоплатондук окуу, суфизм, эстетикалык гармония, этикалык нормаАннотация
Суфизмдин эстетикалык концепциясында искусствонун түрлөрүнүн ичинен музыка өзгөчө орунда турган. Суфийлердин пикири боюнча музыка Таза дүйнөгө, башкача айтканда, Кудайдын дүйнөсүнө тиешелүү, ал Кудайдын рухунун гармониясы, ошондуктан музыка Кудайды түшүнүүдө адамдарга жардам берет, аларды жаман жолдордон сактайт. Суфизм эстетикасы поэзиядан өздөрүнүн идеалына жараша форманы жана мазмунду так ажыратышкан. Поэтикалык чыгарма эмоционалдуу жана кабыл алууга жеңил болууга тийиш. Ырдын мазмуну-бул барынан мурда жараткандын рухтук күчүнүн ачыкка чыгышы, адам бул рух менен биригип тазаланат. Чыгарманын формасы – абсолюттук бытиенин материалдык дүйнөнүн предмети түрүндө чагылдырылышы. Суфийлер үчүн поэзия таза, жагымдуу форма жана ыргак, уйкаштыктардын куралышы гана эмес, ал ички дүйнөнүн керектөөсүнүн табигый түрдө ачык билиниши, абсолюттук сулуулук жана кооздукту баамдай билүү, ага жетишүү. Суфийлик ырларды ири араб, перс, түрк жана азербайжан акындары (Аттар, Саади, Руми, Хафиз, Ниязи, Джами, Насими) жазышкан. Алардын поэзиясы символика менен байланышкан, бул исламдын кугунтуктоосунан чочулабай кескин пикирлерди билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген.
Жүктөөлөр
Жарыяланды
Версиялар
- 2023-11-15 (6)
- 2023-11-15 (5)
- 2023-11-15 (4)
- 2023-11-15 (3)
- 2023-11-15 (2)
- 2023-11-15 (1)