АЛЫКУЛ ОСМОНОВДУН ПОЭЗИЯСЫНДАГЫ «АТА ЖУРТ» КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН ОНТОЛОГИЯЛЫК МАҢЫЗЫ

Авторлор

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948823_2026_1(7)_13

Ачкыч сөздөр:

Алыкул Осмонов, Ата Журт концепциясы, онтологиялык маңыз, абсолюттук баалуулук, экзистенциализм, философиялык антропология, Болмуштун үйү, герменевтикалык талдоо, феноменология, катарсис, субъект-субъект диалогу, улуттук иденттүүлүк, адабияттын философиясы, лингвистикалык секирик

Аннотация

Бул илимий макалада кыргыздын залкар акыны Алыкул Осмоновдун бай чыгармачылык мурасы философиялык антропология, онтология жана маданияттын философиясы өңүтүнөн  комплекстүү түрдө изилдөөгө алынган. Изилдөөнүн актуалдуулугу ааламдашуу шартында улуттук иденттүүлүктү сактоо зарылчылыгы жана кыргыз гуманитардык илиминде «инсан таануу философиясы» аттуу жаңы методологиялык багытты түптөө муктаждыгы менен шартталган. Жумуштун борбордук объектиси катары акындын дүйнө таанымындагы «Ата Журт» концепциясы тандалып алынып, анын кадимки географиялык же саясий-административдик түшүнүктөн трансценденталдык мазмунга ээ болгон абсолюттук баалуулук жана онтологиялык категория деңгээлине көтөрүлүү процесси терең талданган.  Автор акындын поэзиясындагы «Ата Журт» образын немис философу М. Хайдеггердин философиялык маанисиндеги «Болмуштун үйү» жана инсандын рухий коопсуздугунун, маданий өзгөчөлүгүнүн башкы кепилдиги катары мүнөздөйт. Макалада герменевтикалык жана феноменологиялык талдоо усулдары аркылуу А. Осмоновдун лирикасындагы өмүр, өлүм, убакыт жана өлбөстүк сыяктуу терең экзистенциалдык категориялар жаңыча чечмеленген. Өзгөчө, акындын «Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!» деген классикалык саптарындагы этикалык курмандыкка чалынуу (самопожертвование) феномени жана рухий тазаруу (катарсис) идеялары улуттук кооптонуудан кутулуунун жана жалпы адамзаттык гуманизмдин эң жогорку философиялык формасы катары негизделген. Бул контекстте М. Бубердин диалогдук концепциясынын алкагында субъект-объект мамилесинин жоюлушу жана инсандын Ата Журт менен болгон онтологиялык идентификациясы далилденген.  Ошондой эле, Осмоновдун чыгармачылыгы кыргыздын улуттук философиясынын калыптанышындагы өзгөчө маанилүү этап катары каралып, анын көз караштары батыштык экзистенциализм агымдары (Ж. П. Сартр, А. Камю) менен методологиялык окшоштуктары жана улуттук-дүйнө таанымдык айырмачылыктары өңүтүнөн салыштырылган. Изилдөөнүн жыйынтыгында акындын мурасы заманбап коомдо улуттук рухий баалуулуктарды калыптандыруунун жана мамлекеттик деңгээлдеги «Кыргыз жараны» концепциясын илимий негиздөөнүн маанилүү куралы экендиги тууралуу корутундулар чыгарылган. Мындан сырткары, акындын котормочулук ишмердүүлүгү кыргыз тилинин метафизикалык категорияларды туюнтуу мүмкүнчүлүгүн кеңейткен «лингвистикалык секирик» катары илимий баасын алган. 

Библиографиялык шилтемелер

Мартин Хайдеггер. Время и бытие.-Москва, 1993.-447с.

Мурзаев Н.Т. Алыкул Осмонов – народный герой или великие уроки великого человека (К 110-летие со дня рождения А.Осмонова) // Бюллетень науки и практики 8, Т 11, №54, 2025.

Байгазиев С. А.Осмонов – герой кыргызской поэзии. Бишкек, 2025.-186с.

Осмонов А. Ата-Журт. Бишкек “Бийиктик”, 2010.-108б.

Бубер Мартин “Я и Ты”. Москва, 1995.-200с.

Сартр Ж.П. Экзистенциализм – это гуманизм. // Сумерки богов. – М.: Политиздат, 1990. - С. 319-344.

Юнг К.Г. Проблемы души нашего времени. - М., 1994.

2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы, 2023, 15.05. ПЖ № 124.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2026-06-16

Кандай шилтеме берүү керек

Усенов, А., Токтогулова , Г., & Жолдошева , Н. (2026). АЛЫКУЛ ОСМОНОВДУН ПОЭЗИЯСЫНДАГЫ «АТА ЖУРТ» КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН ОНТОЛОГИЯЛЫК МАҢЫЗЫ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология, (1(7), 120–133. https://doi.org/10.52754/16948823_2026_1(7)_13