КОРПОРАТИВДИК ЖООПКЕРЧИЛИК КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИНВЕСТОРЛОРДУН УКУКТАРЫН КОРГООНУН КУРАЛЫ КАТАРЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948823_2025_2(6)_9Ачкыч сөздөр:
корпоративдик жоопкерчилик, инвесторлор, укуктарды коргоо, инвестициялык ишмердүүлүк, КыргызстанАннотация
Бул макалада корпоративдик жоопкерчилик Кыргыз Республикасында инвесторлордун укуктарын коргоонун негизги механизми катары каралат. Автор корпоративдик жоопкерчиликтин укуктук базасын, анын субъектилерин жана түрлөрүн, ошондой эле инвестициялык ишмердүүлүктө колдонулушун талдайт. Айрыкча курулуш тармагына өзгөчө көңүл бурулат, анткени үлүштүк курулуштун өсүш шартында инвесторлордун укуктарын коргоо биринчи кезектеги мааниге ээ. Азыркы мыйзамдарда корпоративдик, административдик жана жарандык-укуктук жоопкерчиликтердин айырмасын аныктоого байланыштуу боштуктар белгиленип, аларды жоюу жолдору сунушталат. Изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана инвесторлордун ишенимин бекемдөө үчүн корпоративдик жөнгө салууну өркүндөтүү зарылдыгы негизделет.
Библиографиялык шилтемелер
Конституция Кыргызской Республики от 5 мая 2021 года.
Гражданский кодекс Кыргызской Республики (часть первая и вторая).
Закон Кыргызской Республики «Об обществах с ограниченной ответственностью» № 60 от 15 июня 1998 г. (с изм. и доп.).
Закон Кыргызской Республики «Об акционерных обществах» № 64 от 27 марта 2003 г. (с изм. и доп.).
Закон Кыргызской Республики «Об инвестициях в Кыргызской Республике» № 66 от 27 марта 2003 г. (с изм. и доп.).
Закон Кыргызской Республики «О защите прав инвесторов» № 72 от 24 июля 2003 г. (с изм. и доп.).
Закон Кыргызской Республики «О долевом участии в жилищном строительстве» № 58 от 20 июля 2017 г.