ЗАМАНБАП ЫРЛАРДЫН ЖАШТАРГА БЕРИП ЖАТКАН ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948823_2023_2(2)_14Ачкыч сөздөр:
акыл-эс, атмосфера, дербиш, руханий, мажор, минор, ырым-жырым, стрессАннотация
Бул макалада XXI кылымдын башында чыгып жаткан кыргыздын заманбап музыкалык жанрындагы ырларынын буга чейинки XIX-XX кылымдын аягында чыккан кыргыздын классикалык музыкалык жанрындагы ырларына салыштырмалуу бир топ эле жеңил болуп баратканы баяндалат. Адам баласынын жашоо-турмушу канчалык жеңил болгон сайын, ыр жазуу да замандын талабына ылайык ошончолук жеңил болуп бара жатат. Азыркы учурда ырлардын жеңил жазылып жаткандыгы адамдын да жеңил ойлуулугунун таасири астында десек жаңылышпайбыз. Инсандын бири-бирине болгон сүйүүсү, мекенге болгон сүйүүсү да мурдагыга караганда бир эле топ айырмаланып баратканын байкоого болот. Музыка кылымдар бою кандай гана чөйрөдө болбосун маанай жаратып, ыр угуу аркылуу инсанды руханий жактан ички сезимдерин ойготуу үчүн колдонулуп келген. Диний ырым-жырымдардан тартып үйлөнүү үлпөтүнө жана сөөк коюуга чейин музыканын сезимдерди козгоп, адамдар арасында байланыш сезимин жаратуучу күчү болгон. Ал эми эс алууга келгенде, музыка акыл-эсти тынчтандыруу жана стресс деңгээлин төмөндөтүү үчүн күчтүү курал боло алган. Ыр угууда музыканы туура тандоо менен адам баласы кандайдыр бир ички дүйнөсүндөгү оруулардан арылып, бул жашоонун жыргалчылыгына өбөлгө түзүп, жагдайына жараша тынчтандыруучу атмосфера түзө алышы жөнүндө маалыматтар берилди.
Библиографиялык шилтемелер
Абдышев К. – Кылым инсандары. [Текст] / – Кыргызстан: Шам, 2003-ж. 534 б.
Асанканов А.А., Аалиева Ш. – Кыргыз тарыхы. Энциклопедиялык окуу куралы. [Текст] / – Кыргызстан: Турар, 2003. 463 б.
Балбай Алагушов – Кыргыз музыкасы. Энциклопедиялык окуу куралы. [Текст] / – Бишкек: Бийиктик, 2007. – 531 б.
Исиров П. – Ырчылар чыгармачылыгы (Окуу китеби). [Текст] / Исиров П. – Б.: Бийиктик, 2004. – 212 б.
Касымалиев Б.Ж. – Тил жана улуттук салт: (Кыргыздын улуттук каада-салт сөздөрүнүн кыргызча-орусча тематикалык сөздүгү): [Текст] / окуу тексттери. Кыргызстан: Турар, 2009. 225 б.
Козубаев, О., Ыразаков, Д., & Камбарова , Н. (2023). Проблемы духовности в современной музыке. Вестник Ошского государственного университета, (1), 170-178. DOI: https://doi.org/10.52754/16948610_2023_1_21. EDN: XIKOTG.
Мурзакматов, А., & Абдираим уулу, К. (2023). Мектеп окуучуларында музыкалык кабыл алууну өнүктүрүү. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология, 1(1), 49-54. DOI: https://doi.org/10.52754/16948823_2023_1(1)_7.
Мурзакулова Ч.А. (2019). Компетенттүү музыка адистиги мугалиминин заманбап балдардын тарбиялоодогу ролу. Вестник Ошского государственного университета, No. 1, сс. 116-120. EDN: ZOMXBB.
Орозалиев, Э.С., Ыразаков, Д.А. (2021). Кыргыздын салттуу музыкалык искусствосу. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 3, No. 3, сс. 220-228. EDN: AHNWEQ.
Шарипова, Э.К., Ыразаков, Д.А., Асан уулу, А. (2021). Массовая музыкальная культура. Вестник Ошского государственного университета, Т. 1, №3, сс. 318-326. DOI: 10.52754/16947452_2021_1_3_318. EDN: KYTIGZ.