КАРЛ ЮНГ: ИНСАН ТҮШҮНҮГҮНҮН АРХЕТИПТИК КОНЦЕПЦИЯСЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948823_2025_1(5)_7Ачкыч сөздөр:
архетип, юнгдук инсандык концепциялар, психология жана алхимия, гармония жана психология, жүрүм-турум, кабылдоо, эмоционалдык реакцияларАннотация
Макалада инсандын архетиптик концепциясын киргизген швейцариялык психотерапевт жана аналитикалык психологиянын негиздөөчүсү Карл Густав Юнг жөнүндө философиялык ойлор түрмөктөлөт. Фрейдден айырмаланып, Юнг адамдын аң-сезими жараланган эскерүүлөрдөн жана каалоолордон гана турат деген ойду четке каккан. Юнг үчүн аң-сезимсиздик репрессияланган эскерүүлөрдүн репозиторийси гана эмес, аң-сезимге жана жүрүм-турумга таасир этүүчү активдүү, жаратуучу күч. Юнг бир нече архетиптерди сүрөттөгөн, алардын ар бири адам өзүнүн психикалык өнүгүү процессинде жолуккан универсалдуу символдорду же образдарды билдирет. Бул архетиптер инсандын структурасын калыптандыруу үчүн негиз болуп кызмат кылат, алар дүйнөнү кабылдоо жана аны менен өз ара аракеттенүү ыкмаларына таасир этет. Архетиптер жамааттык аң-сезимсиздикте болот, бул алардын ар бир инсандын жеке тажрыйбасынан көз карандысыз, универсалдуу мүнөзгө ээ экендигин билдирет. Бирок алар адамдын индивидуалдык аң-сезимсиздигинде да көрүнүшү мүмкүн жана алардын интеграциясы жана аң-сезими индивидуалдык процесстин маанилүү этаптарына айланат деген ойду айткан.
Библиографиялык шилтемелер
Бабосов Е.М. Карл Густав Юнг. - Минск: Книжный Дом, 2009. – 287 с.
Беннет Е.-А. Что на самом деле сказал Юнг. - М.: АСТ, Астрель, 2009. – 192 с.
Дикманн Х. Методы в аналитической психологии. - М.: Рон, 2002. – 354 с.
Юнг К.Г. Аналитическая психология. - М.: АСТ, 2023. – 380 с.
Юнг К.Г. Архетипы и коллективное бессознательное. - М.: АСТ, 2023. – 739 с.
Юнг К.Г. Архетип и символ. – М.: Канон+Реаблитация, 2015. – 363 с.
Юнг К.Г. О психологии бессознательного. – М.: АСТ, 2021. – 238 с.
Юнг К.Г. Психологические типы. – М.: Харвест, 2020. – 383 с.