Ачык жеткиликтүүлүк саясаты жана архивдөө

«Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология» журналы өзүнүн расмий сайтына ачык кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Бул дүйнөлүк илимий коомчулукка журналга кеңири маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Журнал BOAI Будапешт демилгесинде иштелип чыккан ачык жетимдүүлүк саясатын карманат жана өзүнүн контентине ачык кирүү мүмкүнчүлүгүн берип, дүйнөлүк деңгээлде билим алмашууга жана изилдөө натыйжаларын жайылтууга жардам берет. Журнал жарыяланган материалдардын максималдуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу саясатын жүргүзөт. Журналдын баардык контенти интернетте окуу, жүктөп алуу, көчүрүү, жайылтуу, басып чыгаруу үчүн ачык. Ар бир колдонуучу сайт ичинде издөө жасап, макалалардын толук текстине шилтеме жасай алат же аларды, эч кандай каржылык, юридикалык же техникалык тоскоолдуктар болбосо, башка мыйзамдуу максаттарда колдоно алат.

Ошондой эле журналдын сайтында журналдын ишмердүүлүгү тууралуу авторлор жана окурмандар үчүн зарыл болгон маалыматтар бар: басып чыгаруу шарттары, кол жазмага коюлган талаптар жана аны журналга жөнөтүү жолдору, журналдын түзүүлүү жана кол жазмалардын рецензиялоо тартиби, жарыялоо этикасы, редколлегия жөнүндө маалымат, илимий редактордун жана жооптуу катчынын байланыш маалыматтары.

Окурмандар жана авторлор журналдын веб-сайтынан журналдын учурдагы санынын электрондук версиясын жана мурунку басылмалардын архивдерин эркин көрүп жана жүктөп ала алышат. Creative Commons Attribution License (CC BY-NC 4.0) лицензиясынын шарттарына ылайык, журналдын баардык басылмалары электрондук түрдө бекер жана чектөөсүз таратылат.