ТҮРК ТИТУЛАТУРАСЫНДА “АТА” НААМЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948874_2025_2(6)_7%20Ачкыч сөздөр:
түрк тарыхы, байыркы түрк тили, түрк титулатурасы, ата наамы, Атилла, атаманАннотация
Белгилүү франсуз чыгыш таануучусу, түрколог Луи Базендин түрк тарыхындагы “ата” наамы тууралуу макаласы 1981-жылы Анкара университетинин илимий журналында жарык көргөн. Бул макалада түрк тарыхындагы “ата” наамы, анын келип чыгышы, семантикасы жана түрк элдеринин социалдык-саясий жана руханий системаларындагы функционалдык мааниси каралат. Анда “ата” наамынын уруулук жана үй-бүлөлүк аталыштан бийлик, күч жана инсандын ыйык статусу менен байланышкан ардактуу наамга чейинки эволюциясы каралат. Тарыхый булактар, эпиграфиялык эстеликтер жана түрк тилинин маалыматтары талданып, бул наамдын ар кандай доорлордогу туруктуулугун жана көп мааниге ээ экендигин байкоого мүмкүндүк берет. Макалада “ата” наамы номинативдик гана эмес, символикалык функцияны да аткарып, патриархалдык коомдун баалуулуктарын жана акылмандык, жоопкерчилик жана уланмалуулук түшүнүктөрүн чагылдырганы көрсөтүлөт. “Ата” наамынын түрк маданий жана тарыхый иденттүүлүгүнүн маанилүү элементи катары мааниси жөнүндө тыянак чыгарылат. Бирок кыргыз тарых илиминде жана тил багытындагы изилдөөлөрдө аталган макала изилдөөчүлөрдүн көз жаздымында калып келет. Бул мүчүлүштүктү толуктоо жана жалпы эле окурмандар үчүн макала кыргыз тилине которулду.
Библиографиялык шилтемелер
Bazin, Louis. (1979-1980). “Antiquité méconnue du titre d'ataman?” Harvard Ukrainian Studies, Vol. 3/4, Part 1. Eucharisterion: Essays presented to Omeljan Pritsak on his Sixtieth Birthday by his Colleagues and Students, pp. 61-70.
Chavannes, Edouard. (1903). Documents sur les Tou-Kiue (Turks) Occidentaux. St. Petersburg: Academie Impèriale des Sciences.
Clauson, Gerard. (1972). An Etymological Dictionary of Pre-Thirteenth-Century Turkish. Oxford: Clarendon Press.
Hamilton, J. (1955). Les Ouighours À L'époque Des Cinq Dynasties D'après Les Documents Chinois. Vol. X. Paris: Imprimerie Nationale. Presses Universitaires de France.
Kâşgarlı, Mahmud. (1939). Divanü Lûgat-it-Türk Tercümesi. Cilt 1. Çev. Besim Atalay. İstanbul: Türk Dil Kurumu.
Moravcsik, Gyula. (1958). Byzantinoturcica I. Die byzantinischen Quellen der Geschichte der Türkvölker. Zweite Durchgearbeitete Auflage. Berlin: Akademie-Verlag.