М.КАШКАРИНИН “ДИВАНУ ЛУГАТИ-Т ТҮРК” ЭМГЕГИНДЕГИ ЭМГЕК КУРАЛДАРЫ ЛЕКСЕМАЛАРЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948874_2025_1(5)_1Ачкыч сөздөр:
байыркы түрк тили, азыркы кыргыз тили, Махмуд Кашгари, “Диван Лугати-т Түрк”, эмгек куралдары, лексемаАннотация
Азыркы кыргыз тилинин байыркы түрк тилдеринин бири экендигин жана кыргыз тилинин өнүгүү процессиндеги тилдик кубулуштарды аныктоодогу орду менен макала актуалдуу. Изилдөө максаты – М.Кашкаринин сөздүгүндөгү эмгек куралдары лексемаларынын азыркы кыргыз тилинде колдонулуу деңгээлин, тилдик өнүгүү кубулушундагы тыбыштык, семантикалык өзгөрүүлөрдү, кеңейүүлөрдү иликтөө. Иликтөө объектиси – М.Кашкаринин сөздүгүнүн кыргызча котормолору. Изилдөө тарыхый-салыштырма методунун негизинде ишке ашырылат. Натыйжада, М.Кашкаринин сөздүгүндөгү эмгек куралдары лексемалары азыркы кыргыз тили менен салыштырылап иликтенип, тыбыштык, маанилик өзгөрүүлөр, алардын морфемалык түзүлүшү, колдонулуу деңгээли аныкталды: байыркы тыбыштык көрүнүшүндө маанисин сактоо менен колдонулган эмгек куралдары лексемалары: kätmän – кетмен, kärki – керки, küzük – күзүк, çäçkä – токуучу шайман, өрмөк; фонетикалык жактан өзгөрүүгө учуроо аркылуу пайдаланылган сөздөр: orğaq – орок, kürgäk – күрөк, sıdırğaq – сыдыргы, türbikü – түрпү, qısğaç - кыскач, кычкач, bargan – барскан, baldu – балта, ärük – терини ийлей турган нерсе, ийрек, bıçğuç – бычак, çäkük – чеккич балка, зергердин балкасы, токымак – токмок, ik (iik) – ийик, йигне – ийне; мааниси сакталган, бирок башка аталышка ээ болгон сөздөр: ogulmuq – түркүк, йатан – пахтаны тытуучу аспап, йатаң – жүн тыткан курал, sındu – кайчы, qıftu – кайчы, ir/jir – тешүүчү курал, үшкү. Алынган натыйжалар кыргыз тилинин байыркы түрк тилдиринин бири экендигинин далилдейт жана түрк тилдеринин, анын ичинде кыргыз тилинин лексикасын, анын тарыхын иликтөөгө материал боло алат.
Библиографиялык шилтемелер
Абдимиталип уулу, Н. (2022). “Обычаи, связанные с рождением ребенка у средневековых караханидов и современных кыргызов”. Вестник Ошского государственного университета, (3), 126–132. https://doi.org/10.52754/16947452_2022_3_126
Абдимиталип уулу, Н. (2023). “О некоторых фольклорных элементах в словаре махмуда кашгари “Диван Лугат ат-Турк”. Вестник Ошского государственного университета, (2), 101–106. https://doi.org/10.52754/16948610_2023_2_12
Абдимиталип уулу, Н., & Жапаралиев, Ш. (2023)а. “Термины конского снаряжения в “Диван Лугат ат-Турк” Махмуда Кашгари”. Вестник Ошского государственного университета, (3), 131–142. https://doi.org/10.52754/16948610_2023_3_17
Абдимиталип уулу, Н., & Жапаралиев, Ш. (2023)б. “Диван Лугат ат-Түрктө” кездешкен музыкалык терминдер”. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология, (1(1), 1–11. https://doi.org/10.52754/16948874_2023_1(1)_1
Абдимиталип уулу , Н. (2024). “Карахандарда кыздарга коюлган ысымдар (Махмуд Кашгаринин “Диван Лугат ат-Түрк” сөздүгүнүн мисалында)”. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология, (2(4), 1–13. https://doi.org/10.52754/16948874_2024_2(4)_1
Давлатова, С. (2017). Махмуд Кашкаринин «Дивану лугати т-түрк» сөздүгүндөгү сөздөрдүн жасалышы. Бишкек: “Улуу тоолор”.
Древнетюркский словарь. (1969). Под ред. В.М. Наделяев, Д.М. Насилов, Э.Р. Тенишев, А.М. Щербак. Ленинград: Наука.
Кыргыз тилинин сөздүгү. Т.1. (2011). Бишкек: AVRASYA PRESS.
Кыргыз тилинин сөздүгү. Т.2. (2011). Бишкек: AVRASYA PRESS.
Махмут Кашкари. (2013). Дивану лугати-т турк. Т.1. (Түркий тилдер сөз жыйнагы. Котор. И.Авдувалиев, Т.Ахматов, А.Оморов ж.б.). Бишкек: Бийиктик.
Махмут Кашкари. (2013). Дивану лугати-т турк. Т.2. (Түркий тилдер сөз жыйнагы. Котор. И. Авдувалиев, Т. Ахматов, А. Оморов ж.б.). Бишкек: Бийиктик.
Махмуд Кашгари. (2011). Түрк тилдеринин сөздүгү 3-т. (котор. Т. Токоев, К. Кошмоков). Бишкек: AVRASYA PRESS.
Мукамбаев, Ж. (2009). Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү. Бишкек.
Орузбаева, Б.О. (2011). Сөз курамы. Бишкек.
Орусча-кыргызча сөздүк. (2015). Түзгөн К.К. Юдахин. Бишкек: “Улуу тоолор”.
Радлов, В.В. (1899). Опытъ словаря тюркскихъ наречıй. II том. 2 часть. С.-Петербургь.
Севортян Э.В. (1974). Этимологический словарь тюркских языков: Общетюркские и межтюркские основы на гласные. Москва: «Наука».
Севортян Э.В. (1978). Этимологический словарь тюркских языков: Общетюркские и межтюркские основы на букву 'Б'. Москва: «Наука».