ТҮРКИЯЛЫК КЫРГЫЗ РАГЫП ТӨЛӨЙКӨНДҮН НАСААТ ЫРЛАРЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948874_2024_2(4)_4Ачкыч сөздөр:
Түркия кыргыздары, ырлар, насаатнаме, Рагып Төлөйкөн, насият, насаат сөздөрАннотация
Айрым кыргыз окуу жайларында, чет өлкөлүк кыргыздардын адабияты деген тема өтүлүп келет. Баарыбызга белгилүү чет өлкөлүк кыргыз маданиятынын башатында Кытайдагы кыргыздар турат. Андан кийин Тажикстан, Өзбекстандагы кыргыздардын айрым ыр, жомоктору Кыргызстан коомчулугунда белгилүү. Акыркы отуз жылдыкта түркология илимине Түркия кыргыздары деген түшүнүк кирди. Түркия кыргыздарынын маданиятын Вандагы кыргыздар менен чектелип, алардын кошоктору, макал-лакаптары, ырлары, табышмактары изилденип келет. Китептер чыкты, макалалар, илимий иштер жазылды. Түркиянын башка аймагында жашаган кыргыздардын чыгармалыр али белгисиз болуп келет. Мисалы Рагып Төлөйкөндүн ырлары. Бул ырлары ушул убака чейин белгисиз болуп келген Түркия кыргыздарынын адабиятында дагы бир жаңы, жаңы табылга. Өзү Кыргызстанда төрөлүп 1 жашына жетпей чет өлкөгө үй-бүлөсү менен кетип, чет өлкөлөрдө жүрүп, 25 жашында Түркияга барып орун алып калган Рагып Төлөйкөн. Бул макалада Түркияда жашап өткөн кыргыз Рагып Төлөйкөндүн өмүр жолу, “Насаатнаме” деген ыр китеби боюнча анализ жана талкуу болот.
Библиографиялык шилтемелер
Kalyon, Abuzer, (1992), , “Konya’da Kırgızlar”, Anayurttan Atayurda Türk Dünyası Dergisi. Cilt: 2, Sayı: 5, 1994, ss. 62-64.
Razak uulu, Dastanbek. (2023). XX. Yüzyılda Türkiye-Kırgızistan İlişkileri. (PhD) Doktora tezi, дисс. İzmir, Dokzuz Eylül Üniversitesi.
Tüleykan, Ragıp. (2003). Matas karı hatıraları. Konya.
Tüleykan, Ragıp. (2003). Nasihatname ve Menakbıl Ebrar. Konya.
Кайыпов, Сулайман. (2011). Памир кыргыздарынын тамактануу системасы. Бишкек: Бийиктик.
Кубатова. А. (2012). Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы (1990-1916). Бишкек: Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы
Өзгөн, Тайыр. (2021). Түркстандан Түркияга: Ажы Парпи Өзгөндүн эскерүүлөрү. Которгон Разак уулу Дастанбек. Стамбул: Эргуван.
Разак уулу, Д. (2024). 1933-жылдагы Чыгыш Түркстандагы азаттык согушта кыргыздардын ролу. Вестник Ошского государственного университета, №1, бб. 76-95. DOI: 10.52754/16948610_2024_1_8. EDN: CENDVI.