КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ЭТИШТИН “ЖАЛПЫ ЧАГЫ”

Авторлор

  • Бурул Сагынбаева Кыргыз-Түрк “Манас” университети
  • Мүзеййен Иналөз Кыргыз-Түрк “Манас” университети
  • Тилек Шаршенбек уулу Кыргыз-Түрк “Манас” университети https://orcid.org/0000-0002-7061-9154

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948874_2024_1(3)_3

Ачкыч сөздөр:

чак категориясы, жалпы чак термини, geniş zaman, байыркы түрк тили, байыркы уйгур доору

Аннотация

Чак категориясы – этиш сөз түркүмүнүн эң негизги, болгондо да башка сөз түркүмдөрүнөн айырмалоочу категория болуп саналат. Анткени этиш сөздөр кыймыл-аракет же кыймылдык ал-абалды билдирүү менен, кыймыл-аракеттин, окуя, кубулуштун байыркы өткөн чакта же жакынкы өткөн чакта болуп өткөндүгү; дайыма кайталанып турары, учурда да болуп жаткандыгы; келечекте болорунун күтүлүүсү сыяктуу тилдин мезгилдик алкагынын көп катмарын туюндурат. Дүйнө тилдеринин айрымдарынын грамматикасында үч чакты камтыган чактын түрү атайын термин жана тиешелүү парадигма менен көрсөтүлгөн. Атап айтканда англис тилинде Present Simple, түрк тилинде Geniş Zaman үч чактын кайсы бири менен чектелбеген, туруктуу, кайталануучу кыймыл-аракеттерди билдирүүдө колдонулган чактын түрүн билдирери белгилүү. Мындай чактык маани кыргыз тилинин грамматикасында жөнөкөй учур чак же учур-келер чак деп аталган чактын түрүнүн алкагында каралат. Бирок, аталган чактын учурга жана келечекке багытталган кыймыл-аракеттер менен катар эле өткөн чакты да билдирген учурлар бар. Ошентип, аталган чактын кененирээк функционалдык милдеттерин эске алып, жаңы көз караш менен талдап көрүү зарылдыгы туулат. Бул макалада тилдин мезгилдик алкагынын бир катмары болуп эсептелген чактын бир түрү – жалпы чак жана анын терминдик аталышы, тарыхый жана азыркы түрк тилдериндеги орду, уюшулуу парадигмасы жөнүндө сөз кылынмакчы.

Библиографиялык шилтемелер

Абдувалиев, И., Садыков Т. (1997). Азыркы кыргыз тили. Морфология. Бишкек: Айбек.

Абдулдаев, Э., Давлетов, С., Иманов, А., Турсунов, А. (1986). Кыргыз тили. Фрунзе: Мектеп.

Баскаков, Н.А. (ред.) (1975). Грамматика хакасского языка. Москва: “Наука”.

Грамматика азербайджанского языка (фонетика, морфология и синтаксис). (1971). Под. общ.ред. М.Ш. Ширалиева, Э.В. Севортяна. Баку: “ЭЛМ”.

Куликовская, Л.К. Мусаева, Э.Н. (2006). Грамматика казахского языка в таблицах и схемах в сопоставлении с грамматикой русского языка (простое предложение). – Алматы.

Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: Соңку редакциясы. (2016). Кырг. Респ. Президентине караштуу Мамл. Тил б-ча улут. Комис. 3-бас. Бишкек.

Кыргыз тилинин сөздүгү. (2010). Бишкек: “Avrasya Jayıncılık”.

Покровская, Л.А. (1964). Грамматика гагаузского языка: фонетика и морфология. Москва: “Наука”.

Cагынбаева, Б., Дербишева, З. (2014). Түрк жана кыргыз тилдеринин салыштырма морфологиясы / Türkçe-Kırgızca Karşılaştırmalı Morfoloji. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин басылмалары: 146. Бишкек.

Серебренников, Б.А., Гаджиева, Н.З. (1986). Сравнительно-историческая грамматика тюркских языков. Москва: Наука.

Татар грамматикасы: өч томда. Т. II. (2016). Хисамова, Ф.М. (ред.) проект җит. М.З. Зәкиев. – Тулыландырылган 2 нче басма. – Казан: ТӘһСИ.

Харитонов, Л.Н. (1947). Современный якутский язык. Часть первая: фонетика и морфология. Якутск: ГОСИЗДАТ ЯАССР.

Ысқақов, А.Ы. (1991). Қазіргі қазақ тілі: Морфология. Алматы: Ана тілі.

Çelik, G. (2021). Közdüü monçok cerde kalbayt. Ala-Too curnalı. Bişkek: “Turar” basması.

Durmuş, O. (2009). Çuvaşçanın Şekil Bilgisi (Yayınlanmamış Doktora Tezi). Edirne: Trakya Üniv. SBE, Türk Dili ve Ed. ABD, Türk Dili BD.

Ercilasun, A.B. (2006). Karşılaştırmalı Türk Lehçeleri Grameri I. Fiil Basit Çekim. Ankara: TDK.

Ercilasun, A.B. (2010). Başlangıcından Yirminci Yüzyıla Türk Dili Tarihi. Ankara: Akçağ Yayınları.

Erdem, İ. (2007). “Mikyâsu’l-Lisân Kıstâsu’l-Beyân’daki Dil Bilgisi Terimleri”. Journal of Turkish Studies 2(2). бб. 192-216.

Ergin, M. (2009). Türk Dil Bilgisi. İstanbul: Bayrak Yay.

İdben, E. İ. (2010). “Muhtasar Sarf-ı Osmani Ali Nazima”. Türk Dili Araştırmaları Yıllığı - Belleten, 55(2007/2), бб. 67-88.

Karaağaç, G. (2009). Türkçenin söz dizimi (2. Baskı). İstanbul: Kesit Yayınları.

Kirişçioğlu, M.F. (2007). “Saha Türkçesi (Yakutça)”. Türk Lehçeleri Grameri. Ed. Ercilasun, Ahmet B. Ankara: Akçağ Yay.

Korkmaz, Z. (2014). Türkiye Türkçesi Grameri. Ankara: TDK. Yay.

Korkmaz, Z. (2009). Türkiye Türkçesi Grameri Şekil Bilgisi. Ankara: TDK. Yay.

Yazım Kılavuzu. (2009). Haz. Şükrü Halǔk Akakin. Ankara: Türk Dil Kurumu Yayınları.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-08-15

Кандай шилтеме берүү керек

Сагынбаева, Б., Иналөз, М., & Шаршенбек уулу, Т. (2024). КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ЭТИШТИН “ЖАЛПЫ ЧАГЫ”. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология, (1(3), 21–29. https://doi.org/10.52754/16948874_2024_1(3)_3