КЫРГЫЗСТАНДА КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАРГА САЛЫК САЛУУДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА АЛАРДЫ ЧЕЧҮҮ БОЮНЧА АЙРЫМ КӨЗ КАРАШТАР
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2026_1(8)_16%20Ачкыч сөздөр:
банк системасы, салык салуу, салык салууну администрлөө, салык салуунун реформалоо, финансылык көрсөткүчтөр, экономикалык талдооАннотация
Макалада Кыргыз Республикасынын банк системасында салык салуунун айрым көйгөйлөрү каралып, аларды чечүү боюнча авторлук көз караштар келтирилди. Банк системасы рыноктук экономиканын маанилүү компоненти болуп саналат, мамлекеттин активдүү өнүгүшүнө жана өсүшүнө өбөлгө түзөт. Коммерциялык банктар каржы секторунун ажырагыс бөлүгү, алардын негизги функциясы капиталды кайра бөлүштүрүү болуп, ошону менен бирге эле, өлкөдө өндүрүштүн жалпы натыйжалуулугун жогорулатат. Өздөрүнүн белгилүү бир ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө (депозиттерди тартуу, каражаттарды насыялоо, эсептерди тейлөө жана баалуу кагаздар менен болгон операциялар), кредиттик мекемелер, айрыкча банктар, тиешелүү салыктарды (пайдадан, КНС, сатуудан ж.б.) төлөөгө милдеттүү. Бирок, банктарга салык салуунун алардын операцияларынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу өзүнүн айырмачылыктары бар. Бул өзгөчөлүктөр салык салуу процессинин айрым салыктар боюнча салык салынуучу базаны эсептөө, бир топ сандагы бүтүмдөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү кыйыр салыктан бошотуу, жеңилдиктерди берүү жана кирешелерди жана чыгымдарды түзүү сыяктуу элементтерине таасир этет. Бул маселенин теориялык жана практикалык жактан жетишсиз иштелип чыгышы, ошондой эле мыйзамдар жаатындагы тез-тез өзгөрүүлөр ушул изилдөө темасын карап чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт.
Библиографиялык шилтемелер
Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 2022-жылдын 18-январы №3
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы. Банк секторунун өнүгүү тенденциялары, https://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=80&lang=KGZ (Кайрылуу датасы: 30.03.2026)
Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика Комитети.1.06.00.04.2 Коммерциялык банктардын активдери жана пассивдери, https://stat.gov.kg/kg/statistics/finansy (Кайрылуу датасы: 04.04.2026)
Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КРнын Мыйзамы (https://cbd.minjust.gov.kg/4-5634/edition/36843/kg).
Абдрасулова Ж.Ж., Абдрасулова, С.Ж. (2025). Кыргызстанда Депозиттерди коргоо боюнча агенттикти өнүктүрүү келечеги. Евразия изилдөөлөрү ачык журналы, 3(3), бб. 48-59. https://doi.org/10.65469/eijournal.2025.3.3.6
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 363 токтому (https://cbd.minjust.gov.kg/7-29684/edition/12051/kg)
