КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЗЫК-ТҮЛҮК РЫНОГУНУН ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ ШАРТЫНДА НАТЫЙЖАЛУУ ӨНҮКТҮРҮҮ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2026_1(8)_9%20Ачкыч сөздөр:
Азык-түлүк рыногу, рыноктук инфраструктура, экономикалык интеграция, логистика, кампа чарбасы, кайра иштетүү, азык-түлүк коопсуздугуАннотация
Бул макалада Кыргыз Республикасынын азык-түлүк рыногунун инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси экономикалык интеграциянын учурдагы шарттары менен байланышта каралат. Изилдөөнүн негизги мазмуну азык-түлүк рыногунун туруктуу иштешине түздөн-түз таасир этүүчү логистикалык, кампалык, кайра иштетүүчү, каржылык жана маалыматтык компоненттердин абалын талдоого багытталган. Макалада ички рынокту сапаттуу азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда инфраструктуранын ролу өзгөчө белгиленип, анын жетишсиз өнүккөн бөлүктөрү агрардык сектордун жалпы натыйжалуулугуна кандай тоскоолдук жаратып жатканы көрсөтүлөт. Ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы интеграциянын таасири эки тараптуу мүнөздө экени белгиленип, бир жагынан жаңы рыноктук мүмкүнчүлүктөрдү ачса, экинчи жагынан атаандаштыкты күчөтөрү негизделет. Илимий жактан негизделген сунуштар иштелип чыгып, алар инфраструктуранын натыйжалуулугун жогорулатууга, продукциянын жоготууларын азайтууга жана кошумча наркты көбөйтүүгө багытталган. Макалада сандык өсүш менен сапаттык жетилүүнүн айырмасы көрсөтүлдү: айрым көрсөткүчтөр жакшырганы менен, рыноктук чынжырдын туруктуу иштеши үчүн сапаттык өзгөрүү дагы эле жетишсиз экени көрсотүлөт. Изилдөөнүн жыйынтыгында азык-түлүк рыногунун инфраструктурасын жакшыртууга багытталган практикалык багыттар сунушталат.
Библиографиялык шилтемелер
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. (2025). Айыл чарба жана азык-түлүк рыногу боюнча расмий маалыматтар. https://www.stat.kg
Кайрылган датасы: 2026-жылдын 14-апрели.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги. (2021). Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү стратегиясы (2021–2030-жж.). https://www.agro.gov.kg
Кайрылган датасы: 2026-жылдын 14-апрели.
Евразия экономикалык комиссиясы. (2023). ЕАЭБ расмий порталы: Экономикалык өнүгүү боюнча жылдык отчет. https://www.eaeunion.org
Кайрылган датасы: 2026-жылдын 14-апрели.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. (2024). Айыл чарба жана региондук өнүгүү боюнча статистикалык жыйнак. https://www.stat.kg
Кайрылган датасы: 2026-жылдын 12-апрели.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги. (2023). Экономикалык интеграция шартындагы соода саясаты. https://www.mineconom.gov.kg
Кайрылган датасы: 2026-жылдын 12-апрели.
ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын агрардык секторунун өнүгүүсү боюнча аналитикалык отчет. (2023). https://www.eaeunion.org
Кайрылган датасы: 2026-жылдын 15-апрели.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы. (2022). Агрардык экономика жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча илимий эмгектер жыйнагы. https://www.nas.kg
Кайрылган датасы: 2026-жылдын 15-апрели.
Бабаев Д. М. (2020). Айыл чарба экономикасы. Билим.
Бекбоев Т. Т. (2019). Рыноктук экономика жана агрардык саясат. Илим.
Дыйканбаев Н. С. (2021). Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн экономикалык негиздери. Экономика.
Жолдошев М. К. (2022). Логистика жана камсыздоо чынжырларын башкаруу. Турар.
Иманалиев С. А. (2020). Агрардык рыноктун инфраструктурасы. Илим.
Убайдуллаев, М., Бекматова , Ж., & Бактыбек уулу, К. (2022). К вопросам улучшения каналов сбыта продукций сельского хозяйства Кыргызстана в современных условиях – некоторые аспекты проблем и пути их решения. Вестник Ошского государственного университета. Экономика, https://journal.oshsu.kg/index.php/economy/article/view/483
