КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЗЫК-ТҮЛҮК РЫНОГУНУН ИНФРАСТРУКТУРАСЫ: АБАЛЫ, КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА ӨНҮГҮҮ ПЕРСПЕКТИВАЛАРЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2026_1(8)_8%20Ачкыч сөздөр:
азык-түлүк рыногу, айыл чарба, логистика, кайра иштетүү, соода инфраструктурасы, санариптештирүү, азык-түлүк коопсуздугуАннотация
Бул макалада Кыргыз Республикасынын азык-түлүк рыногунун инфраструктурасынын учурдагы абалы, өнүгүү тенденциялары жана негизги өзгөчөлүктөрү комплекстүү түрдө талдоого алынат. Изилдөөдө азык-түлүк рыногунун инфраструктурасы айыл чарба продукциясын өндүрүүдөн тартып аны сактоо, кайра иштетүү, ташуу жана акыркы керектөөчүгө жеткирүүгө чейинки процесстерди камсыз кылган өз ара байланышкан экономикалык, уюштуруучулук жана институционалдык элементтердин тутуму катары каралат. Макалада транспорттук-логистикалык системанын, сактоо инфраструктурасынын, кайра иштетүү тармагынын жана рыноктук механизмдердин өнүгүү деңгээли бааланып, алардын натыйжалуулугуна таасир этүүчү негизги факторлор аныкталат. Ошондой эле тармактагы системалык көйгөйлөрдү жоюуга багытталган практикалык сунуштар иштелип чыгып, инфраструктураны модернизациялоо, агрологистикалык борборлорду түзүү, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү жана санариптик технологияларды кеңири жайылтуу артыкчылыктуу багыттар катары сунушталат. Изилдөөнүн жыйынтыктары азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда жана агрардык сектордун атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү практикалык мааниге ээ.
Библиографиялык шилтемелер
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. (2025). Айыл чарба жана азык-түлүк рыногу боюнча расмий маалыматтар. https://www.stat.kg
Кайрылган датасы: 2026-жылдын 14-апрели.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги. (2021). Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү стратегиясы (2021–2030-жж.). https://www.agro.gov.kg
Абдуллажанова, А. Н. (2023). Макроэкономика: окуу куралы. Бишкек.
Асанов, У. А., Жумабекова, А. Т. (2022). Кыргызстандын агрардык секторунун өнүгүшү. Бишкек: Наука.
Бабаев, Д. М. (2020). Айыл чарба экономикасы. Бишкек: Билим.
Бекбоев Т. Т. (2019). Рыноктук экономика жана агрардык саясат. Бишкек: Илим.
Дыйканбаев, Н. С. (2021). Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн экономикалык негиздери. Бишкек: Экономика.
Жолдошев, М. К. (2022). Логистика жана камсыздоо чынжырларын башкаруу. Бишкек: Турар.
Иманалиев, С. А. (2020). Агрардык рыноктун инфраструктурасы. Бишкек: Илим.
Касымов, Р. Ж. (2018). Аймактык экономика жана рыноктук байланыштар. Бишкек: Полиграф.
Мамбеталиев, Э. А. (2021). Азык-түлүк коопсуздугу жана агрардык саясат. Бишкек: Университет.
Омуралиев, К. Т. (2019). Айыл чарба рыногунун өнүгүү тенденциялары. Бишкек: Билим.
