КӨЧӨТТӨРДҮ ӨСТҮРҮҮНҮН ЖАҢЫ ШАРТТАРЫНДАГЫ ИННОВАЦИЯЛЫК ПИТОМНИКТЕР
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948688_2025_2(7)_1Ачкыч сөздөр:
Климаттык өзгөрүүлөр, экологиялык көйгөйлөр, жерлердин деградациясы, тоолуу аймактар, экосистемалар, антропогендик фактор, жерлерди биорекультивациялоо, инновациялык питомник, интродуценттер, агро-токой иш-аракеттери, экологиялык долбоорлор, инвестициялар жана гранттарАннотация
Бул макалада климаттын өзгөрүшү жана антропогендик таасирдин күчөшү шартында Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүндөгү инновациялык токой жана бакча питомниктеринин ролу каралган. Мамлекеттик программалар, нормативдик-укуктук документтер жана дарак породаларын интродукциялоонун тарыхый тажрыйбасы талдоого алынган. Тоолуу, арчалуу жана жаңгак-жемиш токойлорунун деградациясы, ошондой эле токойду калыбына келтирүү жана шаарларды жашылдандыруу үчүн сапаттуу көчөттөрдүн жетишсиздиги негизги көйгөйлөр катары белгиленет. Инновациялык питомниктерди түзүү, интродукцияланган породаларды пайдалануу, деградацияланган жерлерди биорекультивациялоо жана заманбап агротехнологиялык ыкмаларды киргизүү боюнча көп жылдык илимий изилдөөлөрдүн жана практикалык долбоорлордун жыйынтыктары берилген. Алардын климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашууда, биологиялык ар түрдүүлүктү жогорулатууда жана республиканын тоолуу жана өрөөн аймактарынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда экологиялык, социалдык жана экономикалык мааниси көрсөтүлгөн
Библиографиялык шилтемелер
Аккулов А.У. Проблемы охраны и рационального использования лесных ресурсов юга Кыргызстана. Диссертация на получение научной степени кандидата географических наук. ОшГУ -2002 г.
Ган П.А. Интродукция и лесоразведение хвойных пород в Киргизии. Фрунзе: “Кыргызстан” – 1987. - 52 стр.
Лесному хозяйству КР - 75 лет. История создания и развития. Бишкек, Кыргызское национальное агентство КАБАР.13.09.2022 г.
Радио Sputnik Кыргызстан 07.05.2024 г.
Чуб А.В. Лесные культуры, интродукция и акклиматизация в поясе арчовых лесов Кыргызстана. Бишкек – 2003.
САМР alatoo – 2020. https://www.camp.kg/
