АЛАЙКУУ ӨРӨӨНҮНДӨГҮ ТАШ-БУЛАК ЖАНА ТАМЧЫ-БУЛАК ТАБИГЫЙ СУУ БУЛАКТАРЫНЫН ГИДРОХИМИЯЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948688_2025_1(6)_4Ачкыч сөздөр:
Алайкуу өрөөнү, Терек айылы, табигый булактар, гидрохимиялык режим, жер алдындагы сууларАннотация
Макалада Алайкуу аймагындагы Терек айыл эли ичүүчү максатта жана дарылык максатта колдонуучу Таш Булак жана Тамчы Булак суу булактарынын химиялык касиетинин экологиялык абалы берилет. Суу ресурстарынын ичинен жер астындагы суулар ар кандай пайдаланып суу иштетүү максаттарында колдонулууда алдыңкы орунду ээлейт. Сууну пайдалануунун алдыңкы багыттарынын бири булгануунун ар кандай түрлөрүнөн булак сууларынын жер үстүндөгү сууга салыштырмалуу жакшыраак корголгондугуна байланыштуу ичүүчү суунун сапатынын жогорулугу болуп саналат. Алайкуу өрөөнүндөгү булак түрүндөгү жер астындагы суулар жергиликтүү калк тарабынан бул максаттарга активдүү пайдаланылууда. Белгилей кетчү нерсе, булактардын суусун айыл тургундары ичүү үчүн жалпы адамзаттык керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн да, борборлоштурулбаган суу пайдалануу системасы менен бальнеологиялык максаттарда да пайдаланышат.Учурда Алайкуунун аймагында 100 гө жакын жер астынан чыгуучу табигый булак бар. Эл булакка барып эс алып, ар кандай ооруларды айыктырууга аракет кылышат.Изилдөөчү аймактын жер астындагы сууларындагы микрокомпоненттердин таралышы иш жүзүндө изилдене элек. Жогорку сезгич талдоо методдору, жаңы аналитикалык ыкмалары жана приборлору бар заманбап аналитикалык база суулардагы элементтердин ар кандай деңгээлдерин аныктоо менен ар кандай геохимиялык типтеги суулардын химиялык курамы жана минералдашуусу жөнүндө маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет
Библиографиялык шилтемелер
Кадырова, А., & Молдалиев, Ж. (2025). “Формирование экологических представлений учащихся о минеральных водах в ходе лабораторного занятия”. Вестник Ошского государственного университета, (1), 131–137. https://doi.org/10.52754/16948610_2025_1_11
Каткова, Е.Г., Малолетко А.М. Родники Алтая и их использование, 2013.
Реутова, Н.В., Реутова, Т.В., Дреева Ф.Р. и др. Химический состав родниковых вод высокогорной и среднегорной зоны КБР. Известия Кабардино-Балкарского научного центра РАН № 2 (76) 2017
Пасечник Е.Ю., Льготин В.А., Савичев О.Г. Химический состав родников как индикатор природно-техногенной эволюции городской экосистемы (на примере города томска, юго-восток Западной Сибири) Известия Томского политехнического университета. Инжиниринг георесурсов. 2022
Топчубаев А.Б., Эргешов А.А. Водный баланс и водные ресурсы Алай-Туркестанского хребта и проблемы их рационального использования. - Ош, 2005
СПРАВОЧНИК п о ГИДРОХИМИИ Редактор Т. С. Шмидт.Гидрометеоиздат. 199226.Ленинград, ул. Беринга, д. 38.
