ГЕПТАНДА ЭЛЕКТР УЧКУНДУК ДИСПЕРСТӨӨ МЕТОДУ МЕНЕН СИНТЕЗДЕЛГЕН ТИТАН МЕНЕН V-Mо КУЙМАСЫНЫН ПРОДУКТАЛАРЫНЫН ФАЗАЛЫК КУРАМЫ ЖАНА ТАТААЛ КАРБИДДЕРДИН АБАДАГЫ КЫЧКЫЛТЕК МЕНЕН КЫЧКЫЛДАНЫШЫ (TixVyMoz)C ЖӨНҮНДӨ

Авторлор

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948688_2024_2(5)_10

Ачкыч сөздөр:

электр учкундук дисперстөө, титан, V-Mo куймасы, карбиддердин катуу эритмеси, кубдук торчо, гептан

Аннотация

Рентгенофазалык анализ ыкмасын колдонуу менен гептандагы титан менен V-Mo куймасынын электр учкундук дисперстөө учурунда кубдук түзүлүштөгү татаал карбиддердин (TiхVуМоz)С пайда болоору аныкталган. Татаал карбиддер (TiхVуМоz)C квазибинардык системалар деп эсептесек, анда кубдук түзүлүштөгү титандын монокарбидинде, кубдук түзүлүштөгү татаал карбид (VyMoz)C эрийт. Ti менен V0.9Mo0.1 куйма гептанда электр учкун дисперстөө учурунда пайда болгон татаал карбиддердин курамы (Ti0,65V0,31Mo0,04)C.

Дифференциалдык термикалык анализ ыкмасын колдонуу менен титан менен VyMoz куймасынын биргелешкен электрдик учкун дисперстөө аркылуу синтезделген татаал карбиддердин (TiхVуМоz)C кычкылдануусуна каршы туруктуулугу металлдардын катышына көз каранды экени көрсөтүлгөн. Татаал карбиддердин курамындагы титандын жана молибдендин көбөйүшү менен кычкылданууга каршы туруктуулугу жогорулайт;  Татаал карбиддин (Ti0,65V0,31Mo0,04)C интенсивдүү кычкылдануусу 520°С максималдуу ылдамдыкта кычкылданары аныкталган.

Библиографиялык шилтемелер

Крутский Ю.Л., Гудыма Т.С., Кучумова И.Д., Хабиров Р.Р., Антропова К.А. Карбиды некоторых переходны хметаллов.свойства, области применения и методы получения. Часть 1. Карбиды титана и ванадия (обзор) // Известия вузов. Черная металлургия. 2022. Т. 65. № 5. С. 305–322

Chen H., Yang Q., Wang J., Yang H., Chen L., Ruan J., Huang Q. Effects of VC/Cr3C2 on WC grain morphologies and mechanical properties of WC–6 wt. % Co cemented carbides. Journal of Alloys and Compounds. 2017, vol. 714, pp. 245–250.

Косолапова Т.Я. Карбиды. – М.: Металлургия, 1968. – 209 с.

Холлек.Х.Двойные и тройные карбидные и нитридные систе-мы переходных металлов: Справочник: - М.: Металлургия, 1988. - 319 с.

Сатывалдиев А., Асанов У.А. Электроэрозионный синтез соединений переходных металлов. – Бишкек: КГНУ, 1995. - 187 с.

Асанов У.А. Физико-химические процессы в плазме искрового разряда, создаваемого в жидких диэлектриках. – Бишкек: Кыргызпатент, 2001. – 403 с.

Миркин Л.И. Рентгеноструктурный анализ. Справочное руководство. Получение и измерение рентгенограмм. – М.: Наука, 1976. – 326 с.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-12-02

Кандай шилтеме берүү керек

Абдулазизов, Т., Эркинова, З., & Кайратбек кызы, Д. (2024). ГЕПТАНДА ЭЛЕКТР УЧКУНДУК ДИСПЕРСТӨӨ МЕТОДУ МЕНЕН СИНТЕЗДЕЛГЕН ТИТАН МЕНЕН V-Mо КУЙМАСЫНЫН ПРОДУКТАЛАРЫНЫН ФАЗАЛЫК КУРАМЫ ЖАНА ТАТААЛ КАРБИДДЕРДИН АБАДАГЫ КЫЧКЫЛТЕК МЕНЕН КЫЧКЫЛДАНЫШЫ (TixVyMoz)C ЖӨНҮНДӨ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Химия. Биология. География, (2(5), 79–84. https://doi.org/10.52754/16948688_2024_2(5)_10