СУЛАЙМАН ТООНУН ФЛОРАСЫНДАГЫ КЭЭ БИР ТОПТОГУ ӨСҮМДҮКТӨРДҮН ВЕГЕТАЦИЯЛЫК МЕЗГИЛДЕРИ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948688_2024_2(5)_8Ачкыч сөздөр:
Төмөнкү түзүлүштөгү өсүмдүктөр, жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөр, флора, эңилчектер, мохтор, вегетациялык мезгилдер, кургакчыл шарттарАннотация
Макала Сулайман-Тоодо кездешүүчү кээ бир өсүмдүктөрдүн топторуна: төмөнкү түзүлүштүүлөрдөн эңилчектердин, ал эми жогорку түзүлүштүүлөрдөн мох сыяктуулардын мезгилдик кубулуштарын талдоого арналган. Изилдөөнүн максаты –кээ бир өсүмдүктөрдүн топторунун вегетациялык абалдарына баа берүү. Тоонун аска-таштарынын беттеринде иликтенген топтор мүнөздүү топтолуштарды – ассоцацияларды пайда кылышып, аларда мох сыяктуулар үстөмдүк кылат. Тоонун климаттык шарттарынын кургак жана катаал болгондугуна карабастан аталган өсүмдүктөрдүн топторунун кеңири эле таралгандыгы аныкталды. Жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөрдөн айырмаланып, үйрөнүлгөн топтордун вегетациялык мезгилдери кышкы-эрте жаздагы мезгилдерде өтө интенсивдүү жүрүп, тез эле аяктары такталды. Тоонун түндүк жана түштүк беттеринде аталган топтордун вегетациялык мезгилдери бирдей убуакта башталбайт- түндүк капталдарда 9-12 күн кечигүү менен байкалат. Бул топтогу өсүмдүктөрдүн вегетациялык мезгилдеринин интенсивдүүлүгү жылдык жаан-чачындын санына көз каранды болот. Бриофиттик жана лихенофиттик ассоцияциялар таш беттеринде болгондуктан, башка жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөр менен конкуренцияга учурашпайт.
Библиографиялык шилтемелер
Абдимиталип кызы Д. (2020). Сулайман тоонун флорасын изилдөөгө карата. Магистерская диссертация. Ош. с 47.
Ботбаева М.М. (1984). Фитоценозы Киргизии. Фрунзе.
Ботбаева М.М. (2007). Растительный мир Кыргызстана. Бишкек.
Головкова А.Г. (1984). Путеществие в мир растений Киргизии. Фрунзе: Мектеп.
Климат Кыргызской ССР. (1968). Под общ. ред. З. А. Рязанцевой. Фрунзе: Илим. с 290.
Мамасыдыкова А. З.(2016). Сулайман тоонун өсүмдүктөр дүйнөсү. Магистерская диссертация. Ош. с 48.
Райимберди кызы М. (2020). Сулайман тоодогу жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөрдүн вегетациясынын абалы тууралуу. Магистр. диссертация. Ош. – с 48.
Федченко А.П. (1875). Путешествие в Туркестан. чч.1-2, вып.7. В Коканском ханстве. СПб.-М.
Федченко Б.А. (1912). Растительность Алая и Памира. Пересел. упр. С.Пб.
Жүктөөлөр
Жарыяланды
Версиялар
- 2024-12-02 (2)
- 2024-12-02 (1)