Бул жарыяланган эски версиясы 2024-12-02. Окуңуз эң акыркы версиясын.

КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮ ШАРТЫНДА УРБАНИЗАЦИЯЛАНГАН ЭКОСИСТЕМАЛАРДЫН КАРГА (CORVIDAE) СЫМАЛ КАНАТТУУЛАРЫНЫН БИОКӨПТҮРДҮҮЛҮГҮ

Авторлор

  • Кутманалы Стамалиев Ош мамлекеттик университети
  • Абдиманнап Абдыкааров Ош мамлекеттик университети https://orcid.org/0009-0004-5783-8688
  • Гулипа Доолотова Ош мамлекеттик университети
  • Акматбек Бегматов Ош мамлекеттик университети
  • Мээримгүл Медербек кызы Ош мамлекеттик университети
  • Айнура Абдивали кызы Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948688_2024_2(5)_7

Ачкыч сөздөр:

карга сымалдар, эдификатор, урбанизация, биотоп, ландшафт, экосистема

Аннотация

Макалада, Жер бетинде жүрүп жаткан климаттык өзгөрүүлөрдүн тирүү организмдерге, анын ичинен канаттууларга тийгизген таасирлери иликтенген. Климаттык өзгөрүүлөргө – температуранын жогорулашы, жаан-чачындын деңгээлинин өзгөрүшү, аба-ырайындагы кооптуу кубулуштар, жыл мезгилдеринин өзгөрүшү ошондой эле, климаттык факторлор таандык болуп, бардык тирүү организмдердин, анын ичинен канаттуулардын ареалына, көбөйүшүнө жана миграциялык жолдоруна өзүнүн терс таасирлерин тийгизип жаткандыгы анализденген. Адамзаттын өнүгүү тенденциясынын натыйжасында, урбанизация процесси үстөмдүүлүк кылып, жаратылыштык ландшафттарды артка кайткыс өзгөрүүгө алып келип жаткан учурда шаар экосистемасын байырлаган карга (Corvidae) сымал тукумуна таандык болгон канаттуулар изилденген. Натыйжада, изилденген биотопту байырлаган карга (Corvidae) сымал канаттуулардын түрдүк курамы, абсолюттук сандык көрсөткүчтөрү, доминант жана субдоминаттык абалдарды ээлеген түрлөрү эсептелген жана жыйынтык чыгарылган. Ошондой эле, изилденген объектилердин шаардын биотопторундагы түрлөрүнүн сандык жыштыктары, келип-кетүү мүнөздөрү далилденген. Изилденген биотопто карга (Corvidae) сымал канаттуулардын 6 түрү аныкталган. Сандык көрсөткүчтөрү боюнча: доминантык абалды чаар карга (30,1%), субдоминанттык абалды кара карга (27,3%), ал эми, фондук түрлөрдү: сагызган (18,0%) жана кузгун (14,6%) канаттуулары түзгөндүгү тастыкталган.

Библиографиялык шилтемелер

Blümel, H., Blümel, R. (1980) Wirbeltiere als Opfer des Strassenverkehrs. Abh. Ber. Naturkundemus. Görlitz 54. – Р. 19-24.

Абдыбасы Кызы, А. Кыргызстандын түштүгүндөгү карга (Corvidae) сымалдуулар / А. Абдыбасы Кызы, Г. Б. Абдыкадырова, К. Ы. Стамалиев // Вестник Ошского государственного университета. – 2019. – No. 4. – P. 5-10. – EDN LNVAFY.

Абдыкааров, А.М. (2005). Птицы города Ош и его окрестностей (автореф. дис. ...канд. биол. наук). Бишкек.

Абдыкааров, А. М. Ош шаарында байырлаган синантроптук канаттуулардын жана сүт эмүүчүлөрдүн биомертинтүүчү таасирлери жана алар менен күрөшүү чаралары / А. М. Абдыкааров, Б. М. Жээнбаев, Г. А. Абдраева // Вестник Ошского государственного университета. – 2021. – Vol. 2, No. 2. – P. 96-105. – EDN UUVIUG.

Йост, ван дер Вен. (2002). Птицы Киригизии. Определитель позвоночных животных СССР. Часть 2.

Клаустнитцер, Б. (1990). Экология городской фауны. Москва: Мир.

Кузнецов, Б.Б. (1974). Определитель позвоночных животных СССР. Часть 2.

Кулназаров, Б.К. (2009). “Научные проблемы экологии и охраны природы”, Вестник Ошского государственного университета. (сс. 57-59). Ош.

Наумов, Р.Л. (1965). “Методика абсолютного учета птиц в гнездовой период на маршрутах”, Зоол. журнал: №1. Москва (сс. 81-92).

Стамалиев, К.Ы. (2014). “Синантропные птицы урбанизированных экосистем юга Кыргызстана”. Научный журнал «Фундаментальные исследование». № 11 (часть 5). Москва.

Стамалиев, К.Ы. (2014). Воробьинообразные птицы (Passeriformes) урбанизированных экосистем юга Кыргызстана (автореф. дис. ... канд. биол. наук). Бишкек.

Адыр-талаалар биотобун байырлаган таранчы сымал (Passeriformes) канаттуулар / К. Ы. Стамалиев, К. Манап Кызы, Н. Эртабылды Кызы [et al.] // Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Химия. Биология. География. – 2024. – No. 1(4). – P. 94-106. – DOI 10.52754/16948688_2024_1(4)_13. – EDN LXNOEP.

Хардер, Т., Торопова, В.И., Кулагин, С.В. (2010). Систематический список позвоночных животных Кыргызстана. Бишкек: 2010. – 116 с.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-12-02

Версиялар

Кандай шилтеме берүү керек

Стамалиев, К., Абдыкааров, А., Доолотова, Г., Бегматов , А., Медербек кызы , М., & Абдивали кызы, А. (2024). КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮ ШАРТЫНДА УРБАНИЗАЦИЯЛАНГАН ЭКОСИСТЕМАЛАРДЫН КАРГА (CORVIDAE) СЫМАЛ КАНАТТУУЛАРЫНЫН БИОКӨПТҮРДҮҮЛҮГҮ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Химия. Биология. География, (2(5), 54–63. https://doi.org/10.52754/16948688_2024_2(5)_7

Бул автор(лор)дун эң көп окулган макалалары