КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮГҮНДӨГҮ ХУРМАЛАРДЫН (DIOSPYROS L.) КЭЭ БИР СОРТТОРУНУН ЖАЛБЫРАКТАРЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948688_2024_1(4)_21Ачкыч сөздөр:
хурмалар, сорттор, жалбырактардын анатомиялык түзүлүштөрү, шоколад хурмасы, Түштүк КыргызстанАннотация
Макала хурмалардын (Diospyros L.) кеңири тараган төмөнкү сортторунун: шоколад хурмасы, лимондуу хурма, ромашка хурмасы жана мандарин хурмаларынын жалбырактарынын структуралык өзгөчөлүктөрүнө арналган. Изилдөөнүн жыйынтыгы иликтенген сорттордун багбанчылык райондордо өстүрүлүп, бирдей эле шарттарда кездешкендигине карабастан изилденген органдын ыңгайлануу белгилери боюнча айырмаланары такталды. Бул жашаган чөйрөнүн шарттарына ыңгайлануунун жолдору ар түрдүү болорун көрсөтөт. Хурмалардын кеңири таралган 4 сортторунун дефинитивдик жалбырактарынын анатомиялык түзүлүштөрүн салыштыруудан төмөндөгүлөрдү белгилөөгө болот. Жалбырак пластинкасын түзгөн элементтер, алардын жайгашуусу, клеткаларынын формалары, мезофилдин палисаддык жана борпоң паренхимага адистениши бардык сорттордо негизинен окшош.
Библиографиялык шилтемелер
Габибов. Т. Г. Пост и плодошения интродицурованных сортов хурмы восточной в Южном Дагестане" /Дисс. Канд. С.х.наук [Текст] //Т.Г. Габибов. М. 2012.
Жизнь растений, т. 5 (2). [Текст] //Под ред. А.Л.Тахтаджяна. –М. 1981.с. 100-101.
Мамурович, Г.С. Физиологические особенности субтропических культура в условиях Таджикистана. Автореф. дисс. р-ра наук. [Текст] //Г.С.Мамурович. 1998.
Орипов А.Хурмо етиштириш технологиясы [Текст] // А. Орипов. – Тошкент. 2013.
Пахомова Г. М. К методике просветления листьев хлопчатника для анатомических исследований [Текст] /М.Г. Пахомова //Докл. АН УзССР. –1963. –№11. –С. 45-50.
Сурхаев Г.А. Продукционный потенциал хурмы виргинской в листосборных насаждениях [Текст] /Г.А. Сурхаев, Г.М. Сурхаева // Научное обозрение. Биологические науки. – 2018. – № 2. – С. 21-26;
Черняев В.П. Культура хурмы в Крыму и на Юге Украине [Текст] /В.П. Черняев -Киев. 2012. с. 104-108.