КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮГҮНДӨГҮ ТООЛОРДУН ӨСҮМДҮКТӨРҮН БИЙИКТИК АЛКАКТУУЛУГУ ЖАНА АНЫН ТИПТЕРИНИН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948688_2024_1(4)_14Ачкыч сөздөр:
алкак, бийиктик, сарамжалдуу, аймак, каптал, антропоген, тип, секторАннотация
Макалада Кыргызстандын географиясы предметине таандык тоолорундагы өсүмдүктөрдүн алкактуулугу жана аларды сарамжалдуу колдонуу менен өсүмдүктөрдү пайдалануу маселелери каралды. Изилдөөнүн максаты болуп, тоо капталындагы өсүмдүктөрдүн фитогеографиялык өзгөчөлүктөрүн салыштырып изилдөө саналат. Аймактагы вертикалдык алкактарды үйрөнүүдө системалуу иликтөө методу колдонулду. Кыргызстандын физикалык географиясы предметине таандык Кыргызстандын түштүгүндөгү тоолорундагы өсүмдүктөрдү типтерге бөлүштүрүү жана фитогеографиялык жактан сарамжалдуу пайдалануу эрежелери такталып, аларды практикада пайдалануу багыты эсепке алынды. Жыйынтыгында тоолордогу өсүмдүктөрдүн типтери боюнча аларды сарамжалдуулуктун негизинде өсүмдүктөрдөн туура пайдалануунун жолдору сунушталды. Материалда изилденүүнүн назариялык жана усулдук негиздерин фитогеография, табигый география предмети жаатында эмгектенген илимпоздордун илимий жана усулдук иштелмелери түздү. Алардын катарына Н.А. Северцов, А.Н. Краснов, С.Н. Коржинский, Б.А. Федченко, И.В. Выходцев, Е.М. Лавренко, С.Я. Соколова өңдүү окумуштуулардын концептуалдык изилдөөлөрү менен тыгыз байланышта аткарылды. Илимий макала аймактын өсүмдүк ресурстарын туура пайдаланууда ар кандай мамлекеттик программаларда жагымдуу натыйжаларын кошо кароого илимий негиз боло алат.
Библиографиялык шилтемелер
Жапаров С. Жаңы Кыргызстанды куруунун багыттары. Бишкек “Принт-экспресс”, 2023. 38-39 б.
Исмаилов К. Кыргызстандын тоолуу жайыттарын сактоонун жолдору [Текст] / К. Исмаилов. – Ф.: «Кыргызстан», 1990. – 120 б.
Ботбаева М.М. Растительный мир Кыргызстана [Текст] / М.М. Ботбаева. Учебник для вузов. – Б.: «Айат», 2007. – 520 с.
Матикеев Т.К., Шербаева З.Э. Теңир Тоонун бийиктик алкактарынын калыптануусунда тосмолуулуктун таасири. ОшМУнун жарчысы, 2020. №2. 144-145б.
Свешникова В. М., Водный режим растений и почв высокогорных пустынь Памира. –Труды БОТ. ин-а. Тадж. ССР, 1962, стр. 180-190.
Тороев А.М., Ландшафты Алайского хребта и их антропогенные модификации: автореф.. дис. канд.геогр.наук. – Бишкек, 2003. С-6-10
Алиев М.А. Тоо климаты жана организм [Текст] / М.А. Алиев. – Ф.:1968.-76б.
Низамиев А.Г., Култаева А.К. Кыргызстандын түштүк аймагынын табигый - туристтик потенциалын баалоонун геоэкологиялык маселелери. [Текст] А.К. Култаева. – Б.: «Улуу тоолор», 2017. – 168 б.
Окружающая среда в Кыргызской Республике 2008 – 2012. – Б.: 2013. -59 с.
Кулматов Т., Шакирбеков Д. Жаратылыш жабыркабасын. Ф, “Кыргызстан” 1988. 63-65б.
Матикеев, Т. К. Теңир-Тоонун (Тянь-Шань) аймагын секторлорго бөлүү көйгөйү / Т. К. Матикеев // Вестник Ошского государственного университета. – 2021. – No. 1-2. – P. 114-122. – DOI: 10.52754/16947452_2021_1_2_114. – EDN: TKHKXC.