ТҮРКСТАН КЫРКА ТООСУНУН АЙМАГЫНДА КЕЗДЕШҮҮЧҮ ДАРЫ ӨСҮМДҮКТӨРДҮН КЭЭ БИР ТҮРЛӨРҮНҮН РЕСУРСТУК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948688_2024_1(4)_11Ачкыч сөздөр:
Түркстан кырка тоосу, дарак-бадалдар алкагы, субальпы алкагы, альпы алкагы, дары өсүмдүктөр, түр, тукум, урууАннотация
Макала Түркстан кырка тоосунун аймагында кездешүүчү дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн 17 түрүнүн учурдагы абалын окуп үйрөнүү менен дарылык чийки заттарды өндүрүүгө карата ресурстук мүмкүнчүлүктөрүнө баа берүүгө арналган. Үйрөнүлгөн түрлөрдүн ичинен Adiantum capillus-veneris түрүнүн биологиялык массасы өтө аз болгондуктан жана Allium karataviense түрү сейрек кездешкендиктен ресурстары жокко эсе. Дарылык препараттарды жасоо үчүн колдонулуучу чийки затынын булагы катары ресурстук мүмкүнчүлүгү Ephedra intermedia түрүндө салыштырмалуу жогору, анын чийки затты өндүрүмдүүлүгү эсепке алынган аймак үчүн жылына орточо эсеп менен 8200 кг ды түзөт. Ушул көрсөткүч боюнча Anthoxanthum alpinum (3400 кг) жана Clematis orientalis (4200 кг) дагы тигил же бул деңгээлде ресурсу бар түрлөрдүн катарын толукташат. Калган түрлөрдүн ресурстук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп саналышат, алардын жылдык өндүрүмдүүлүктөрү 300 кг дан (Oxygraphis glacialis) 1700 кг га чейин (Milium effusum) өлчөмдү түзүшөт. Бул дары өсүмдүктөрдү катуу көзөмөлдүн алдында гана практикада колдонууга жол берилиши мүмкүн.
Библиографиялык шилтемелер
Абжапарова, А.М. Кыргыз-Ата Мамлекеттик жаратылыш паркындагы дары-дармек өсүмдүктөрдүн түрдүк составы / А. М. Абжапарова // Вестник Ошского государственного университета. – 2021. – No. 1-2. – P. 7-19. – DOI: 10.52754/16947452_2021_1_2_7. – EDN: CJZSFF.
Ганыбаева, М. Р. (2010). Флора междуречья Исфана и Ляйляк (сев. склон Туркестанского хребта). Автореф. дисс. ... канд. биол. наук. Бишкек.
Коланов О. (2021). Фармакогнозия. Учебник для студентов медицинских колледжей с грифом МОиН КР. Ош.
Никитина Е.В. и др. (1950-1957). Флора Киргизской ССР. Определитель растений Киргизской ССР. Т. I, II, III, IV, V, VI. Фрунзе: издательство АН Киргизской ССР.
Лазьков Г.А., Султанова Б.А. (2014). Кадастр флоры Кыргызстана. Сосудистые растения. Бишкек.
Определитель растений Средней Азии. Критический конспект флоры Средней Азии (1968-1971). Том I, II. Ташкент: Издательство “Фан”.
Растительные ресурсы СССР: Цветковые растения, их химический состав, использование; Семейства Hydrangeaceae-Haloragaceae. Под ред. П.Д.Соколова (1987). Ленинград: Наука.
Шайбек Кызы, С. Кыргыздардын элдик дарыгерчиликте “күчала” өсүмдүгүн пайдалануусу / С. Шайбек Кызы, А. М. Абдиева // Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Тарых. – 2023. – No. 1(2). – P. 57-61. – DOI: 10.52754/1694867X_2023_1(2)_7. – EDN: SWQKPT.
Moldaliev, Zh. T. Truths and misconceptions of the plants used in traditional medicine / Zh. T. Moldaliev, H. Ozdemir // Bulletin of Osh State University. – 2023. – No. 3. – P. 1-7. – DOI: 10.52754/16948610_2023_3_1. – EDN: LAVRTJ.