АЗОЛЛА КАРОЛИНАНЫН БИОЭКОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ ЖАНА СЕЗОНДУК КӨБӨЙҮҮСҮ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948688_2024_1(4)_2Ачкыч сөздөр:
азолла каролина, вегетативдик көбөйүү, биомасса, суу өсүмдүгү, мезгил, симбиозАннотация
Кыргызстандын шартында Azolla cаroliniana вегатативдик жол менен көбөйөт. Энелик өсүмдүктүн жанындагы бутактары жетилип, оңой эле энелик денеден ажырайт. Ажыраган каптал бутактар суунун агымы менен таркалып, өз алдынча өсө башташат. Март, апрель айларында 1 суткада орточо 65-80 г/м2 биомассаны пайда кылат. Апрелдин аягы, май, июнь айларында 110 г/м2 тартып 185-190 г/м2 биомассаны пайда кылат. Azolla саroliniana Willd. нын максималдуу көбөйүү, өсүү мезгили болуп июль, август, сентябрь айлары саналат. Бул мезгилде азолла суу бетин килемдей каптап калат. Октябрь, ноябрь айларында өсүмдүктүн жалбыракчалары жашыл түстөн кочкул кызыл түскө өтүп, тамыр-сабактары кыскара баштайт. Споралары суунун агымы, канаттуулардын жардамында, антропогендик таасирлерде таралат. Декабрь, январь, февраль айларында камыш, рогоздордун арасында калган азолла өсүүсүн токтотпойт.
Библиографиялык шилтемелер
Каримов Б. А., Абдырахманова Ж. С. Особенности вегетативного размножения и роста Wolffia arrhiza и Azolla caroliniana в условиях юга Кыргызстана //Международный журнал гуманитарных и естественных наук. – 2024. – №. 2-2 (89). – С. 7-11.
Каримов Б. А., Абдырахманова Ж. С., Исраилова Г. С. Использование биомассы Azolla caroliniana Willd. в птицеводстве // Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. 2022. №1. С. 49-52. EDN MCRVKF. https://doi.org/10.26104/NNTIK.2019.45.557
Каримова Б.К., Абдырахманова Ж.С. Сведения о биоразнообразии папоротникообразных Кыргызстана //ББК 1 Н 34. – 2019. – С. 369.
Каримова Б.К. Кыргызстандын суу өсүмдүктөр дүйнөсү. Бишкек, 2014.
Махлин М. Д., Сурова Т. Д. Семейство азолловые (Azollaceae) // Жизнь растений. М.: Просвещение, 1978. Т. 4. С. 251-254.
Нгуен Хну Тхыок. Фотосинтез и азотфиксация в симбиотической системе Azolla Anabaena azollae. – Москва: Наука, 1988. – 148 с.
Lumpkin T. A., Plucknett D. L. Azolla: botany, physiology, and use as a green manure // Economic Botany. 1980. V. 34. P. 111-153. https://doi.org/10.1007/BF02858627