САРКЕНТ МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНДА БАЙЫРЛАГАН ЧЫЧКАН СЫМАЛ КЕМИРҮҮЧҮЛӨРДҮН ТҮРДҮК КУРАМЫ ЖАНА САНДЫК БӨЛҮШТҮРҮЛҮШҮ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948688_2023_2(3)_2Ачкыч сөздөр:
Чычкан сымал кемирүүчүлөр, түрдүк курам, доминанттык түрлөр, субдоминанттык түрлөр, синантроптук түрлөр, табигый ландшафт, антропогендик–селитебдик ландшафт, агроценоздорАннотация
Маанилүүлүк. Бул макалада Саркент мамлекеттик жаратылыш паркында байырлаган чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн 8 түрүнүн (Dryomys nitedula, Microtus arvalis, Ellobius tancrei, Apodemus sylvaticus, Mus musculus, Rattus turkestanicus, Rattus norvegicus, Alticola argentatus) 6 ландшафт (шагал таштуу тоо боорлору, арча токойлор, бадалдуу токойлор, табигый жээк экотондору, антропогендик селитебдик ландшафттар жана агроценоздор) боюнча сандык бөлүштүрүлүшүн изилдөө жыйынтыктары баяндалды. Изилдөө жыйынтыктары чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн ичинен доминанттык орунду Apodemus sylvaticus (28,12±3,97%), ал эми субдоминанттык орунду Rattus turkestanicus (25,0±3,83%) жана Rattus norvegicus (15,62 ± 3,21) ээлегендиги тастыкталды. Ландшафттар боюнча кемирүүчүлөрдүн түрдүк курамы арча токойлорунда басымдуулук кылып, 6 түрдүн байырлагандыгы жана алардын пайыздык үлүшү 29,69±4,04 ди көрсөттү. Парктын аймагында байырлаган чыгыш сокур момолоюнун (Ellobius tancrei) тыгыздыгын аныктоонун жыйынтыгы орточо эсеп менен 1 га аянтка 28-30 особь туура келээрин көрсөттү. Бул түр негизинен парктын төмөнкү аймактарында гана катталды.
Библиографиялык шилтемелер
Айзин Б.М. Грызуны и зайцеобразные Киргизии: (Экология, роль в поддержании природных очагов некоторых заболеваний) / Б.М.Айзин. Фрунзе: Илим, 1979. 200 с.
Атабеков У.А. Түштүк Кыргызстандагы чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн фаунасы. Дисс. автореф …биол.илимд.канд. –Бишкек, 2013. -24б.
Кадастр генетического фонда Кыргызстана: том IV. Тип Chordata – хордовые. Б., 2015. -128 с.
Кулназаров Б.К. Млекопитающие юга Кыргызстана, проблемы их охраны / Б.К.Кулназаров; Биол.-почв. ин-т Нац. АН Кырг. Респ. Бишкек: Б.и., 2008. 216 с.
Кулназаров Б.К. Материалы к изучению млекопитающих на преобразованных ландшафтах Южного Кыргызстана / Б.К. Кулназаров, Г.А.Садыкова //Актуальные экологические проблемы Кыргызстана: Материалы Респ. науч. конф.- Ош, 1993.- С. 38-39
Кучерук В.В. Количественный учет важнейших видов грызунов и землероек [Текст] / М.: Мир, 1986.- 376 с.
Матибали уулу, Ш., Алижанова, Д., & Абжамилов, С. (2022). “Саркент” МЖПнын аймагындагы жылаңач манжа сур геккондун (Gymnodactylus russowi str.) таралуусу. Вестник Ошского государственного университета. Химия. Биология. География, (1), 51-57. https://doi.org/10.52754/16948688_2022_1_7. EDN: JJPMOW.
Млекопитающие Киргизии /Янушевич А.И., Айзин Б.М., Кыдыралиев А.К. и др.; [Текст]. Отв. ред. Громов И.М., Янушевич А.И. Фрунзе: Изд-во Илим, 1972. 464с.
Нурлан Кызы, Ж., Мажитова, С., Абжамилов, С.Т. (2019). “Саркент” МЖПнын аймагындагы жылаңач манжа сур геккондун (Gymnodactylus russowi str.) таралуусу. Вестник Ошского государственного университета, No.4, сс. 31-35. EDN: PCZORU.
Северцов Н.А. Краткий отчет о памирских исследованиях и общих научных результатах Ферганской ученой экспедиции / Н.А.Северцов // Изв. рус. геогр. о-ва. Пб., 1879. Т.15. С. 36.
Систематический список позвоночных животных Кыргызстана. Б., 2010. 116 с.
Жүктөөлөр
Жарыяланды
Версиялар
- 2023-12-15 (2)
- 2023-12-15 (1)