ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ МЕКТЕПТЕРДЕ ХИМИЯ ПРЕДМЕТИНЕН 8-9-КЛАССТАР ҮЧҮН ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН КЭЭ БИР ТЕМАЛАРЫНА СУНУШТАР

Авторлор

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948688_2023_2(3)_1

Ачкыч сөздөр:

элемент, атом, валенттүүлүк, кычкылдануу даражасы, химиялык формула

Аннотация

Маанилүүлүк. 8-класста “Валенттүүлүк” деген темада кычкылтектин үч валенттүү бирикмелери (H3O+ жана ис газы СО) бар экендигин ушул темага жазууну сунуштайбыз. “Кислоталар” деген темада H3PO2 бир негиздүү, H3PO3 эки негиздүү экендигин белгилеп өтүү зарыл. Суудагы эритмеде суутек иону (Н+) түрүндө жазуунун ордуна гидроксония ионун (H3O+) жазууну жана “Элементтердин кычкылдануу даражалары” деген темага атомдордун кычкылдануу даражаларынын мааниси валенттүүлүккө дал келбеген бирикмелердин химиялык формулаларын жазууну сунуштайбыз. Жогорку окуу жайлар үчүн жазылган окуу китептерде кычкылдануу даражаларынын мааниси валенттүүлүккө дал келбеген бирикмелер боюнча маалыматтар жазылган. Жогорудагы темаларга сунушталган пикирлер жалпы билим берүүчү мекемелерде химия предмети жазылган окуу китептеринде болсо, жогорку окуу жайда “жалпы химия” жана “органикалык эмес химия” предметтерди окуганда студенттерде кайчы пикир жаралбайт.

Библиографиялык шилтемелер

Батыралиев А. Билим берүүнүн жаңы моделин түзүүнүн педагогикалык негиздери. ОшМУнун жарчысы, 2020, 64-68.

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы. https://www.gov.kg/ky/programs/8.

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында 8-9-класстары үчүн «ХИМИЯ» боюнча предметтик стандарты https://kao.kg/wp-content/uploads/2020/10/

Химия: орто мектептин 8-кл.үчүн окуу китеби / С. Исмаилова, Ж. Маматкулова, З. Женалиева, Б.Жакышова. Бишкек. Билим-компьютер басмасы. 2009.168 б.

Химия: орто мектептин 8-кл.үчүн окуу китеби / Б.Рыспаева, К.Р. Рысмендеев, Т.Т. Кудайбергенов Бишкек. Инсанат. 2013. 208 б.

Химия: орто мектептин 8-кл.үчүн окуу китеби /Б.М. Кособаева. Бишкек: Шам 1999.168 б.

Химия: орто мектептин 9-кл. үчүн окуу китеби / К.С. Сулайманкулов, Б.М.Кособаева 2-бас., толук. Бишкек. Билим, 2006. 176 б.

Химия: справ. изд./ В. Шретер, К.Х. Лаутеншлегер, Х. Бибрак и др.: Пер. с нем._М.: Химия,1989,-Пер.изд.: ГДР, 1986, 648с.

Общая и неорганическая химия: учеб. пособие для.вузов /Я.А.Угай.-4-е изд.,стер.-Высш. шк, 2004. 527с.

Общая химия: учеб. пособие для.вузов / Н.Л.Глинка. Л.: 1986. 704с.

Мурзакулова, Н.А., Турдубаева, Г.Т. (2020). Орто кесиптик окуу жайларындагы медициналык колледждин фармация адистигиндеги студенттерге химияны кесипке багыттап окутуунун жолдору. Вестник Ошского государственного университета, No. 1-4, сс. 178-181. EDN: CXQPJE.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2023-12-15 — Жаңыланды 2023-12-15

Версиялар

Кандай шилтеме берүү керек

Абдулазизов , Т., Кайратбек кызы , Д., & Гуламова , Т. (2023). ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ МЕКТЕПТЕРДЕ ХИМИЯ ПРЕДМЕТИНЕН 8-9-КЛАССТАР ҮЧҮН ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН КЭЭ БИР ТЕМАЛАРЫНА СУНУШТАР. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Химия. Биология. География, (2(3), 1–6. https://doi.org/10.52754/16948688_2023_2(3)_1