Ачык жеткиликтүүлүк саясаты жана архивдөө

«Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Айыл чарба: агрономия, ветеринария жана зоотехния» бул толугу менен ачык ресурс. Макалаларды кирүү же каттоодон өтүү сыяктуу шарттарсыз окуу жана жүктөп алуу акысыз. Журнал илимий изилдөөлөргө эркин кирүү дүйнөлүк билим алмашууну күчөтөт деген принцип боюнча анын мазмунуна дароо ачык кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Окурмандар жана авторлор журналдын учурдагы санынын электрондук версияларын жана өткөн жылдардагы архивдерди журналдын сайтынан ээн-эркин көрүп, жүктөп ала алышат. Журналдын бардык басылмалары электрондук түрдө бекер жана Creative Commons Attribution License (CC BY-NC 4.0) шарттарына ылайык чектөөсүз таратылат.

"Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Айыл чарба: агрономия, ветеринария жана зоотехния" журналы DOAJ ачык жеткиликтүүлүктүн талаптарын аткарат, бул бардык материалдардын толук тексти кечиктирбестен эркин жана ачык жеткиликтүүлүгүн билдирет:
- эмбарго мөөнөтү жок;
- колдонуучулардын мазмунду окуу үчүн каттоодон өтүшүн талап кылбайт;
- журналдын басма версиясы үчүн акы алууга уруксат берилет.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, караңыз Автордук укук жана лицензиялоо.

Журнал BOAI Будапешт демилгесинде иштелип чыккан ачык жетимдүүлүк саясатын карманат жана өзүнүн контентине ачык кирүү мүмкүнчүлүгүн берип, дүйнөлүк деңгээлде билим алмашууга жана изилдөө натыйжаларын жайылтууга жардам берет. Журнал жарыяланган материалдардын максималдуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу саясатын жүргүзөт. Журналдын баардык контенти интернетте окуу, жүктөп алуу, көчүрүү, жайылтуу, басып чыгаруу үчүн ачык. Ар бир колдонуучу сайт ичинде издөө жасап, макалалардын толук текстине шилтеме жасай алат же аларды, эч кандай каржылык, юридикалык же техникалык тоскоолдуктар болбосо, башка мыйзамдуу максаттарда колдоно алат.

Ошондой эле журналдын сайтында журналдын ишмердүүлүгү тууралуу авторлор жана окурмандар үчүн зарыл болгон маалыматтар бар: басып чыгаруу шарттары, кол жазмага коюлган талаптар жана аны журналга жөнөтүү жолдору, журналдын түзүүлүү жана кол жазмалардын рецензиялоо тартиби, жарыялоо этикасы, редколлегия жөнүндө маалымат, илимий редактордун жана жооптуу катчынын байланыш маалыматтары.