Балдын сапатынын лабораториялык көрсөткүчтөрү жана жасалмаланган продукциянын калктын ден-соолугуна тийгизген таасири

Авторлор

  • Нуркамал Турсунбекова TES- окуу жана айыл чарба консультациялык борборунун кызматкери
  • Эрнис Бепиев Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору
  • Рахима Муратова Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948696_2023_3_3

Ачкыч сөздөр:

балчы, бал, экспертиза, тамак-аш продуктусу, коопсуздук, шайкештик сертификаты, керектөөчү

Аннотация

Изилдөө макаласында табигый балдын дарылык касиеттерин тастыктаган лабораториялык мүнөздөмөлөрү жана башка техникалык стандарттары каралат. Мындай анализди аарычылар көбүнчө түшүмүн экспортко сатууда жасашат. Өлкөдөн экспортко чыгуу үчүн бал жана балчылык продукциялары эл аралык стандарттын талаптарына жооп берип, аккредитацияланган лабораторияларда текшерүүдөн өтүшү керек. Көбүнчө өлкөнүн ички рыногунда мындай анализден өтпөгөн жана тамак-аш продуктусу катары шайкештик сертификаты жок бал калат. Анткени балчыга жогорку ишеним арткан ата-мекендик керектөөчүлөр таттуу продуктуну атайын документтерди талап кылбастан эле бал челектен, стихиялуу базарлардан же соода түйүндөрүнөн сатып алышат. Сурамжылоого ылайык, аары продуктуларын тандоонун негизги критерийи болуп сатып алуучулар жытын жана илешкектүүлүгүн белгилешкен, алар балдын табигыйлыгын, накатлыгын көрсөтөт деген ойдо. Бирок азык-түлүк продуктусунда антибиотиктердин же башка заттардын болушу мүмкүн болгон факт аз гана сатып алуучуларды тынчсыздандырат.

Библиографиялык шилтемелер

Захарова Н.И. Советы покупателю при выборе меда. — М.: Просвещение, 2004.

Заикина В.И. Экспертиза меда и способы его фальсификации: Учебно-методическое пособие. — М.: Знание, 1999.

Стряпунин И.А. Полезное о меде. — М.: Знание, 2003.

Тарасов Е.Я. Эффективное пчеловодство: Все о домашнем пчеловодстве. — Ростов н/Д.: Изд. дом «Владис», М.: Изд. дом «РИПОЛ Классик», 2007.

Чепурной И.П. Заготовка и переработка меда. — М.: Агропромиздат, 1987.

ГОСТ 19792-2017 Мед натуральный. Технические условия//М.: Стандартинформ, 2017 год.

Ишенбаева Н.Н., Керималиев Ж.К., Абдурасулов А.Х., Палинологическая характеристика монофлорных медов республики Кыргызстан, Вестник Башкирского государственного аграрного университета. 2021. № 1 (57). С. 68-72.

Шарипов А., Абдурасулов А.Х., Бахтиори С., Бехрузчон Ш., медовые ресурсы, нектарные цветы и некоторые медовые растения, Вестник Ошского государственного университета. 2021. № 1-2. С. 483-489.

Шарипов А., Бахтиери С., & Улугов О. (2023). Естественное роение и летная активность пчел. Вестник Ошского государственного университета. Сельское хозяйство: агрономия, ветеринария и зоотехния, (2 (3), 116-121. https://doi.org/10.52754/16948696_2023_2_15 DOI: https://doi.org/10.52754/16948696_2023_2_15

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2023-09-29

Кандай шилтеме берүү керек

Турсунбекова, Н., Бепиев, Э., & Муратова, Р. (2023). Балдын сапатынын лабораториялык көрсөткүчтөрү жана жасалмаланган продукциянын калктын ден-соолугуна тийгизген таасири. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Айыл чарба: агрономия, ветеринария жана зоотехния, (3(4), 27–34. https://doi.org/10.52754/16948696_2023_3_3