Кадимки сүлөөсүндүн жамбаш муунунун бүгүүчү булчуңдарынын анатомиялык-топографиялык өзгөчөлүктөрү
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948696_2023_2_4Ачкыч сөздөр:
кадимки сүлөөсүн, жамбаш мууну, арткы аяк, булчуӊдарАннотация
Макалада, адабиятта жок болгон, «жөнөкөй сүлөөсүндүн» жамбаш муунду бүгүүчү булчуӊдардын (флексорлордун) анатомдук өзгөчөлүктөр көрсөтүлөт. Белдин чоӊ булчуӊу, бакын, такым жана кыргак булчуӊдардын бекилген жерлери аныкталып такталды. Илимий изилдөөлөр К.И.Скрябин атындагы Москванын ветеринардык медицина жана биотехнология мамлекеттик академиянын, профессор А.Ф. Климов атындагы анатомия жана гистология кафедрасында жүргүзүлдү. Изилдөөлөр үчүн материалы катары секциалык материал колдонулду – арткы аяктар (n=6). Буларды таяныч-кыймылдаткыч аппараты сырткы күрүнүшүндө патологиясыз (соо) белгилери менен, жөнөкөй сүлөөсүндөрдөн алынды. Бинокулярдык лупа «Микромед HR 350 S» жардамы аркылуу, кылдаттык менен макро- жана микроанатомиялык кесүү (препарациялоо) ыкмалар колдонулду. Мындан кийин изилдеп жаткан түзүлүштөрдү функционалдык сындоо (анализи) жана булчуӊдардын учтарынын бекилишинин скелетотопиялык проекциялышы жүргүзүлдү. Бул менен бирге, жамбаш сөөктүн үстүндө анатомиялык түзүлүштөрдүн топикалык өзгөчөлүктөр такталды – «чаткаяк сөөктүн ортолук бодуракайы», «кыргак булчуӊдун кошумча карынчасынын краниалдык бодуракайы»; кашка сооктун устундо – «кыргак булчундун бодуракайы» ж.б. Сүлөөсүндүн жамбаш муунга бүгүү таасирин тийгизген булчуӊдардын комплекс түрдө болгону аныкталды – сандын жазы чарымынын чыйрылткычы, бакын-бел, такым жана кыргак булчуӊдары. Сандын жазы чарымынын чыйрылткычы, сандын төрт ача булчуӊдун чарымы менен ылдыйкы (дисталдык) бөлүгүндө өсүшүп кетишет. Ушул менен бирге төрт ача булчуӊга кысуу (прессордук) таасирин тийгизишет жана тизе муундун жазылышына жардамдашат. Изилденген булчуӊдардын такталган анатомиялык өзгөчөлүктөрдү жөнөкөй сүлөөсүндүн жамбаш муунду бугуучу булчуӊдардын структуралык-функционалдык абалын сындоодо эталон катары тааныса болот.
Библиографиялык шилтемелер
Бойд Дж. Цветной атлас «Топографическая анатомия собаки и кошки»: Пер. с англ. – М.: Скорпион, 1998 – 190 с.: ил.
Слесаренко Н.А. Морфофункциональные особенности строения мышц коленного сустава в зависимости от механизма статолокомоторного акта / Н.А. Слесаренко, Е.О. Широкова, В.А. Иванцов // Иппология и ветеринария. – 2022. - № 1 (43). – С. 160-167.
Слесаренко Н.А. Макроморфологическая характеристика мышц тазобедренного сустава у благородного пятнистого оленя/ Н.А.
Слесаренко, Э.О. Оганов, Е.О. Широкова, В.А. // Известия Самарской государственной сельскохозяйственной академии. – 2023. - № 1. – С.63-71.
Ellenberger W., Baum H., Dittrich H. – Atlas of Animal Anatomy for Artists. Leipzig, 1956, Band 4, 2 Aufl, Fig 3, 6.
Hill, s. Atlas of veterinary clinical anatomy. Hill,s Pet Products, 2003., 102 p. (сайт eKnigi.org.).
Jacob Reighard and H.S.Jennings. – Anatomy of the cat. Henry Holt and Company. New York, 1901. DOI: https://doi.org/10.5962/bhl.title.54000