Европалык эликтин жамбаш муунуна, сандын арткы жаздыргыч таасирин тийгизген топ булчундардын анатомиялык-топографиялык өзгөчөлүктөрү
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948696_2023_1_9Ачкыч сөздөр:
Европалык элик, жамбаш мууну, арткы аяк, булчуӊдарАннотация
Макалада жеткиликтүү адабиятта жок маалыматтар Европалык эликтин жамбаш муунга, сандын арткы топтогу жаздыргыч таасирин тийгизген булчуӊдардын анатомиялык өзгөчөлүктөрү көрсөтүлөт. Илимий изилдөөлөр К.И.Скрябин атындагы Москванын ветеринардык медицина жана биотехнология мамлекеттик академиянын, профессор А.Ф. Климов атындагы анатомия жана гистология кафедрасында жүргүзүлдү. Изилдөөлөр үчүн материалы катары секциалык материал колдонулду – арткы аяктар (n=6). Буларды таяныч-кыймылдаткыч аппараты сырткы күрүнүшүндө патологиясыз (соо) белгилери менен, курагы жетилген Европалык эликтерден алынды. Европалык эликтин көчүк дөмпөктүн анатомиялык түзүлүшүнүн топикалык өзгөчөлүктөрү аныкталды – дорсалдык, латералдык жана вентралдык урчуктары. Эликтин вентралдык урчугу дорсалдык урчугунан ылдыйраак жана бир аз медиалдуу жайгашат, ошондуктан аны вентралдык урчугу деп атаганга толук укугу бар. Көчүк сөөктүн ылдыйкы бетинде «сандын чарчы булчундун аянтчасы жана сызыгы» бар. Кашка сөөктүн төмөнкү үчтүн биринде, анын медиалдык бетинде – «камчы булчуӊдун сызыгы жана аянтчасы» бар, ал эми ушул сөөктун проксималдык жакта, кичине имерчектин латералдык бетинде – «сандын чарчы булчуӊдун тарамышынын аянтчасы» бар экен.
Библиографиялык шилтемелер
Анатомия северного оленя: Учебник/ А.И.Акаевский. – Ленинград: Издательство Главсеверморпути, 1939. – 329 с.
Анатомия домашних животных/ И.В.Хрусталёва, Н.В.Михайлов, Я.И.Шнейберг и др.; под ред. И.В.Хрусталёвой. – 3-е изд., испр. – М.: Колос, 2000. – 704 с.: ил. – (Учебники и учеб. пособия для высш. с.-х. учеб. заведений).
Оленеводство: Учебник/ А.И.Чикалёв, Ю.А.Юлдашбаев, Г.В.Родионов. – М.: КУРС: ИНФРА-М, 2016. – 110 с. – (Высшее образование: Бакалавриат).
Слесаренко Н.А. Морфофункциональные особенности строения мышц коленного сустава в зависимости от механизма статолокомоторного акта / Н.А. Слесаренко, Е.О. Широкова, В.А. Иванцов // Иппология и ветеринария. – 2022. - № 1 (43). – С. 160-167.
Чернявский М.В. Анатомо-топографические основы технологии, ветеринарно-санитарной экспертизы и товароведческой оценки продуктов убоя животных. / Справочник, - М.: типография ОАО «Внешторгиздат», 2002, 376 с.
Ellenberger W., Dittrich H., Baum H. An Atlas of Animal Anatomy for Artists 2nd revised ed. – New York: Dover Publications, 1956. – 151 p.